Башдүйнө.

Калдарбек БАХТАХУНОВ, врач-нарколог:
"ӨТ, БӨЙРӨК АРКЫЛУУ СПИРТ ИЧИМДИГИ СЫРТКА ЧЫГАТ"
Кантип туура пахмел кылуу керектигин атайын адиске кайрылып кеңеш алдык. Анткени баарыбыз билебиз ичкилик эч жакшы жака алып барбоосун. Ошондой болсо да, "болоору болду боёсу канды" деп ичимдиктин эртеси, ооруган башты туура жазуунун жолдору да ден соолукка өтө зор роль ойнойт экен.

Арак ичип атканда сары май менен закуска кылып ичсе көп мас болбойт. Ичкен күнүнүн эртеси эртең менен карагат менен чычырканактын варьениесин кошуп 3-4 чыны чай ичсе абдан жакшы жардам берет. Ошондой эле, организмдеги спирт аралашкан азыктарды чыгарууда сүт азыктары пайдалуу. Өзгөчө сүзмө, чалап суусундуктары. Дагы бир ыкма катары мончобуусунун пайдасын айта кетсек болот, анткени буунун жардамы менен денедеги уулуу заттарын тер аркылуу алып чыгат. Ал эми медицинада колдонулган "Пропотен" деген дарыны ичкенде денедеги аракты тез чыгарып, ичкен адам аракты көргүсү келбей калгыдай абалга келет.
Алкоголдук ичимдик ичкен күнүнүн эртеси чуркоо боорго күч келтирет. Чуркоо менен адам биротоло боорун талкалап алат. Кычкылтек жетишпей калгандан, жүрөк ишемияга учурайт. Миакард инфаркттына кабылып калышы мүмкүн. Ичкенде кан коюлат да, чуркаганда суюлбайт андан да коюлуп кетет. Чуркоо тескерисинче мээге зыян келтирет. Анткени, ал учурда суюктугун жоготкон мээ клеткалары кысылып турган болот. Адамдын мээси 70%-80% суюктуктан турат. Негизи эле, ичкендин эртеси баш ооруганынын себеби спирт организмдеги суюктуктарды айдап чыгат. Андан көрөкчө заара айдоочу дары-дармектерди колдонсо өт, бөйрөк аркылуу спирт ичимдиги сыртка чыгат. Организмде белгилүү бир суюктук болот. Спирт ошол суюктуктун ордуна туруп калат да денеге тарап кетет. Эртеси ичкен адамдын каны катып, суусаганы ошондон. Медиктер алкаголдук ичимдиктерден арактын ордуна жүзүмдөн жасалган винону сунуштайт

Ичкен күндүн эртеси башты кантип жазасыз?
Куудул, ыраматылык М. Бердибеков айткандай: "Биз эркектер, ичкенде алгач тоту куш, 200гр. киргенден кийин маймыл, андан кийинкисинде чөптү жата калып коркутуп арстан болуп, анан чочкодой оонап жатып калабыз" деп куудулданган жайы бар. Деги эле ар ким ар кандай мас болот эмеспи. Анын сыңары да эртеси ооруган башты ким кандай жазат?




Токтосун Барманов:
"Мушташсам өлтүрүп коёмбу деп коркомун"
- Ичип алгандабы? Эртең менен эрте туруп эле кадимкидей чуркаш керек. Себеби ичкенде кан коюлат да, чуркаганда адам тердеп, кан суюлат. Ошол үчүн, 5 км. ге чейин жай чуркап коём. Пахмел ичүү кайра эле ичимдик ичүү деген сөз да. Мен өзүм арак ичкенден кийин, кичинекей балам менен ойноп, үйдөгүлөрдү күлдүрө берем. Бир сөз менен айтканда "добрый" болуп калам. Үй-бүлөм ошондой мүнөзүмдү жакшы көрүшөт. Жаш кезде спорт менен машыккам, күрөш боюнча спорттун чеберимин. Эгер, мушташсам эркекти деле өлтүрүп коёмбу деп ойлойм. Ошондуктан аялыма кол тийгизген эмесмин. Биз уруша турган деле проблема жок. Акырын гана сөз менен жеткирип коём.


Жамин Акималиев:
"Бир күндө эле дароо таштап салдым"
- Мен арак, пиво, вино, алкаголь ичпегениме 17 жыл болду. 1993-жылы 57 жети жашымда ден соолугум деле жакшы болчу, ыйман жолуна түшүп, кудай деп таштагам. Таштаганда да, бир күндө эле дароо таштап салдым. Ошон үчүн кудайга шүгүр, азыр ичип алып эртеси баш оору дегенди билбейм. Себеби, андан бери 17 жыл өттү.


Шайырбек Абдрахманов:
"Ичкилик темасында сүйлөшкөндү жактырбайм"
- Мен ичкилик ичпейм. Бул нерседен алысмын , мындай проблемам да жок. Эми, ичкен учурлар болгон. Ичкенде чатак жагым жок болчу. Ичкилик темасында сүйлөшкөндү жактыра бербейм. Деги эле кээ бирөөлөр ичкендегисин мактанып айтып беришет, андай адамдарга түшүнбөйм.


Кубан Абдымен:
"Жаштык-мастык болгон эмес"
- Ха-ха... Мени эмне супер шантаж кылган жатасыңарбы? Негизи ичпегендердин катарына кирем. Ичкен кишиден сурабасаңыз, мен бул жагын жакшы билбейт экенмин. Ончакты жылдан бери ичкилик ден соолугума, ыйман жолуна да туура келбеген үчүн ичпей жүрөм. Мурда жаштык кылып ичкен күндөр көп эле болгон. Бирок, эч качан ичип алып жубайыма кол көтөргөн эмесмин.


Марс Сариев:
"Баш жазганга кыргыздын чалабынан өтөөрү жок"
- (Күлүп) Мага ичимдик ичкенге доктурлар уруксат беришпейт. Давлением бар, ден соолугума байланыштуу ичимдик ичпейм. Мурун иччүмүн, мындан 5 жыл мурун туулган күнүмдө катуу мас болуп калгам. Ичип алганда жоош болуп калам, аялыма кол көтөргөн күнүм деле болгон эмес. Анткени, акырын эле жакшынакай уктап калам. Ал эми ичкендин эртеси башты жазыш үчүн кыргыздын чалабынан өткөн суусундук жок. Азыр "Аршан" , "Чалап-шоро" сыяктуу суусундуктар чыгып калбадыбы, ушулар жакшы жардам берет деп кеңеш берем.


Нурайым РЫСМАМБЕТОВА









ф