Тикенек

Искандер Гайпкулов:
"Моралдык акым жок"
- Сизди Ош коогалаңында Араван районунун акимиатын куралчан адамдар менен басып алды деп "Эркин Тоо"гезити жазып чыкты, ушул ыраспы?
- Силер Араван районуна чалып, элден сурасаңар жакшы болот эле. Мен ал жерде тынчтыкты сактап калгандардын биримин.
- Араванда эки улуттун өкүлдөрү биригип, кепке келип: "1990-жылдагы коогалаңда деле Араван району тынчтыкты сактап калган элек"- деп отурса, тынч жаткан элдин акимиатын басып кирип, Бакиевдин убагында аким болгон, тууганыңыз Шамил Артыковду аким кылып койгон турбайсызбы?

- Мен сизге айтып коёюн, ал жерге Шамил эч кандай аким болуп дайындалган эмес. Ал Араван району боюнча стабилдүүлүктү сактоо штабынын төрагасы, мурдагы аким өз ордунда эле иштеп атат. Болбосо, райондо стабилдүүлүктү сактоо, Ошто калып кеткен студенттерди алып чыгуу, базарлардын иштөөсүн көзөмөлдөө боюнча, ал жерде штаб түзүлгөн. Азыр Шамил штабда жетекчи болуп иштеп атат.

-"Жаңы бийлик кетти. Азыр бийлик Бакиевчилердин колуна түштү. Мына, мен башкарам силерди"- деп айтканыңыз цитата иретинде берилиптир. Сиз буга кандай комментарий бересиз?
- Мен канча жылдан бери саясатта жүргөндөн кийин, сүйлөрдөн мурда ойлоном. Экинчиден, бакиевчилердин бийлиги келди деп мен эч жерде айткан жокмун. Мен областын губернатору Сооронбай Шариповичтин суранычы менен ал жерде облустун коменданты жана Чотонов Дүйшөн деген "Ата-Мекен" партиясынын лидери менен иштегем.

- Сиз муну чын-төгүнүн далилдеш үчүн Азамат Юлдашев менен дискуссияга бара аласызбы?
- Пожалуйста, мен барганда эле элге айтканмын: "Бакиевдин бийлиги кетсе дагы, мен ошо убакта иштеген жетекчи катары иштегенге моралдык акым жок. Мен парламентке да, башкасына да барбаймын", - деп. Иштей турган балдар болсо чыксын, ошо балдарды колдоп берели деп жатам.




Исхак Масалиев:
"Чөгүп калдым дегенден алысмын"
- Сизди ММКлар атадан кем уул деп жаза башташты го. Бул сөз сиздин жүрөгүңүздү оорутпайбы?
- Ээ-э, кызым, сен кызыктай суроо берип атасың, ушу сөздү мага айтасыңбы? Албетте, мага бул сөз жакпайт. Мен атам менен тең уулмун деп айта албайм. Сөзсүз, мен атаман кеммин да. Муну жазбаса да түшүнүктүү. Менде канча дос болсо, ошончо душманым, көрө албаган адамдар бар. Ошондуктан, бул жерде капа болом дечи. Бирок, турмуш туруп эле оодарылып кетет да. Мен такыр эле чөгүп калдым дегенден алысмын. Турмуш деген - турмуш.

Нурайым РЫСМАМБЕТОВА




  Ай, шегибиз бар

Бегалы Наргозуев, экс-депутат:
"Ош окуясы кокусунан болгон жок"
--Бегалы мырза, түштүктү кыдырып келдиңиз. Бул чоң коогалаң эмнеден келип чыкты деп ойлойсуз? Улут аралык жаңжалбы же Бакиевдер уюштурган провокациябы?
-- Көп факторлордун бир эле учурда бир өзөккө биригүүсүнөн келип чыкты. Биринчиден, Убактылуу өкмөттүн бийликти легитимдештирүүнү кечеңдеткени, амбициялардын өтө эле ашынып кеткендиги, ушундай чоң конфликттин чыгышына ыңгайлуу шарт түзүп берди. "Ак жолдон" бата алгысы келбесе, анда 2007-жылдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын кайра карап чыгып, "Ата мекендин", "Ак шумкардын" мыйзамдуу орундарын кайра кайрып берсе болот беле? Ар бир партиянын ишенимдүү өкүлдөрү шайлоо участкаларында добуш берүүнү көзөмөлдөп, жыйынтыгы боюнча протокол жазышпады беле. Ошол жыйынтыктар боюнча, "Атамекен" отуздан ашык орунубуз бар деп жүрүшкөн. Анда "Акшумкарга", КСДПга мыйзамдуу орундарын берип, "Акжолдун" ашыкча адамдарын кетирип, парламентти убактылуу болсо да, кайра түзүп чыгышса болмок. Ошондо Роза Исаковнаны спикерликке шайлап, президенттик тизгинди кошо берип, конституциялык талаада конституциялык реформаны жасасак мындай чоң кризиске кабылмак эмеспиз. Анан да Убактылуу өкмөт бийликке келгенден бери кыргыз элин бир максатка бириктире алган жок. Анын ордуна элди эки-үчкө бөлүп, бири-бирине карама-каршы кылды.

Экинчиден, деструктивдүү элементтерди эмнеге алигүнчө нейтралдаштыра албай жатабыз, буга ким күнөөлүү? Качанга көрүнгөнгө шылтай беребиз? Профессионалдык денгээлибиз жөнүндө качан ойлонобуз?
Үчүнчүдөн, араң эле турган кыргыз-өзбек маселеси өкмөттүн көңүл чордонунан чыгып кетти. Ал тургай, от менен ойногон Кадыржан Батыровдун куралдуу боевиктерин кыргыздарга - бакиевчил күчтөргө каршы коюшту. Натыйжада кыргыздардын үйлөрүн, туусун кошо өрттөтүштү. Мына ушул эң биринчи учкун болчу. Кыргыз менен өзбекти эч качан, эч кандай шартта баррикаданын эки жагына койбош керек эле.
Төртүнчүдөн, бул Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарынын тизмесине киргизген, дымагы күчтүү өлкөлөрдүн биринин атайын кызматтары уюштурган от тутантуучу операция. Бул операциянын себептери жана максаттары мындай: Кыргызстанда бийликке келген жаңы өкмөт аларга толук көз каранды болбой, жалтактап, моюн толгой баштаганы аларга жаккан эмес. Алардын ою боюнча, мамлекеттик төңкөрүшкө жардам бергендерди жаңы өкмөт баалай алган жок. Мындай тоң моюндукту жөн калтырууга болбойт дешти окшойт. Алардын максаты Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттин алсыз өкмөтүн чөгөлөтүп, тизе бүктүрүү менен бүтүндөй регионго таасир көрсөтүү жана келечектеги бул чөлкөмдө өткөрчү чоң "оюндарына" плацдарм түзүү. Анан да башка, коңшу мамлекеттерге да сабак болгудай кылуу керек. Ошондуктан, алар 90-жылдардан бери курал топтоп,тымызын даярданып келаткан бир ууч сепаратисттерди таап, алар аркылуу бүтүндөй бир этникалык топтун экстремисттерин курал жана башка ресурстар менен жабдыган. Алардын планы боюнча, бир тарап көтөрүлсө, экинчи тарап сөзсүз көтөрүлөт. Буга жөн жатпаган реваншисттер кошулат.Мүмкүн ачууга алдырган өзбек бийлиги аралашып кетет. Мына, "бөлүп алып, бийлей бер"("Разделяй и властвуй" деген прицип иштей баштайт. Бул пландардын дээрлик баардыгы ишке ашты. Болгону гана өзбектердин расмий бийлиги конфликтке аралашкан жок.
--Бул конфликтте Бакиевдердин ролу кандай?
-- Менимче, алар конфликттин экинчи этабында, Жалал-Абаддагы митингдерде, Кадыржан Батыровдун үйүн, университетин өрттөө, Батыровдун тарапташтары менен салгылашуу, ошону менен май айында болуп өткөн окуялар боюнча өч алуу окуяларына катышкан болушу мүмкүн. Эгер ушундай болгон болсо, бул аябай каардуу өч алуу болду. Кадыржан Батыров өзүнүн май айында ойлонбой жасаган кадамдарын ушундай адам ыйлай турган жыйынтыка алып келерин күтпөсө керек. Азыр эми бармагын тиштеп, бир жерде жашынып жүрөт. Дегеле бир ойлоно турган факт бар: Жалал-Абадда миңдеген экстремисттер менен ушул локалдуу конфликтти экс-депутат Кадыржан Батыров баш-карса, Нариманда 60 миң чамалуу адам менен экс-депутат Иномжон Абдрасулов "генералдык" кылган. Ал эми Амир-Темур кичи районунда экс-депутат Жалалиддин Сало-худинов командалык кылып дегеле ар бир райондо ушундай уюштургуч лидерлери бол-гону бул окуянын кокустан болбогонунан кабар берет. Демек азыр биз "орууну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегенди эске алып, күнөөнүн баарын башка бирөөлөргө түртө бербей болгонун-болгондой ачык айтышыбыз керек.

Наргиза КОЗУБАЕВА










ф