Акхалатчан акыйкат

Сабыр Жумабеков, академик:
"Согушта да кызыл крест тагынган адамдарга ок атышкан эмес"
Жакында Улуттук илимдер академиясында 5 жылда бир өтүп туруучу академиянын мүчөлүгүнө (академигине) жана мүчө-корреспонденттигине талапкерлерди шайлоо болуп өттү. 5 академиктик, 17 мүчө-корреспонденттик орунга 75 талапкер катышышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Травматология жана ортопедия" адистиги боюнча Сабырбек Жумабеков да "КР УИАнын академиги" илимий даражасына ээ болду. Белгилүү ортопед-травматолог, дасыккан хирург С. Жумабеков буга чейин Кыргызстандагы эң жаш (30 жашында) медицина илиминин доктору катары таанылып келсе, эми 45 жаштагы эң жаш академиктин бири болуп калды.

- Сыймыктуу наам алышыңыз менен куттуктайбыз! Ийгилиңизди, кубанычыңызды биз менен бөлүшө кетпейсизби?
- Чоң рахмат! Академик деген наам эч качан сатып алынбайт экен, атадан балага өткөн мурас да, таяке-жээн, ага-туугандан алчу белек дагы эмес экен. Муну жогору жак дагы бербейт экен. Дегеним, бул жогорку илимий даражага татыктууларды талыкпаган аракетин, ак эмгегин баалашып, кыргыздын чыгаандары, илимдин каймактары тандашат. Биз Улуттук илимдер академиясынын 36 академиги тарабынан шайландык. Ошон үчүн мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Ал адамдардан баа, бата алыш мага зор сыймык болду. Эң жаш доктор, академик деп атасың, ооба, учурунда илимдин докторлугуна жетүүдө дагы Россиянын Медицина илимдер академиясынын 12 мүчө-корреспонденти, профессор, академиктеринин сынынан өткөм. Андан бери 15 жыл өтүптүр. Ал аралыкта 300дөн ашык илимий эмгек жаратыпмын, 4 илимий китеп жазып, 58 жаңы ойлоп табууларды ачыптырмын. "Билим алуу ийне менен кудук казгандай", - дейт эмеспи. Ал эми илимди көздөй багыт алуу, илимге карай жол андан да татаал. Илимий карьера - бул түпсүз тереңдикке карай сүзүү экенин билдим. Мына ушулардын акыбети кайтып, сыймыктуу даражага жеттим окшойт. Менимче муну окумуштуу-академиктер, менин агайларым жаштыгыма карабай аванс менен беришти окшойт. "Илимдин туу чокусуна жеттим, медицинага, илимге эмгек сиңирген ишмер болдум" деп эле токтоп калбастан, албетте, дагы көптөгөн илимий эмгектерди жаратып, илимдин кандидат, докторлорун чыгарып, келечектеги академиктерди тарбиялап элге кызмат кыла берсин деген алардын мага койгон талабы окшойт. Ошондуктан, дагы да талыкпай иштей бермекчимин.
- Баса, "Жумабековдун мектеби" да бар эмеспи? Бул татыктуу баага нелерди кошумчалайсыз?
- Акыркы жети-сегиз жылда биздеги травматология жана ортопедия багыты 180 градус жаңы багытка бурулуп, байсалдуу жол менен өсүп баратабыз десем аша чапкандык болбос, мактангандык да эмес. Бул багыт - дүйнөлүк технология. Дүйнөдөгү жаңы ыкмаларды колдонуп, жүзөгө ашыруу, өзүбүздүн дагы дүйнөлүк ортопедия, травматология тармагына киргизип жаткан сунуштарыбыз. Булардын бардыгын окуучу-шакирттерим, кесиптештерим менен чогуу аткарып келатабыз. Уруштук, талаштык, канча пикир келишпестиктер жаралды, кайра пикирлеш, санаалаш болдук. Ансыз иш алдыга жылбайт да, ошентип ийгиликке да жеттик. Демек, эмгек текке кеткен жок, артыңда калган из бар. Ушул күнгө чейин медицина илимдеринин 20 кандидатын, 2 докторун тарбиялапмын. Ал эми "Жумабековдун мектеби" дейсиңерби, "профессордун же академиктин мектеби" дешеби, аны мен айталбайм. Аны менин окуучуларым, илимдин кандидат-докторлору айтсын, илимий чөйрө айтсын. Андай бааны башкалар берип, эл сындасын.
- Соңку окуяларда врачтардын сабалып, уурдалышы, өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы көңүл өйүтүп турат.
- Жер жүзүндө адам баласына жалаң гана жакшылык каалаган эки гана кесип ээлери бар. Мугалимдер менен врачтар. Врачтар элдин саламаттыгына күйүп, өмүрүн сактап, өлүмдөн алып калайын деген ниет менен жашашат. Айрымдар кээде "доктурлар атайын эле минтип койду, тигинтип койду" деп күнөөлөп жатышпайбы. Андай эмес. Бир да врач өзүнүн пациенттерине жамандык каалабайт. Албетте, беш кол тең эмес дегендей, профессионалдуулугу, билим деңгээли жетишпей ката кетириши мүмкүн, бирок, атайылап жамандык кылган врач болбойт. Кээде, врачтардын аракетине, ишмердүүлүгүнө оорунун мүнөзү дал келбей калат. Анткени, адам организми ушунчалык татаал, медицинада ар кандай күтүлбөстүктөр болуп кетет. Ошого карабай, байкуш медиктер арзыбаган айлык менен капитализмде, базар экономикасынын шартында баягы социалисттик коомдун духунда иштеп жатышат. Ал эми акыркы окуялардагы врачтарга кол салуулар баарыбызды таңгалдырып да, чоочутуп да турат. Ок тийип, таш тийип, таяк жеп жабыркагандарды, өмүрү кылдын учунда жаткандарды өлүм оозунан арачалап, сактап калалы деп жанталашкан врачтардын өмүрүнө кооптонуу жараткан учурда эмне сөз айтарыңды билбейт экенсиң. Ооба, мындан кыйын кырдаалдарда, атүгүл Улуу Ата Мекендик согушта да кызыл крест тагынган адамдарга ок атышкан эмес. Бул нерсе коомдун аң-сезиминин өтө төмөндөп кеткендигин айгинелеп койду.
Нурзада Ташбаева

Редакциядан:
Академик Сабыр Жумабеков жөнүндөгү алгачкы китепти өзүнүн пациенти, журналист Нурзада Ташбаева жазып, басмадан чыкканына аз эле болду. Китептин эң алгачкы кол жазмасы менен автордун университетте окуткан мугалими таанышып чыгып ак жол каалаган. Филология илимдеринин доктору, профессор Сүйүнбек Ибрагимов кесиптешибизди биз дагы куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.





  Кир колдун балаасы

Абайлаңыз, ичөткөк!
Кыштын сөөктөн өткөн суук мезгилинде, бардыгыбыз сагынуу менен жайдын ысык күндөрүн күтөбүз. Бирок, бардык нерсенин эки тарабы болгондой ысык күндөрдүн да жакшы жана жаман жактары бар. Айрыкча жай келип күн ысый баштаганда ар түрдүү оорулар да чыга баштайт. Мисалы, аллергия, жугуштуу оорулар. Ошонун ичинен биз бүгүн ичөткөк оорусуна (дизентерия) токтолобуз.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилегендей, жылына 1-2 миллиардга жакын адам ичеги-карын жугуштуу оорулары менен катталат. Жыйынтыгында жыл сайын 5 миллиондон ашык адам каза болот. Негизи ичеги-карын жугуштуу оорусу вирус түрүндө жана жаратылыш бактериясы аркылуу жугат.
Инфекция адамдын организмине ашказан жана ичеги аркылуу келип, адамды шалдыратып, табитин жоготуп, ичин буурап оорутат. Жүрөгү айланып, окшуп, кусуп ичи өтөт. Ич өткөндөн кийин организмдеги суунун баары кетип, күн өткөн сайын адамдын алы кете баштайт. Эгер ошо убакта оорулууга тезинен медициналык жардам көргөзбөсө, органдардын иштөөсүн бузулуусуна алып келип, адам өмүрү менен кош айтышы мүмкүн.
Ичеги жугуштуу ооруларынын ичинен аябай тараганы -бул дизентерия. Бул оору кандай гана климаттык зона болбосун, кандай гана социалдык топтон болбосун бардык жерде кездешет. Айрыкча, ысык климаттуу өлкөлөрдө көп кездешет. Дизентерия оорусу көбүнчө оорулуу адамдан, суудан, жуулбаган жер-жемиш жана кир колдон жугат. Бекеринен бул ооруну "кир колдун балаасы" деп аташпаса керек. Көбүнчө булар коомдук ашканалардан, бала бакчадан көп жугузушат. Бардык жугуштуу ичеги ооруларынын вирустары аябай бышык келип, оңой менен өлбөйт. Алар көп убакытка чейин сууда, үй-тиричилик буюмдары мисалы, идиш-аякта, эшиктин кармагычтарында, эмеректерде жашай беришет. Алар суукта да өлүшпөйт. Ал эми ал микробдор көбүнчө сүт азыктарында, эт фарштарында көп болот. Ошондуктан жайкы мезгилде эң коркунучтуу болуп сүт, каймак, быштактар эсептелет. Алардын ичинде кошулуп кеткен вирус палочкаларын билбей, тамак менен кошо жеп алышың мүмкүн. Тамак-аштарга вирусту көбүнчө чымындар алып келет. Чымындар денесинин сыртында эле он миллионго чейин микробдор жүрөт. Ал бир эле жерге отуз миңге жакын дизентериянын бактериясын ташташы мүмкүн. Ошондуктан, оорудан сактануу үчүн бир канча эрежени сактай билүү керек. Биринчиден үйдөгү чымындарды жок кылуучу каражаттарды колдонуп, үйдү таза кармоо зарыл. Сууну, сүттү кайнатып ичүү керек, жер-жемиштерди жылуу суу менен таза жууп, тамак-аштын сактоо мөөнөтүнө көңүл бөлүңүз. Мындан сырткары колуңузду бат-бат жууну унутпаңыз. Эгер кандайдыр бир себептер менен ооруну жуктуруп алып, анын белгилерин байкасаңыз, тезинен дарыгерге кайрылыңыз.

Наргиза КОЗУБАЕВА









ф