Партиялар парады кайда апарат?

Ахматбек Келдибеков, экономика илиминин кандидаты:
"Түндүк-Түштүк маселесин жоюуга эң сонун механизм бар"
- Ахматбек мырза, Башмыйзамдын жаңы долбоору жазылып бүтүп, 27-июнда боло турган референдумга чейин коомчулуктун сынына коюлду. Демек, сиздин дагы айта турган сын-пикир, сунушуңуз бардыр?
- Албетте жаңы конституцияны беш жолу кайра-кайра окуп чыгып, мурдагысы менен салыштырдым. Ар бир сүйлөмүнө чейин тыкыр карап, артыкчылык-кемчиликтерин карадым. Менимче, азыркы Башмыйзамда айрым беренелер түшүнүксүз, так жазылбай калган. Эгер ушул вариантын кабыл алсак, укуктук талаш-тартыштарга алып келчүдөй.
- Ал кандай болгон укуктук талаш-тартыш, толук айтсаңыз?
- Мисалы, өкмөттү бекиткенде, түзгөндө биринчи жолу бекибесе, экинчи, үчүнчү жолу бекийт деп турат. Бүгүнкү күндө партиялардын абалын карап көрсөк, эч кимиси шайлоодо алдыңкы орунду ээлеп, парламенттин 65 орунун ала албайт. Эгер шайлоо таза, адилеттүү өтсө, 65 депутаттык мандатты алыш өтө кыйын. Ошондуктан, партиялар өз ара коалиция түзүп, өкмөттү бекиткенге мажбур болот.
Андан тышкары, парламенттик башкаруу ыкмасы кыргыздарга канчалык деңгээлде ылайыктуу? Буга да негиздүү жооп жок. Анткени, 2005, 2010-жылдагы революциялар кыргыз элинин өз эркиндиги, өз укуктары дегенде эч качан артка тартпашын далилдеп койду. Бирок элибиз ага чейин "мунуңар туура эмес болуп калды, тигил кылганыңар адилетсиз" деп жакшы эле эскертишет. Ошон үчүн азыр шашылбай, эл ортого койгон маселелерди ачык талкуулап, анан конституция кабыл алыш керек да. Мисалы, эл мүдөөсүн ойлогон, чынчыл, элим деген киши президент болуп шайланып калса, парламент көп маселелерде, айрыкча, экономикалык маселелерде болочок ажонун бутун тушайт. Андайга жол бербеш үчүн президент менен парламенттин укуктары тең салмакта бөлүнүп, экөө бирин-бири көзөмөлдөй турган абалга жетиши керек. Болбосо, парламенттик башкаруу парламенттик диктатурага айланып, накта ызы-чуу ошондо башталат.
- Бизде дин мамлекеттен бөлүнгөн. Бирок, ар кандай диний агымдардын мүчөлөрү да парламентке келсин деп атышат. Алардын талабына не демекчисиз?
- Башмыйзамдын жаңы долбоорундагы дагы бир мүчүлүштүктөрдүн бири - этникалык жана диний принциптер партия түзгөнгө болбойт деген берене. Бул Кыргызстанды эң чоң конфликтке алып келет. Себеби, түпкү улут арасына башка улуттун көп өкүлдөрүн аралаштыра салып, басымдуу бөлүгү алардан шайланып келет.
- Шайлоо кодексинде региондордон, шаарлардан алынчу 0,5% добуш барьерин алып салышты. Эми ар бир райондун өзүнчө партиясы болбойбу?
- Ушул 0,5%дык барьер бекер алынды. Анткени, трайбализм, бөлүнмөй илдети күчөйт. Ансыз деле учурда уруу-урууга бөлүнмөй өтө күч алды. Азыр партия деген абдан көп. Арасынан бир региондун же райондун кызыкчылыгын көздөгөндөр чыгат. Андыктан бул маселени саясатчылар, юристтер кайра карап чыгып, 0,5% болбосо дагы, 0,3% же 0,2% добуш алуу маселесин калтырышса, процесс өлкөнү биримдикке чакырат. Ар бир партия ар бир регион менен иштешүүгө мажбур болот. Ошол аймактардын тың уул-кыздарын партиянын катарына тарта баштайт. Бул Түндүк-Түштүк маселесин жоюга эң сонун механизм болмокчу.
- Негизи ушул илдеттен арылуунун чаралары барбы?
- Шайлоолорго чукул саясый күрөш күчөөрү белгилүү. Айрым саясатчылар добуш алуунун даргөйүндө регионалдык факторду саясый амбициясы үчүн курмандыкка чалышат. Анан ушундай чалкеш кырдаалда, өзгөчө президенттик шайлоо чукулдаганда, Түндүк-Түштүк маселеси курчуйт. Ушундай болбош үчүн Конституцияга президент бир эле мөөнөткө - 6 жылга шайлансын, эгер ал түштүктөн болсо, келерки президент түндүктөн кезектешип шайлансын деген берене киргизиш керек. Ошондо Түндүк-Түштүк маселеси жоюлат деп ойлойм. "Ынтымак бар жерде ырыс бар" деп бекер айтылбайт. Конституция биздин кийинки келечегибизди, турмушубузду аныктайт. Ошондуктан жаңы долбоорду шашылбастан ийне-жибине чейин кеңири талкуулап алып чыйырга салсак. Биздин мамлекет КМШ алкагында жайгашкандыктан, алар менен тыгыз, алака кылып келет. Алар менен кандай системада, кандай жол менен сүйлөшөбүз деген маселени эстен чыгарбашыбыз абзел. Себеп дегенде, Европа бирикти. Чек араларын ачып, бирдиктүү экономикалык, бажы системаларын калыпка салды. КМШда Россия, Казакстан, Белорусия бирдиктүү бажы союзун түзүүнүн үстүндө. Алар менен биригели десек, ушул үч мамлекеттин саясый-экономикалык сунуштарына, талаптарына баш ийүүгө мажбурбуз. Жалпы кызыкчылык үчүн айрым чечимдерден баш тартууга туура келет. Ошондуктан Башмыйзам боюнча алардын сунушуна кулак төшөсөк ашыкча болбос.
- Негизи Башмыйзам боюнча "Ата-Журт" партиясынын сунушун качан алып чыгасыңар?
- Азыркы тапта биздин партия дал ушул маселенин үстүндө иштөөдө. Алгач, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, коомчулук менен талкуу уюштуруп, анын жыйынтыгына өзүбүздүкүн кошуп, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнө сунушубузду жөнөтөбүз.

Маектешкен Наргиза КОЗУБАЕВА




"На...й дейм!"
Азимбек Бекназаров (А.Б.): - Да.
Бектур Асанов (Б.А.): - Алло, салам алекум, кандайсыз.
А.Б.: - Түзүк, өзүң кандай үкам?
Б.А.: - Жакшы, бардыгы жакшы куда кааласа, иштер жакшы.
А.Б.: - Түзүксүң, шайлоону башта эми, булар бизге жакшылык кыла турган түрү жок.
Б.А. : - Өмүке айтат, эски акаевдердикин, бакиевдердикин койбо, ой кой, шерменде болобуз дедим.
А.Б. : - Эмнени коёбуз дейт? Текебаевдердин айткандарынын бирөөнү да кылбагының.
Б.А.: - Хорошо, анан...
А.Б.: - Биз өзүбүздүн топ менен өзүбүзчө барабыз и Атамбаевдин да айтканын кылба...
Б.А.: - Болуптур жакшы.
А.Б.: - Мага кеңешип иш кылып, ошо кураторду коё бер мага шылтап.
Б.А.: - Эң чоң күч "Жалалабатэлектро", муну эптеп зордоп койдургам да биякка Саладинди...
А.Б.: - Жок мен аракет кылып атам, бирок болбой атат, аны дагы бүгүн чакырам Артыкбаевдердин баарын.
Б.А.: - Артыкбаевди чакыргыла, анан мен Саладинден башка представление бербейм, ошону айтып койгула.
А.Б. : - Азыр сен аны койбосоң..., мен азыр иш козгоп атам, бул укпай койгондорго айтам, Артыкбаевге, сага да иш козгойм, на... дейм.
Б.А.: - Ооба, ошондой кыл, Саладинди катуу айттым, тем более область үчүн иш кылып атат дейбиз, жанагы компроматтардын баарын Төрөбаев деген долб...п жазып атат.
А.Б.: - Ким жазып атат билебиз дейбиз да, а так тиги азыр койгону ким экен?
Б.А.: - Азыр бирөө отурат Абакир деген, андан башка жаш кишини коюш керек, иш билеби ал, Саладиндей ярый киши керек.
А.Б.: - Хорошо, давай жакшы.
www булактарынан

А. Бекназаров менен Б.Асановдун телефон сүйлөшүүсү










ф