Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Көшөгөңөр көгөрсүн

Клара, Бишкектен, 23 жашта.
Кичипейил, сөзүнө турган, түшүнүктүү ата-энесин сыйлаган, жашоого олутту көз караш менен караган, калп сүйлөбөгөн жигиттер менен үй-бүлө куруу максатында таанышат. Бул селки менен таанышкысы келген мырзалар узун бойлуу, кара көздү, келбети келишкен 24-26 жаштардагы жигиттер болусу керек. Байланыш телефону, 0(770) 13-79-35. Бою кичине балдар тынчын алышпаса.

Сырдуу бийкеч,19 жашта.
Туруктуу, билимдүү, шыңга бойлуу баткендик, оштук, 20-25 жашка чейинки балдар менен таанышам. Өзүм сары кыз болгондуктан, кара тору жигиттер чалгыла. 0(770) 19-59-03. Маяка жооп жок.

Арген, Чүйдөн, 22 жашта .
Акылдуу, жан дүйнөсү таза, назик чүйлүк кыздар менен турмуш куруу максатында таанышат. Анда 21-22 жашка чейинки кыздар чамдагыла. Бул жигиттин көңүлүнө төп келсеңиз, ошол эле күн үйлөнүүгө даяр. 0(778) 33-32-13

Зуура, Кара-Суудан, 17 жашта.
Кыргыздын намыскөй, сүйүүгө туруктуу көз караш менен караган ачык мүнөз 20-25 жашка чейинки мырзалар менен таанышам. Жеңил мүнөз, жөн эле шакаба чекиси келген мырзалар убара болушпасын. 0(772) 75-69-14

Адилет, Бишкектен, 25 жашта.
Ак маралдай керилген, аппак жүздүү кыздар менен бирге чогу түтүн булатуу максатында таанышам. Андыктан тың, таза, тамак-ашты катыра бышырган 20-23 жашка чейинки кыздар чалгыла. 0777 69-29-28. Өтүнөм Маяк бербегилечи.

Каныбек, Ноокаттан 36 жашта.
Ыймандуу, намаз окуган кыздар менен таанышат. Жоолукту маска катары салынган эмес, кудайга жүрөгү менен ишенген 19-21 жашка чейинки кыздар маяк бергиле. 0(556) 42-52-89. Өзүм чалам.

Айка, 24 жашта.
Кара тору, узун бойлуу, нарындык жигиттер менен таанышам. Иштеген ишим бар. Мүнөзүм ак көңүл, назик кызмын. Ошондуктан курч мүнөздүү, жигиттик сапаттын баары бар, 24-28 жашка чейинки мырзалар чалса болот. 0(552) 15-21-31.

Эрислам , Оштон, 25 жашта .
Бойдокчулуктан тажап, үйбүлө курууга убакыт келди. Учурда бактыма төп келерлик кыз издеп жатам. Ак көңүл, жан дүйнөсү таза 19-24 жаштагы жалалабаттык кыздар менен таанышам. Таластык кыздар таптакыр чалбаса. 0(770) 51-61-93.

Айнура, Ысык-Көлдөн, 25 жашта
Өмүрүндө дегеле калп айтуу дегенди билбеген, туруктуу жигиттер менен таанышам. Көңүлдөрүбүз табышса кол кармашып биргеликте өмүр сүрүүгө даярмын.. Ошондуктан 23-26 жашка чейинки балдар байланышсаңар болот. Өтүнөм маяк бербегилечи. 0(559) 33-55-40.

Асел, 44 жашта.
Мурда турмуш кургам. Учурда бир балам бар. Жалгыздыктан жадагандыктан, жаныма жан шерик издейм. Иштеген иши бар, эки жүздүү эмес, калп сүйлөбөгөн 46-55 жашка чейинки мырзалар менен таанышам. Балдары болсо деле мейли. Жерлиги кызыктырбайт . 0(553) 23-03-66.

Жусуп, 60 жашта.
Жалгыздык жаш кезинде билинбегени менен карыганда жалгыздыктан жаман нерсе жок экен. Андыктан мени түшүнгөн, жалгыз бой орто курактан өтүп калган боорукер аялзаты менен үй-бүлө куруу максатында таанышам. Байланыш телефонум. 0(779) 13-72-76

Мирлан, Токмоктон, жашы 28 де .
Кыз деген атты көздүн карегиндей сактаган, ыймандуу кыздар менен таанышам. Токтоо, ушак сүйлөбөгөн, тамашакөй 18-20 жаштагы кыздар чалгыла. СМС жазсаңар болот. Телефонум: 0(778) 19-52-15.

Калима, Таластык, 23 жашта.
Кесиби мугалим, боорукер, сөзүнө турган чүйлүк жигиттер менен таанышам. Чылым чекпеген, ичкиликтен алыс болгон 26 жашка чейинки мырзалар чалгыла. Ишемби, жекшемби күндөрү гана тынымсыз байланышсаңар болот.Башка күндөрү кабыл алынбайт. 0(770) 65-03-94.

Нурик, Бишкектен, 24 жашта
Адептүү, ар бир ишти орду менен кылган. 18-20 чейинки кыздар менен таанышам. Эң негизгиси мени жана ата-энемди түшүнүп, сыйлай билген кыздар. 0(778) 30-92-65..

Нурлан, Бишкектен, 33 жашта.
Иштеген иши бар. Кыз-келиндер менен үйбүлө куруу максатында таанышкысы келет. Жашына жана жердигине маани бербейт. Өзүнө ишенген, жашоону түз көз караш менен караган, үйбүлө үчүн баардыгына даярмын дегендер чалгыла. Маяк берсеңер деле болот.0(556) 43-61-36.

Анарбек, Оштук, 24 жашта .
Өзүн тыкан алып жүргөн, жигити жок 18-23жаштагы кыздар менен таанышат. Жерлигине маани бербейт. Болгону жигити бар кыздар убара болушпаса. 0(555) 11-41-22.

Талгат, Таластан, 23 жашта.
Сулуу кыздар менен таанышат. Сырткы келбетине жан дүйнөсүнө төп келген 18-20 жаштагы сулуулар чалгыла. 0(553)15-08-98.

Канат, Нарындык, 25 жашта
Сөздү орду менен сүйлөгөн, таза, тыкан көлдүк, чүйлүк кыздар менен үйбүлө куруу максатында таанышат. Баардык ишти орду менен кылган 18-23 жаштагы кыздар чалгыла. 0(772) 64-30-10. Маякка жооп жок.

Мунара, Жалалабаттан.
Достукка бекем тургун 24 жаштагы оштук балдар менен таанышам. Балким бактыбыз бир болсо, түбөлүккө кол кармашып каларбыз. Мени менен байланыш үчүн 0(777) 44-14-26 номерине чалгыла. Кочкорлук балдар чалбагылачы. Сураныч.

Жеңиш, Көлдөн, 23 жашта.
Ыймандуу намаз окуган кыздар менен таанышат. Кудайга жүрөгү менен ишенген 19-21 жашка чейинки кыздар маяк бергиле. 0(550) 40-28-89. Өзү чалат.

Жоодар, Бишкектен, 30 жашта.
Иштеген иши бар. Кыз-келиндер менен үйбүлө куруу максатында таанышкысы келет. Жашына жана жердигине маани бербейт. Өзүнө ишенген, жашоону түз көз караш менен караган, үйбүлө үчүн баардыгына даярмын дегендер чалгыла. Маяк берсеңер деле болот.0(771) 42-07-25.

Азиз, Бишкектен, 26 жашта .
Моюуну узун аккудай керилген, сулуу кыздар менен таанышат. Сырткы келбетине жан дүйнөсүнө төп келген 18-20 жаштагы сулуулар чалгыла. 0(552)49-42-49.

Айбек, Нарындык, 25 жашта.
Сөздү орду менен сүйлөгөн, таза, тыкан көлдүк, чүйлүк кыздар менен үйбүлө куруу максатында таанышат. Баардык ишти орду менен кылган 18-23 жаштагы кыздар чалгыла. 0(773) 61-32-24. Маякка жооп жок.

Асема, 28 жашта.
Достукка бекем тургун 29-35 жаштагы чүйлүк балдар менен таанышам. Балким бактыбыз бир болсо, түбөлүккө кол кармашып каларбыз. Мени менен байланыш үчүн 0(778)-77-57-21 номерине чалгыла. Нарындык балдар чалбагылачы. Сураныч.

Сырдуу бийкеч, 36 жашта ,
Оштук жогорку билимдүү, иштеген иши бар айым өзүнө турмуш куруу максатында жолдош издейт. Чекпеген, маданияттуу туруктуу, турмушка терең көз караш менен караган мырзалар менен таанышат иштеген иши бар жерлиги маанилүү деле эмес. Бишкекте турат. Мурда үйбүлө куруп, пикир келишпей ажырап кетти. Бир кызым бар, апасыныкында. тел. 0543 00-61-77.

Эркин, 30 жашта
Жерлиги нарындык, Европадан бүтүп келген жогорку билимдүү жигиттин гүлү, намаз окуган ыймандуу, сулуу кыздар менен үйбүлө куруу максатында таанышат. Өзү болсо Бишкекте жашайт, иштеген иши бар жеке ишкер. Отуздун кырына ак боз атты ойнотуп кирип келген кербези. Кыздардагы баалаган сапаты кайната-кайненесин, туугандарын сыйлагандыгы.Күтөм силерди. Таластык кыздар такыр тынчымды албаса. 0555 48-40-98.
Бегайым Шайыпова








кыргыз тилиндеги гезит "Апта"
email • архив • редакция 
27-май, 2009-ж.:
1-бет
...Атамбаевдин бул аракети шайлоого болгон даярдыгы. Ал бизге канчалык көп көө сүйкөсө, өздөрүнүкү ошончолук туура болот деп ойлоп атат...
2-бет
Кожомкулов кокуйлатат
3-бет
Алым Токтомушев
Бирдеме...

4-бет
Темир Сариев, Утурумдук өкмөт мүчөсү:
"Атамбаев элдин эмес, өз башын оорутсун!"

5-бет
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат
6-бет
"Ата кесипти" аткарба, жаңы бийлик!
7-бет
Бектур Асанов, Жалалабат облусунун утурумдук губернатору:
"Бекназаров укпа дегенди укпай калбайм да"

8-бет
Ахматбек Келдибеков, экономика илиминин кандидаты:
"Түндүк-Түштүк маселесин жоюуга эң сонун механизм бар"

9-бет
Каптагаев маселени кабыргадан эмес, капталдан коёбу?
10-бет
"Эл үчүн күйгөн саясатчы, мурунку авторитардык режим тарабында калбашы керек"
11-бет
Канкорлор качып кетти. Кантип?..
12-бет
Аскар Салымбековго рахмат
13-бет
Көшөгөңөр көгөрсүн
14-бет
Ырчы Клара Алибекова:
Кыргыздын кыздары алакандай жери менен барктуу

15-бет
Күлдүрмөт
16-бет
Дельфиндерди өлтүрүп атканда наристедей ыйлайт










??.?? ф