Жумасереп

Уктап атышат
Ош жаңжалы утурумдук өкмөттү катуу коркутту. Утурумдук президент болсо, айласы алты кетип, орустарга уй тилиндей кат жазып жиберди. Сабырдуулугун, токтоолугун көрсөтө алган жок. Түштүктө абал азыр андан да оор. Ушул окуялар менен борбордун башы дагы көп оорумак болуп туру. Анткени, мурдатан даярдык көрүп, бирок, көксөөсү суубай калган жанкечтилер утурумдук чегинүүгө өтүштү. Түштүктө абал оор дегеним, утурумдук өкмөттүн карааны жок. Мамлекеттин шапалагын жебеген айрым мекендештер мыйзам менен тартип болбогон аймакта башаламандыгын уланта берет. Ош татаал күндөрдү башынан өткөрүп атат. Капыстан коңулдан чыга калып, сырайта чапкан фактылар өтө көп. Адамдардын башын кесип салган, тирүүлөй өрттөп жиберген окуялар менен орто кылымды көздөй чаап баратабыз. Облус бийлиги колу-буту тушалган абалында борборду тиктеп отурат. Бир эле облус бийлиги эмес. УКК, ИИМ уктап атыр. Уктап атат дегеним, Ош жаңжалында өзбек мекендештер эң акыркы үлгүдөгү автоматтар менен казатка чыгышты. Айтып атышат, снайпер менен кырчындай кыргыз жигиттери кум-жам болду деп. Өзүм да күбө болдум, Ошко 12-июнь күнү Жантөрө Сатыбалдиев экөөбүз бирге учуп келдик. Аэропортто үч сааттай турдук, көрүнгөнгө звандап. Анан МЧСтин тез жардам келди. Ага Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмилова баштаган жоон топ укук коргоочуларды салып, облакүйгө алып келишти. Аэропорттун жанындагы Жийделик айылынан снайпер менен аткылап атышыптыр. Жаныбыз оозубузга тыгылып, араң жеттик. Түнкү саат 11:00 лерде Фуркат айылына жөнөмөк болдум. Облус бийлигиндегилер айтышты, "үйүнө баратканда атып салышат, ал жакка эч кимибиз баралбай атабыз. Снайпер бар" деп. Болбой эле жолго чыксам, Кудайдан болуп, Кушбак Тезекбаевдин жигиттери жөнөп калышыптыр. Көчөлөр капкараңгы, өрттөлгөн абалда. Жолдо күйгөн машиналардан баррикада куруп алышкандары биринчи эле көзгө урунат. 120-130 ылдамдык менен эптеп өтүп кеттик. Коңшуларым айтышты, ошол 11-июнь түнү саат 02:00 лерде асманга салют атылып, Фуркаттагы өзбек мекендештер жол четиндеги дүкөндөрдү өрттөй башташыптыр. Айылдан чогулган кыргыз жаштарын аткылап, заправкаларды өрттөп башташкан экен. Ошол эле түнү Нариман, Онадыр, Жийделик, Шайиттөбоө, Черемушка жана Кыргызстан көчөсүндө массалык башаламандык башталган. Ушул аталган райондордо 75 пайыз өзбек улутундагы мекендештерибиз жашайт.
Кыргызстандын укук коргоо органдары 11-июнга чейин мындай окуянын шыбышын алган эмес. Бизде курал өндүрүшү болбогондон кийин куралдар сырттан кирди да, туурабы? Ал эми чекараны кайтаргандар менен оппозицияны жана журналисттерди аңдып, сары изине чөп салган УКК кайда жүргөн деген суроо туулат. Курал жаракты ээн-эркин көтөрүп, ой келгендей аткылап жүрүшкөнүнө караганда, облустун жана шаардын УККсы деле эч нерсе билген эмес. Кыскасы, Ош окуясы кыргыз бийлигинин өтө алсыз экенин көрсөтүп койду. Өз аскерин багалбаган эл башкалардын аскерин багат боло жаздадык. Максат, кимдер бирөөнү каралап, отставкасын талап кылуу эмес. Максат, кемчилигин көздөрүнө баса көрсөтүп, эл берген айлыкты бираз адалдап жегенге чакыруу. Ушул окуянын негизги карманы көп болсо, 100гө жетпеген куралдыр. Бирок, ушул 100гө жетпеген курал кичинекей Кыргызстаныды түпөйүлгө салып койду. Эми сиз ойлонуп көрүң, котур ташын койнуна каткан коңшулар эртең коркунуч туудурса... Чыгыш элинде мындайды кудукка түшкөн чычкандын кейпи менен сүрөттөйт. Чоңдор кооз сүйлөшөт экен. "Элдин жүрөгүнө кеткен жолду табуу" сыяктуу жакшынакай сөздөрү менен. Элдин жүрөгүнө кеткен жол эл менен бирге болсо гана табылат. Ал үчүн элди угу керек. Азыр оштуктар айтып атышат, дүйнөдө башка улуттарды биздей эркелеткен калк жок деп. Туура, буларга өз тилинде мектеп, институт, университет ачып бердик. Ош ТВ, Мезон ТВ баш болгон 97 пайзы өзбек тилинде кызмат көрсөткөн ММКлары бар. Ушул кезге чейин Өзбекстандын идеологиясын канкакшап келди. Кулагын чоюп койгонго облуста чоң болгон эмес. Анткени, баары, баарыбыз коррупционербиз. Ар жагы айтпаса да түшүнүктүүдүр. Көсөөнүн акылы түштөн кийин демекчи, эми өзбек маселесине "серьезный" мамиле керек. Жаңжал бүткөн жок. Кайра башталаар мезгили өтө алыс эмес. Отунбаеванын жарым-жан бийлиги эл арасында кадырым өссүн десе, түштүк маселесин чөнтөгүнө сала жүрсүн.
Манас Осмон




  Пикирофон

Ош окуясына сырткы таасирлердин да бар деген пикир арбын. Сиздин көз карашыңыз?
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын лидери:
- Атайын кызматтын органдары иликтөө өткөрүп аныкташ керек. Ош окуясына сырткы таасирлер болгон. Алардын күч аракетинен ушул каргашалуу окуя келип чыкты да. Кыргыз өзбек бир тууган эл. Тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз бир. Буга чейин бир туугандай жашап келгенбиз. Бул ишти атайын сырткы күчтүн таасиринен уюшулган окуя болду.

Шамшыбек Медетбеков,
коомдук ишмер:
- Чындыгында бул жерде түздөн-түз тышкы күчтөрдүн таасири бар. Ошол эле Бакиевдер канча күн мурун уюштуруп даярдык көргөндөн улам башталды. Эки элдин ортосунда чагым күчтүү болуп кетти. Мен ойлойм болуп өткөн окуяга бакиевчилер гана кылды. Кыргыздарды, Өзбектерди атып канчалаган адамдарыбыздан айрылып отурабыз. Сырткы күчтөрдүн уюштурган аракетинин натыйжасы ушул окуя келип такалды.

Турат Акимов, журналист
- Бар деп ойлойм. Сырткы күч болуп качып кеткен Бакиевдердин бары эле сыртта жүрүшөт. Канча күн мурун даярдалып, анан кийин кол салып киришти да. Бул капысынан болгон жок. Жанагы кармалган балдардын бары тең сырттан келген балдар экен. Ошондон улам эле сырткы күчтөр уюштурганынан Оштогу окуя келип чыкты деп ойлойм.

Гүлнара Дербишалиева, экс-депутат:
- Мен ойлойм сырткы таасирлер сөзсүз бар. Чындыгында азыркы убактылуу өкмөт ушул окуядан кийин отставкага кетиши керек. Анткени тышкы күчтөрдүн кыймыл-аракеттеринен ошолордун демилгесинин убагында референдумду аныктабай өз убагында шарталбай калгандыгы тура деп ойлойм.

Ибрагим Жунусов, экс-министр:
- Азыр ушундай кырдаалда каякта кандай күч бар экени тууралуу маалыматым жок. Эң негизги маселе элди тынчытканга аракет кылышса жакшы болгон турат. Каякта кандай күч бар экени кийин мамлекеттик камиссия түзүлгөндөн кийин таап чыгат. Азыр бул жерде эки элдин тынчылыгын ойлоп саясатты коё туруш керек. Учурда Ошто болуп жатам. Элдин тилегени эле тынчтыкты каалап турушат. Саясатчылар атайын саясий партия болуп алышып ар нерсени айтып отурушат. Булардын кылганына түшүнгөн жокмун.

Исхак Масалиев, Коммунистер партиясынын лидери:
- Сырткы күчтөрдүн бар экени тууралуу маалыматым жок.

Асел Карыпбекова













ф