Брежнев өлгөнүн билбеген Осмонов
А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын ичи кайтадан ызы-чуу. "Убактылуу өкмөттүн өзү "не легитимный", ошондуктан мени кызматтан алуу жөнүндөгү жарлыгын тааныбайм" деп театр деректири Болотбек Осмонов азыркы бийликти акырыма теңебей турган учур деди. Убагында Максим Бакиевдин коомчулукка шектүү делген "Азия универсал" банктагы жоро-жолдошторун театрдын малахит залында шапар тептирген экс-деректир ал бийлик эбак кулаганын укпаса керек.

Оштун бажыканасы оозунду кургатпайт!
Ош облусунун бажыканасына жаңы дайындалган жеткечилери жана алардын "кошелоктору", "серый кардиналдары" бардык бажыканаларга барып, "Бизди Атамбаев дайындады, мурда "левый касса" жагын кандай топтосоңор, ошондой топтой бергиле, мурункудай эле күн сайын эсептешип, алып кетип турабыз" деп эсти эки кылып жаткан имиш. Биз буга ишенген жокпуз. Бирок Алмаз мырзанын атын саткандар эмне үчүн көбөйүп баратат, ыя?!


Азикенин арааны оңой эмес
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаров баягы эле күнү "мен референдумдан кийин кызматымды тапшырып, шайлоого катышам" деп безеленген. Арийне, кечээ Аксыда болгон жолугушуусунда элге "мен шайлоого катышпайм, менин жашым өттү, эми жаштарды жөнөтөм, ошолорду колдоп койгула" дептир. Муну уккан билерман саясатчылар Азыке өтө сак, кылдат, шайлоодон шайы жетер добуш таппастыгына көзү жеткендиктен "кесиптеши" Роза Отунбаевадан Жогорку соттун төрагалыгын алам деген адал, арам ишеничи бар дешет.


Бүбүгө барсаң "бүп " дейт
Угушубузга караганда Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Айнура Кенжебаева менен Зулбахира Бекенова жакында жашыруун түрдө көзү ачык аялдарга барып "бүгүнкү олку-солку замандан аман чыгып, күзгү шайлоодо жаңы парламентке илинебизби" деп төлгө ачтырган имиш. Көзү ачык аял ары калчап, бери калчап "күзүндө депутат болосуңар" деп сүйүндүрүптүр. Ага ыраазы болгон эки экс-депутат айым кыязы, эчнерсесин аябаса керек. Урматтуу Чиркешович, уже эки депутат бар, эми 118ине эсеп-чот жасай бериңиз.


Аты-жөнүңүздү эсте: "Кара тизмесинде" эмессиңби?
2-июнда таң эрте менен "Манас" аэропортунан чет өлкөгө учуп жатышкан Шарипа Садыбакасова, Чолпон Абдуллаева жана Сергей Ибрагимов сыяктуу бир нече Жогорку Кеңештин "Акжол" фракциясынын экс-депутаттарынын арасынан чек арачылар Чолпон Абдуллаеваны "сиз кара тизмеде экенсиз" деп учурбай койгон. Көрсө, шарт учкандар убактылуу өкмөт "Акжолдон" чыгып, депутаттык мандатыңарды тапшыргыла, деп талап кылганда "есть!" деп аткаргандар экен. Ал эми Чолпон айым "эл эмне дейт? Чөгүп бараткан кемеден качкан крыса" дебейби деп, буйдала калыптыр.


Баарын Жанышка шылтаган жан алгычтар
7-апрель күнү борбордук аянтта 89 мекендешибизди тигил дүйнөгө жөнөткөн Жаныш Бакиевдин эл атарлары четинен кармалууда. Учурда алардын саны онго жетип УКМК СИЗОсунда сурак берип жаткан кербездери. Үч тамга тараптан соккон "шамалга" караганда кармалгандардын сегизи Жалалабаттын жигиттери имиш. Бардыгы мамлекеттик күзөт кызматында иштегендер. Төртөө офицердик кызматта иштесе, калган төртөө Жаныш Бакиевди жандап жүргөн жансакчылар дешет. Бирок, башына күч келгенде эски кожоюнун унуткан эл атарлар баарын Жанышка шылтап атышыптыр. Маселен, "Биз элди аткыбыз келген эмес, бирок Жаныш Салиевич ар бирибиздин артыбызга бирден снайпер коюп, атпасаңар артыңардан атат деп коркутту" таризинде.




  Пикирофон

Убактылуу өкмөт каршылаштары 27-июндагы референдумду өткөрбөөгө айрыкча аракети бар деп айтышууда. Сиздин божомолуңуз кандай?

Азиза Абрасулова, укук коргоочу:
- Референдумга барсакпы, барбасакпы, бул бийлик канча убакытка чейин турат деген сөздөр ошол убактылуу өкмөттүн ичара ынтымагы жогунан, бири-бирине карама-каршы пикирлер чыгып жаткандыгына карапайым эл таң калып, булардын деле ынтымагы жок турбайбы деп ойлонуп, кимге ишенерин билбей башы катып турат.

Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер:
- Референдумга каршы аракет кылган күчтөр жок эмес. Андайлар боло берет, демократиянын шарты ошондой да. Аны ким уюштуруп жатканын эл деле көрүп турат. Референдум элдин кызыкчылыгы үчүн гана жасалса, жакшынакай эле өтөт. Буга эч кандай кооптонунун кереги жок.

Рахат Ачылова, профессор:
- Байкашымча, убактылуу өкмөттүн тегерегинде чоң күчтөр кандайдыр бир интрига уюштуруп жатат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кебелбей эле "эшектин күчү адал, сүтү арам" дейт. Ушул элге кызмат кыларын ойлоп, шайлоого барып беришсе, өлкөбүздүн келечеги жакшы болмок. Эл өзү эле татыктуусун тандап алат.

Ибрагим Жунусов, экс-министр:
- Чындыгында бул тууралуу уккан эмесмин. Бирок жакшы эле өтөт деген ойдомун. Бул жерде элдин кызыкчылыгын ойлоп, татыктуусун тандап алуу ар бирибиздин милдетибиз. Ал эми убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө айтат элем, эки жүздүүлүктөн алыс болуп, референдумду жакшылап өткөрүүгө аркет жасаш керек деп.

Улукбек Ормонов, экс-депутат:
- Бакиев менен Акаевдин убагындагы кошоматчылар тазаланмайын, таза референдум өткөрүү мүмкүн эмес. Ал үчүн бийликтеги адамдардын бардыгы алмашып, ордуна жаштар көбүрөк келишин күтүп жатам. Себеби, азыркы убактылуу өкмөт мүчөлөрү биринин айыбын бири чукушуп, эки тараптуу каршы пикир болуп жатат. Кыргыз эли кыраакы калк болот. Ошондуктан "Жакшы тилек, жарым ырыс" дегендей өлкөбүздө тынчтык болушун каалайм.

Даярдаган Асел КАРЫПБЕКОВА











ф