Жолбүгүн

... Ибо право на жизнь выше всяких правил, определяющих образ жизни. Анархия - безобразие, но "я совершаю безобразный поступок, защищая свое право жить, свое право быть".
Лучший и всеобщий пример этого, когда идущий ночью человек убивает разбойника, напавшего на него. Если бы он его не убил, он был бы сам убит.
Василий Розанов. Принцип анархии
Алым Токтомушев

Таба
Которуп убара болбоюн. Менден жакшы түшүнөсүз. Орошон ойчул ушинтип жазыптыр. Орус революциясы ээ-жаа бербей оргуп турганда. Андан да айраң калтырар аналогия: биз сыяктуу эле анда да Россиянын утурумдук өкмөт башкарып турган экен. Жеке адамга гана тиешелүү сыяктанган ал ысык дөшүгө ("сен өлтүрбөсөң, ал өлтүрөт") андай учурда бүт элдин өмүрү, тарыхы коюлат дейт андан нары акылман. Не дегенде, бунттун да, көтөрүлүштүн да, революциянын да байлаган тамыры, суу ичкен булагы - анархия. Аракеттеги мыйзамга баш ийбөөнүн өзү эле анархиянын башталышы.
Биз да ошондой тагдырга туш болдук. Кийинки беш жылдагы экинчи бунтпу, революциябы, айтор кандайдыр бир көтөрүлүштө. Элдин, мамлекеттин канын каракурттай соро баштаган бийликти кулатабыз деп ондогон ойрондорубуз окко учуп опоот болду. Жүздөгөн жарандарыбыз жаракат алды. Улуттук кемтиги көп кыргыздар ушуларды, алардын ичинен шаарды бүлгүнгө салып, талап-тоногондорду "баатыр" атап атышат маанисинде айрым орус тилдүү басмалар "боорун" тытты. Эсеби маселең, кайра куруунун капшабында Кыргызстан "кырмычыгын" кырып жегендерге кошулуп, басмасөз баронуна айланган корей Александр Кимдин "Вечерний Бишкек" гезити. Айталы, кечээ жакында жарык көргөн Дина Маслова - Асанованын "Комплекс национальной неполноценности" ("БФ", 18.06.10) аттуу макаласында. Биз билгени Дина Маслова деп эле жазып жүргөн "ВБ" журналисти бусаам аты-жөнүнө "Асанова" дегенди кошуптур. Кыязы, "коммунисттик интернационал" тарбиясынан тап жылбаган такыбалыгын белгилесе керек. Макалада айрым кызыктуу каяша, далил, мисалдар бар. Ал албетте, акыл айлантып көрүүгө чакырат. Бул - бир. Экинчиден, мыкты менеджерлиги үчүн өзүм чын дилден сыйлаган Александр Александровичтин корей экендигине атайын басым жасоого туура келет. Анткени макалада кыргыздын антисемит, кореяфобия ("фобия" - жек көрүүчү) экендиги тууралуу да экчелип өтөт. Атүгүл ошол сандагы дагы бир макалада кезинде бандиттикке шектелген "үч тамга" бөлүм башчысы Алдаяр Исманкуловду корей деп атап койгону үчүн белгилүү ишкер-саясатчы Өмүрбек Абдрахманов "фашисттик кылып атат" деп айыпталат. Парламентте ошентип талкууланса, гезит негедир үн каткан эмес.
Ошентип орошон ойчулдун байкоосуна кайрадан кайрылалы. Анткени өз көзү менен көргөн, уккан, өлгөн. "Чындыгында анархиянын ар кадамы согуш: жарандар менен талоончу, каракчылардын, атүгүл мамлекеттер ортосундагы согуш, - деп жазат ал. - Себеп-жөнү, арга-амалы бардыгыныкы бир, бардыгы бирдей".
Ага өзүбүз күбө болдук. Талап-тоноочулук, бирин бири ырайымсыз сабоо, өлтүрүү борбор шаарда да, Маевка ж.б. жерлерде да ошондой болду. Акыры ал Ош окуясына апарып, эки элди - өзбек менен кыргызды кырылыштырып жиберди. Башкача айтканда, улуттук трагедияга айланды.
Эми анын себебин арким артүрдүү жоруптап атат. Утурумдук бийлик аркандай ураан-чакырык, ички ыйкы-тыйкылыкты тыйып, түштүктөгү абалга ыкчам иш-чараларды көрсөк болмок экен, чечкиндүү бир чечимге келсек болмок экен таризиндеги кемчилигин моюнга алууда. Республикадагы негизги саясый күчтөр ал окуяны да, бийлик саясатын да аёосуз айыптап чыкты. Атайын органдар коомчулук менен кошулуп күнөкөрлөрдү бардык күчүн жумшап изилдеп, таап атыр. Эсеби маселең, качкан президенттин ага-тууган, жан-жөкөрлөрүнүн катышы бардыгы аныкталды. Ошолеле учурда УКМК буга эларалык террорчулулар уюмунун, качкындагы Өзбекстан ислам кыймылынын, ислам фундаменталисттеринин, анан калса, өзүбүздөгү өзбек улутчул лидерлеринин түздөн-түз тиешеси бардыгын далилдеп чыкты. Эң негизгиси, Бакиев бийлик катмары аркай жакка качканы менен али да болсо эбегейсиз зор күч-кубатка - самандай сапырылган акчага, жашыруун-жабык аппаратка, маалымат каражаттарына, наркобарондорго, кримтопторго, атүгүл кандайдыр бир аскерий күчкө ээ. Ишенчек элдин ичине ошол жагдай дүрбөлөң салып, айыгыштырып, "сен өлтүрбөсөң, ал өлтүрөт" абалына түртүп жатышы турулуу.
Бир караганда, бардыгы түшүнүктүү, бештен белгилүү сыяктанат. Арийне бул трагедия орус тилиндеги маалыматтарда өтө бир жактуу интерпретацияланууда. А башка элдер, айталы, алыскы, жакынкы мамлекеттер маалыматты орус тили аркылуу алгандыктан, аякка эмне болуп жетип атканын элестете бериңиз.
Айрым маалыматтарга караганда, кыргыздар азыркылардын киши жегичи, майда калктарды талап, тоноп өлтүрүп, өзгөчө өзбектерди кырып жоготуп, геноцид кылып жатат. Ага айрыкча жем таштаган "Вечерний Бишкек" өңдүү өзүбүздүн орус тилиндеги гезиттер болуп атат.
Ош окуясынын алдында, б.а., өзбек менен кыргыз кырылышар алдында "Апта" гезити, бир аз мактанып койсом, мен, калемдештерге кайрылып жазгам. Үзүндү келтирейин: "... улуттар аралык мамиледе өтө аяр, өтө сак, өтө кылдат мамиле зарылдыгы далилдөө зарурат эмес. Не дегенде, улуттук сезим өтө сергек, өтө арчыл, намысчыл келери белгилүү... бул көчө кыйкырыгын гезитке көчүрүп бергендей кеп эмес". Жалалабат жаңжалын мисалга тарткам.
Анткени анын алдында "МК - Кыргызстан" гезити Маевкадагы окуяны 1938-жылдагы Германиядагы "хрусталдуу түнгө" теңеп жиберген. Аны окуган адам билет, анда еврейлердин да күнөөсү эбегейсиз, бирок холокост, еврейлерди Германиядан тукумкурут кылуу ошондон башталган. Маевкадагы окуя менен аны салыштыруу кайсыл акылга сыят? Албетте анын жүзүн ары кылсын, андай окуя ар мамлекетте сейрек кездешпейт.
Же кечээки Оштогудай трагедия, эсеби маселең, Алматыда, Карабакта, Сумгаитте, Фергана, Тувада болбой койду беле? Анда кыргыз сыяктуу карандай бир гана калк караланган эмес.
Анткени объективдүү ой жүгүрткөн адам түшүнөт: улуттук аң-сезимдин укмуштай ойгонушу бир четинен, экинчи четинен, аз сандагы улуттарын глобалдашуу шарданы менен өздөрү жашаган аймактагы чоң улуттарга сиңип кетүү коркунучунан улам улуттар ортосунда кагылышуу кийинки мезгилде бүт дүйнөдө күч алды. Түркия менен Иранда күрттөр, Кытайда тибеттиктер, Шри-Ланкада тамилдер деп, ондоп-жыйырмалап санаса болот.
Өз маселебизге келсек, Кыргыздын караңгылыгын, түркөйлүгүн, кан ичээр, каракчылыгын далилдөө үчүн Дина Маслова-Асанова айым аталган макаласында кара боёктун кадемин катырат. Марадёрлор, бирөөнүн менчигин бүлдүргөн, сабаган, саткан бүт кыргыз болчу дейт. Анткени логика жүзүндө алар Кыргызстанда көп жашайт имиш. Республиканын түпкү калкы кыргыз дегенге түкүрдүм, андай таажыны кайдан тапканын билбейм, алар деле жүздөгөн башка улут сыяктуу калк, глобалдашкан же жөн эле цивилдешкен мамлекеттерде улутун суроо уят маанисинде, баса айтам, сөзмө-сөз эмес, маанисинде кергиштенет бул керемет сулуу. Анын оюнча кыргыздын азыркы мекенчилери дегеле китеп окубайт экен, окугандары сыртка чыгып кетип, Кыргызстанда жалаң каракчылары менен түркөйлөрү калыптыр. Бул өлкөдө жашаган башка калктын илим-билимдүүлөрү менен чыныгы адистерин Кыргызстан бийлиги кызматка да, саясатка да аралаштырбай атканына каңырык түтөтөт.
Жумгактап айтканда, журналист айымдын арбын арман, көп күйүтү ушундай. Ага тете билимибиз жок болсо да, гезиттин эмдиги санында айымдын дооматтарына суроо коюп, жооп издеп көрөлү.












ф