Таш менен урганды аш менен урдубу?

"Акжолчу" Бегалы Наргозуев Аксы, Алабука, Ноокен, Базаркоргон райондорун түроо кыдырып, эл менен жолугушуп жүрү. Кечээ Аксылыктар менен баарлашып, алардын арыз-муңун укту. Базаркоргондун айрым айылдарына барды. Учурдагы курч кырдаалда калкты тынчсызданбоого жана жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Убактылуу өкмөт боюнча берилген суроолорго, "аларга жардам бербесек болбойт" деп гана жооп берди. Мына кызык.

Жалданма жаналгычтар кармалды

Кечээ Сулайман Тоодон, Он Адырдан жана Кырарыктан жалданган көзгө атаар мергендерден сегизи кармалды деген каңшаар тарады. Алардын экөө Тажик, үчөө Украин, калгандары Кавказдык жарандар дешүүдө. Божомолдорго караганда, уруштун алгачкы күнүндө кыркка жакын өзбек-кыргызды атып өлтүрүшкөн имиш.


Чотоновдун чоту так

Түштүктө утурумдук өкмөттүн жыты да сезилбейт. Ош окуясынан кийин элдер "эч кимисине добушубузду бербейбиз. Убара болушпай эле, отставкага кетсин" деп атышат. Бирок, эл арасында Дүйшөн Чотоновдун кадыры өсүп, анын кылган эмгегине эл ыраазы. Чотонов кечээ Ош аэропортунда катуу жинденип, "гумжардамдар өз дарегине жетпесе, жаныңарды окуйм" дептир. Эмнеге мынчалык жинденип атат десек, көрсө, гумжардамдарды жолдон эле сатып, тоноп күн көргөндөрдүн караанын көрүп алган тура.


Атамбаевдин хансарайы күйдү

"Акжолчу" Нурпазыл Атамбаевдин хансарайы 13-июнда өрттөлүп кетти. Кыргыз-Өзбек жаңжалынын кайнаган жери Фуркат айылындагы соода түйүнүн кайтаруу менен алек болуп атканда, хансарайын коргоп калууга кошумча күч жетишпей калган имиш. Оштун айрым көчөлөрүндөгү заправкаларын кошпогондо, Фуркат айылындагы заправкасы 11-июнь күнү түнкү саат 2.00 де күйүп кеткен. Бензиндерин болсо, 15-июнга чейин элдер ташып бүтүралбай коюшту дешет. Муну билгенде Каракулжанын кулундарын жыйнап келмекмин деп, аябай өкүнүптүр.


Иномжанга дүйнө тар

Ош окуясынын баштоочусу экс-депутат Иномжан Абдрасулов куйругун коңулга тыгып, чээнде жатат. Нариман кичирайонунда блокада куруп, миңдеген автоматчандар менен коргонуп атыптыр. Ал эми өзүн кайтарган автоматчандардын саны жетимиштей имиш. Бул эргул уруштан мурда Лейлек аркылуу Тажикстанга өтүп, үй-бүлөсүн жайгаштырып келиптир. Бүгүнкү күнү кыргызстандын ички аскерине багынбайм демиш болуп, айласы куруп атат. Айрым адамдардын айтымында, "20 жыл даярданып, 20 күнгө туруштук бералбадыңар" деп, өзбектерине каңырыгы түтөптүр. Эми курун мойнуна салып, бутка чөгөлөсө да, кеч болуп калды. Өлгөн адамдар түшүнө кирип, кыйнап аткан имиш. Жинди болуп кетпегей эле…


Кадыржан камакка түшөбү, же…

Ош окуясынын дагы бир баштоочусу Кадыржан Батыров миңге чукул автоматчан менен Жалалабатта бүгүп жатат деген сөз чыкты. Ал Бакиевдердин үйүн өрттөгөндөн кийин К.Бакиевден кечирим сурап, андан "албетте бир күн өз жазаңды аласың" деген жооп уккан.Ошондон бери ичкени ириң, жегени желим болуп, "кайсы жакка качып кетсем да, Бакиевдер таап алат" деп, заманасы курулуп жүрү. Ош окуясына тиешем жок деп, актанып аткан имиш. Бирок, Жалалабатта аны издеп атыптыр. Кимдер?


Садыбакасова Алайлыктардын атын сатып…

12-июндун түн бир оокумунда Оштун Фрунзе, Араван, Ош көчөлөрүндө талап-тоноочулук күч алган. Оштун өзбек-кыргыз белдүү инсандары марадерлор менен аралашып жүрдү дешет. Күбөөлөрдүн айтымында, "Кызбурактын" энеси Гүлшайыр Садыбакасова Народный дүкөндөрүндө, Фрунзе базарында кадимкидей шымаланып, продуктуларды килтейген ГАЗЕЛдерге жүктөп жүрүптүр. Бирөөсү уяткарса, "Фуркатта Алайлыктар ачка калды, ошолорго алпарам" деген имиш. Бирок, ал жакка эмес эле шыкап үйүнө түшүргөнүн көрдүк дешип, Оштуктар баштарын чайкашууда.


"Атажуртту" алкап атышат

"Атажуртчу" Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдерди түштүк эли алкап-жалкап атыр. Калк башына кыйын күн түшсө, куйругун кыпчып жаткандар андан көп. Ошол каргашалуу күнү үч эрен Ошко шашылыш келип, өзбек-кыргыз дебей, кыйын кырдаалда калгандарын куткарышкан. Элдин айтымында, алар миңдеген бейкүнөө адамдарды өлүмдөн арачылаптыр. Андан калса, Камчыке токтоосуз Жалалабатка жөнөп, тиги экөө борборго учуп, ач калган элге гумжардам топтошкон. Шайлоо учурунда гана келбей, ушундай кыйын күндө келгендер элдин эсинде калат дешип, түштүктүктөр "Атажуртту" алкап атышат.












ф