Өмүрбек Суваналиев "НБТ" каналынын түз эфиринде

"Өз позициямдан эч качан тайган эмесмин"
5-июлда "НБТ" каналынын кечки түз эфирине "Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Ө.Суваналиев көрүүчүлөрүнүн суролоруна жооп берди. Ошол туз эфирдеги Ө.Суваналиевдин жоопторунун урунтуу жерлерин берүүгө аракет жасадык.

"Бириккен фронт" митингисинде...
- Урматтуу телекөрүүчү "Бакиевдин тушунда көп кызматта иштедиңиз, ошондо эмнеге ачуу чындыкты ачкан жоксуз" деп жатпайбы. Канча ирет чындыкты жеткизүүгө аракет жасадык, бизди укпаганда митингдерди уюштурдук. Кулов баштаган бир топ саясатчылардын башын бириктирип, "Бириккен фронттун" массалык митингин өткөзгөнүбүздү, анын жүрүшүндө элди бул саясий акцияга алып чыккан лидерлердин баары качып кетип, өзүм жалгыз калганымды унутуп калсаңыздар керек. 2007-жылдын 19-апрелинде митингге чыккандарга каршы провокация уюштурулган, тополоң чыгаруу аракети жасалып, күнөөнүн баарын менин мойнума илгенге бийлик кызыкдар болгон. "Бийликти күч менен басып алмаксынар",- деген кине коюлганы белгилүү. Мен башынан эле бийликти күч менен кулатууга каршылыгымды билдирип келгем. Азыр да, Убактылуу бийликти күч менен тоголотууга каршымын. 2007-жылы да ошол позицияда болгом. Митингге чыккан элдин талабы - кезексиз президенттик шайлоо өткөзүү болгондугун кыргыз эли жакшы билет. Бул талапта эч кандай мыйзамсыздык жок, ал ар бирибиздин атуулдук позициябыз эле. Ушинтип оюбузду ачык айтканыбыз үчүн түрмөгө чейин олтуруп чыккан жайыбыз бар. Ооба, мен Бакиев тушунда Нарын облусунун губернатору болуп иштедим. Бирок, мен ал кезде Бакиев үчүн эмес, элге иштегем. Мунун Нарын областынын тургундары абдан жакшы билишет. Мен губернатор болуп турганда да өз оюмду ачык айтып келгем. Бирок, ал учурда телевидение дегениң катуу цензураланып турган, андай ачык кептерди чыгарган эмес. Менин айтаарым, кайда, ким болуп иштебейин, мен өзүмдүн тутунган принциптеримден эч тайган эмесмин. Губернаторлуктан жөн жерден кетти дейсиздерби. Бийлик Кытайга жер өткөзүү боюнча арам оюн баштаган. Колумдан келишинче буга каршы турууга аракет жасаганымды эл билет. Качан гана мамлекеттик машине ишке кирип, колумдан эч нерсе келбей калганда - отставкага кеттим. Ички иштер минтистрлигинен да, Оштун коменданттыгынан да кеткенимдин себептери окшош - менин айланамда мыйзамсыздык, адилетсиздик өкүм сүрө баштаса, чыдап тура албайм.

Кулов, Атамбаев, Сариев...
- Бул адамдар менен мамилем түз. Мен көп адамдарды сыйлайм. Ошону менен мамиле чектелет. Саясатка келе турган болсок, ар бирибиздин өзүбүздүн жолубуз бар. Ортобузда кандайдыр бир идеялык жакындык жок. Мен бир да жолу алардын инсандык дараметин сынга алган эмесмин. Саясий иш-аракеттерине гана баа бере алам. Бүгүнкү берген баам - Убактылуу өкмөттө олтургандардын айткан сөзү менен жасаган иши дал келбей жатат. Бул чындык. Ушуну ачык айтканым үчүн жаман көрүп жатышса, "ичиң ачышса туз жала" дегенден башка жообум жок. Булардын бири да менин эмне үчүн референдумга каршы турганыма кызыгышкан жок. А чындыгына келгенде мен "референдумга каршымын" деген жокмун, Суваналиев "референдумдай ушундай ыкмада, оор шартта өткөзулүшүнө" каршы болду. Өлкөнү кайгы басып турганда референдум мыйзам бузуулар менен өтөөрүнө көзүм жеткен. Баары мен айткандай болду. Эч кандай таза шайлоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Убактылуу өкмөт бул жерден чоң жаңылыштык кетирди.

Парламенттик шайлоо таза өтөбү?
- Парламенттик шайлоо стабилдүүлүк толук орноп турганда деле тынч өтчү эмес, бул өтө коркунучтуу чек. Эгерде Убактылуу өкмөт 27-июндагы референдумдан жыйынтык чыгарбай, өздөрүнө караштуу партияларды "ура" менен өткөзүү аракетин жасаса - терең жаңылыштык кетиришкен болот. Бул өтө жагымсыз кесепеттерге алып келет, мындайды Кыргызстан көтөрө албайт. Парламенттик шайлоодо фальсификацияга эч ким жол бербейт. Ошондуктан, бүгүнкү бийлик мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан өйдө коюушу керек. Кыргызстанды таза шайлоолор гана сактап кала алат.

"Ата-Журттун" жеңерине ишенич барбы?
- Парламенттик шайлоону утууга бардыгы умтулат. Баары ошого ишенет. Бул таймашта жеңишке жетериңе ишенбесең, анда ат салышуунун деги эле кереги жок. Сиз сурап жатпайсызбы (алып баруучуга кайрылып), биздин партиянын уюштуруу иштерине акчасы бар-жоктугун. Учурда бардык партиялар бир гана Кыргызстан деген округдан ат салышат. А мындайда чоң акчанын деле кереги жок. Каражатың эебегейсиз болгон күндө да, "шайлоочулардын добушун сатып алам" деген позицияны тутунуу туура эмес. Эл алданбайт дагы. Келе жаткан шайлоодо программалардын таймашы болот. Кайсы партия өзүнүн программасы менен элге жакын экендигин далилдесе, ошол партия парламентке өтөт. Биз дагы ошого аракет жасайбыз. Жыйынтыгы кандай болорун эл чечет. Шайлоочу кандай тандоо кабыл албасын, биз буга баш ийишибиз керек.

Стабилдүүлүк канткенде орнойт?
- Апрелдеги окуялардан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алышкан. Ачыгын айтыш керек, бийликке жетүүгө булар көптөн бери аракет жасап келишкен. Мен да бир учурда бул адамдардын катарында жүргөм. Негизи, оппозицияда көбүрөөк жүргөндө, адам талкалагыч болуп калат. Элдин эсебинен өз кызыкчылыгындагы маселелерди чечүүгө көнүп калышат. Ошол эле компанияларды улутташтырууну алалы. Күн тартибинде бир гана маселе - тынчтык жана элибиздин биримдиги турганда мындай бүлүндүрүүчүлүктүн кереги бар беле? Апрелден кийин канча кайгылуу окуялар өттү, бирок, Убактылуу өкмөттүн стабилдүулүктү камсыз кылганын көрө элекмин. Ар кайсы саясатчылар айтылуу "элдик дружиналарды" түзүү менен абалды көзөмөлгө алышууда. Бул жаман көрүнүш, бийлик "талаа командирлеринин" пайда болушуна эч качан жол бербеш керек. Себеби, бүгүн болбосо эртең, ушул эле "талаа командирлери" бийликтен орун сурап чыгышат.

Нурайым
РЫСМАМБЕТОВА










ф