Акыркы "акматбаевчи"

Эркин Мамбеталиев акталабы?
Кыргызстандын Жогорку соту убагында бирнече буйуртма өлүмдөр менен күнөөлөнүп, өмүр бою жаза мөөнөтүн өтөөгө өкүм чыгарылган Эркин Мамбеталиевдин ишин кайра карамай болду.

Эркин Мамбеталиев жалпыга белгилүү болгондой Рысбек Акматбаевдин тирүү калган жанжөкөрлөрүнүн бири. Эркин, "Акматбаевдин кримгруппировкасы" деген каймана ат менен сотто иши каралган 9 кишинин жалгыз тирүү калган күбөсү. Калгандары, криматалык Рысбек Акматбаев баш болуп, атылып өлтүрүлдү.
Эркин Мамбеталиев убагында А. Акаевдин кийин оппозицияда жүргөн А. Атамбаевдин жансакчысы болгон. Ал, Р.Акматбаевдер менен бирге айыпталган, 2006-жылы Түштүк-2 кичирайонунда өз үйүнүн жанында атылып өлтүрүлгөн, ГУУРдун экс-начальниги, полковник Мурат Жумагулов менен үй-бүлөлүк катыштагы дос болгон. Мурат менен Эркин жансакчылык мектепти алгач Каирде окушуп, кийин стажировкасын Москвада улантышкан. 2005-2006 жылдары Рысбек менен биргеликте буйуртма өлүмдөргө айыпталышкан
Негизи, 2008-жылдын май айында Биринчимай райондук соту Э. Мамбеталиевди 8 буйуртма өлүмдөрдүн ичинен үчөөнө күнөөлүү деп таап соттогон.
Алардын биринчиси; криминалдык авторитет Таалай Абасовду өлтүрүү жана анын аялы А. Жыртаковага кол салуу (2003-жылдын ноябрында) эпизоду. Экинчиси, полковник Чыныбек Алиевдин өлүмү. Үчүнчүсү, ЖК депутаты Ж.Сурабалдиевди өлтүрүү жана анын жансакчысы панкратиончу Бегалы Айтматовдун өмүрүнө кол салуу эпизоду. Арийне, 2006-жылы Ч. Алиевдин өлүмү сотто каралып жатканда "акматбаевчилерди" айыптаган прокурор Э. Мамбеталиевдин бул иште күнөөсү жоктугун кашкайган фактылар менен далилдеп берген. Айтмакчы, ошондогу Ч. Алиевдин туугандарынын укугун коргогон адвокаттар прокурордун фактысына каршы далил айта алышкан эмес. Бул - бир. Экинчиси, Мамбеталиевдин депутат Ж.Сурабалдиевдин өлүмү боюнча күнөөлөнүп жатканда Эркиндин эжелери чырылдап пресс-конференция өткөрүп, "раматылык Жыргалбек байке атылган маалда инибиз Учкун жаңы конушундагы мечитте жума намазында болгон, аны белгилүү имам Абдышүкүр Нарматов баш болгон күбөлөр далилдеп берет" деп чырылдашкан. Чындыгында, А. Нарматов дагы Эркиндин ал күнү жума намазындагы чогуу болгонун айткан. Бирок, Жаныштын буйругун аткарган тергөө, сот бул фактыларды атайлап көз жаздымда калтырган. Ал эми, Т. Абасовдун өлүмү боюнча кошумча фактылар 20-июль күнү өтө турган Жогорку Соттун сот процессинде айтылышы мүмкүн. Жогорудагы эки өлүм боюнча Эркинди айыптоого негиз деле жок болчу. Бирок, саясаттын темир колу мыйзамды каалагандай бурайт тура.
Нарын МАМЫТОВ





Садыр Жапаров, "Ата-Журт" партиясынын төрагасы:
"Мекенчилдик - башка улуттарды басмырлоо эмес"
- Садыр Нургожоевич, түштүктө орун алган топлоңдо Ош шаарынын 80 пайызы өрттөнүп жок болгону тууралуу маалыматтар айтылууда. Ошондон улам, дээрлик бардык өзбек махалла жашоочулары топлоңго чейин үй-жайлары кандай болсо, дал ошондой куруп берүүнү азыркы бийликтен талап кылышууда. Мындай талаптар туурабы?
- "Кечээ көргөн бүгүн жок,
"Ушундай экен дүйнө шок",- деп Манаста айтылгандай, Оштун башаламандыктан кийинки кейпи менин, сиздин, бийликтин эле эмес, жалпы кыргыз элинин жүрөгүн оорутуп турат. Мен "Ата-Журт" партиясынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков менен Ошко тополоңдун экинчи күнү бардым. Ошол күнү эле шаардын бир топ бөлүгүн өрт чулгап, үйлөрдөн баштап мамлекеттик имараттарга чейин күйүп жаткан. Ичимден ордолуу Оштун капкара түтүнгө булганганына өкүнүп, башаламандык дагы 2-3 күнгө созулса бул шаардан эч нерсе калбастыгын ойлонуп, капа болгом. Менин ички туюмум алдаган жок, тополоңдун жыйынтыгында Оштун 40-50 пайызы өрттөнүп кетти. Бул өтө кайгылуу иш. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары, түштүк бычактын мизинде тургандыгын айтып, Ошко борборду көчүрүү зарылдыгын айтканымда, бардыгы менин бул сөздөрүмдү бийликте турган Бакиевге кошоматчылык катары баалашкан. Ошто дал ушундай сценарий менен тополоң эртедир-кеч чыгаары ошондо эле белгилүү болчу. Анын үстүнө, чек ара, наркожол, диний экстремизм маселелери туштүктө ар дайым актуалдуу болуп келген. Борбор шаар Ошто болгондо тартип катуу болмок, көптөгөн социалдык маселелер чечилип, жүздогөн адамдардын өлүмүн алган кайгылуу окуялардын алдын алмакпыз. Азыр да, ошондогу айткан кебимди бийлиги болобу, оппозициясыбы, айтор, бир да адамдын кулак төшөбөй койгонуна чындап кейиймин. Чын жүрөктөн чыккан бул сөзүм орундалса, баарыбыз сүйгөн Ош гүлдөгөн калыбында азыр да турмакпы деген пендечилик ойго тушаласың. Сиз да суроону туура койдуңуз. Ошондой талап чын эле коюлуп жатат. Айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү шайлоонун шаңы менен, өзбек диаспораларынын жетекчилеринин талабын "кыңк" этпей аткарууга да даяр. Өзбек улутунун өкүлдөрү бул талаптын арты менен, "ушунун баарына кыргыздар гана күнөөлүү, демек, бизге жаңы үй куруп бересиңер" деген ойду айтып жатканын тушүнүү зарыл. Күнөө бир эле кыргызда эмес. Ошто өзбектин гана эмес, кыргыздын дагы канча үйү өрттөнгөн. Ошондуктан, тең мамиле керек. Азыр достукту чыңдайлы десек, кыргызы да, өзбеги да өзүнчө махаллага бөлүнгөндү токтотуп, бир чатырдын астында жашаганга көнүшү абзел. Бийлик жер үйлөрдү эмес, көп кабаттуу тамдарды тургузууга умтулса, Оштун жаңы образына да шайкеш келмек.
- Бюджетке кайсынысы пайдалуу: жер тамдарды куруубу же көп кабаттуу үйлөрдүбү?
- Албетте, көп кабаттуу тамдардын курулушу кыйла арзан түшөт. Бул тамдар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин базасында курулушу керек. Анткени, бул министрликке караштуу жоокерлер, атайын техникалар, айтор, курулушка тийешелүү шарттын баары бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде көп квартиралуу үйлөрдүү куруу боюнча тажрыйба да жетиштүү. Эстен чыгалектир, Камчыбек Ташиевдин министрлик кызматтан кантип кеткендиги... Ошондо министрлер кабинетин жетектеп турган Данияр Үсөнов ӨКМдин ал кездеги жетекчисин кызматкерлерине арзан квартира салып бергени үчүн айыптап чыккан. Камчыбек Ташиевдин болгон күнөөсү - канча жылдан бери айлыгынын аздыгына карабастан мамлекетке кызмат кылган адамдардын турак-жай маселесин чечип бергендигинде болгон. Ошондо экс-министрдин демилгеси менен Ошто 60 квартиралуу заманбап там салынган. Дал ушундан саясий оюн чыгарган бакиевчилердин командасына нааразы болгон Камчыбек Ташиев өкмөт жыйынында эшикти "тарс" жаап чыгып кеткендиги белгилүү. Ошондон кийин К.Ташиевдин бут ишмердүулүгүн каза башташты. Бирок, канча аракет жасашпасын, бир да илинчек таба алышкан эмес. Себеби, К.Ташиев бир да тыйынды шамалга чачпай, таза иштеткен.
- Сиз менин суроомдон бир аз алыстай түштүңүз...
- "Сөздү учурунда айтпаса, атасы өлөт" деген сыяктуу, мен да кеп нугу ушул маселелердин тегерегине келгенде, айрым адилетсиздиктерди белгилеп өткүм келди. Сиздин сурооңуздан чынында четтеген жокмун, окурманга тушүнүктүү болушу үчүн айрым тактоолорду киргизип жатам. Сөзүмдү уланта турган болсом, ӨКМ тарабынан Ошто салынган көп квартиралуу тамдын ар бир чарчы метри 360 доллардан айланган. Себеби жумушчу күч, атайын техникалар, курулуш материалдары ӨКМдин өзүндө бар болчу. Жеке менчик фирмалар ушундай эле квартираларды 1 чарчы метрин 500-550 доллардан тургузушууда. Ош жана Жалал-Абадда үй-жайсыз калган жарандарга да ушул жол менен арзан там салып берсе мамлекеттик каражат да үнөмдөлмөк. Дагы кайталайм: бийликте олтургандар эртеңки шайлоонун камы менен кайсы бир улуттун талабына өзгөчө мамиле жасаганды токтотушу зарыл. Минте берсек анархияны күчөтүп алабыз. Баарына бирдей мамлекеттик саясат керек. Кыргызстанда 80ден ашык улут бар. Мени мекенчил дешпесин, бирок, биз бул улуттардын ар бир талабын алсыздык менен аткара берсек, эртең түпкү улуттун орду каякта калат? Ош окуясы тууралуу көп сөз айтыла элек. Анын чыгышына кимдердин күнөөлүү экени эртедир-кеч айтылат.
"Ата-Журт" партиясы түпкү улут - кыргыздардын коомдогу ролу жогору болушу керектигине ар дайым басым жасап келе жатат. Бул позициясы үчүн биздин айрым лидерлерди улутчул деп көп сындашат. Сынчылар өзүбүздүн эле кыргыздардын арасынан чыгат. Кыргыздын келечегине мейли, мен күйбөйүн, сиз күйбөңүз... Анда кыргыз элинин келечеги кандай болот? Өз жеринде башка улуттарга басынган элдин эртеңкиси барбы? Дал ушундай ойду айткандарга сын таккан кыргыздын баары сокур. Ушундай саясат өзүн сыйлаган ар бир мамлекетте бар. Орусиядан баштап Африкадагы өлкөлөргө чейин. Бул мамлекеттүүлүктү кармап туруунун бир шарты. Эмне үчүн ушундай саясат бизде болбош керек? Эмнеге бийликке келген кайсы күч болбосун "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген идеологиядан алыстап кете албай, башка мамлекеттерге жагынуу үчүн өз тилин өгөйлөйт? Ошондуктан, биз баарыбыз, кайсы бир деңгээлде мекенчилдикке үйрөнүшүбүз керек. Мекенчилдик - башка улуттарды басмырлоо эмес. Мекенчилдик - түпкү улуттун ордун аныктап, өлкө ичиндеги башка улуттарга татыктуу турмуш курууга шарт түзүп берүү.

Нурайым РЫСМАМБЕТОВА









ф