Кимбайкеден күлкүлятор

Минис-тирчилик

Саламаттык сактоо министрлиги эскертет:
- Акчаң жок болсо, ичиңди кестирбе, сокуричегиңди аман-соо көрбөй каласың!
***
Тышкы иштер министрлиги эскертет:
- Америкада ар бир кыргызга алты сотуктан жер берилет деген сөз калп, бизге ишенбегиле!
***
Финансы министрлиги эскертет:
- Кредит келелек, келбейт жана артпайт!
***
Транспорт министрлиги эскертет:
- Жол кире канча сомго кымбаттарын Кытай өзү билет!
***
Улуттук-коопсуздук комитети эскертет:
- Үчөөнү бирөө шпион сезген заман - экөөнө зыян!
***
Коргоо министрлиги эскертет:
- Аскерге чакырылып аткан уландар - военкоматтан өзүңөр коргонгула!
***
Экономика министрлиги эскертет:
- Бээ десе төө деген экономика итке мингендер үчүн зыян!
***
Айыл-чарба министрлиги эскертет:
- Буудайдын барар жери - экспорт!
***
Билим министрлиги эскертет:
- Айлыгы кичине, алкымы чоң мугалимдер ата-энелерге зыян!
***
Бекерпозор министрлиги эскертет:
- Белди бүгүп иштөө - радикулитке зыян!


Күлкүлүү үй

Эки студент жигит тааныш кыздын үйүнө конокко келет.
- Бутка кийгенге экөөбүзгө тапичке барбы? - деп сурайт бирөөсү.
- Бар. Мегиле, - дейт кыз.
- Мага тапичкенин кереги жок, - дейт экинчи студент, - менин байпагым жыртык эмес!..
***
Бир кемпир аптекага келет:
- Мага тиги текчеде турган баш оорунун дарысын берип койчу.
Сатуучу:
- Ал деген бойго бүтүрбөс дары да?!
Кемпир:
- Неберем кечинде дискотекага барам деп ээленип атат. Ичирип койсом, менин башым оорубайт эле...
***
Кошунасы келип эшикти тарсылдатат:
- Сизге ким керек?
- Алдагы саксафону-ңардын жаагын жаппасаңар, жинди болуп кетем го!
- Ансыз деле жинди болуп калыпсың. Саксафонум эки сааттан бери тынч эле буручта турат!..
Кыргызстанда жасалма долларды аныктоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Акчанын бир учунан экинчи учун көздөй майлуу чучукту жылдырганда доллардагы президент көзүнүн кыйыгы менен карап калса, анда ал чыныгы бакс.
***
Косметикалык кабинеттин сыртындагы жазуу: "Тайманбай кире бар, баары бир бизди коркута албайсың!"
***
Эки аял жолугуп калат:
- Баягы лунатик күйөөң кантип калды, жакшы болуп кеттиби?
- Жакшы кетти... чатырдан учуп каза болду!..
***
Жайдын толуп турган кези. Дачада эки кошуна маектешип турат. Ортодо бийик жыгач тосмо.
- Кечээ кечинде конок тостуңарбы? Абдан ызы-чуу түшүп бийледиңер окшойт?..
- Кайдагы конок! Тиги алжыган чоң атабыз балчелекти кулатып кеткен экен, азабын биз тартпадыкпы!..













ф