О, спорт

Гүлмиза Сейдалиева, "Айкидо"
федерация президенти:
"Эгер митингге чыксам, эл үчүн чыгам"
- Айкидо менен алектенгениңизге канча убакыт болду?
- Жыйырма жылдын жүзү. Бүгүнкү күнгө чейин сэнсэйлик (устат) деңгээлге жетсем дагы, айкидо боюнча изденип келем. Айкидо адамдын денеси, күчү менен пикир алышуу. Башкача айтканда, сен каршыңдагы адамдын энергиясын албастан, тескерисинче кайрып беришиң керек.
- Башка спорттордон айрымаланып, айкидо боюнча дүйнөлүк, эл аралык мелдештер эмне үчүн болбойт?
- Башка спорттордон айкидонун асман менен жердей айырмасы бар. Маселен бокс айкидодон оор көрүнгөнү менен соккулары өтө кооптуу эмес. Айкидодо адам жалаң сөөк тутумдары муундары менен иштейт. Ошондуктан муун-омурткаларды сынып кетүү коркунучу бар. Себеби, адамда канча сөөк туташ болсо, ошонун бүт баары тең ажырап кетиши мүмкүн. Эң коркунучту жер бул моюн. Айкидо аркылуу адам мээ чарчоосунан, хандростон, унутчактыктан айрылат.
- Айкидо бокска караганда жеңил болгону менен өтө кооптуу жактары бар экен. Андыктан жаш айкидочуларга кандай кеңеш берер элеңиз?
- Баланы окууга жашына карап алабыз. Негизинен айкидого алты жаштан баштан 55 жашка чейин катышууга болот. Сабак берип жатканда аларга этият, аяр мамиле кылып, акырындык менен түшүндүрөбүз. Айкидонун З00дөн ашуун ыкмасы бар. Алгач эле аларды сөөк тутумдары менен кантип иштөө керектигин үйрөтөбүз. Учурда 1000ден ашык шакирттерим бар. Билген нерсемди мурас катары кыргыз элине калтыруу менин максатым.
- Дүйнө жүзү боюнча спорттун бул түрү менен канча аял аракеттенет?
- Азыр аялдар көп эле. Ал эми союз учурунда бир же экөө эле болчу. Алардын ичинен Марина Карпова деген москвалык бир чоң сэнсэй бар. Анын даражасы 5 эле (устаттыктын жогору деңгээли). Кыргызстандагы айымдарда айкидо боюнча машыккан мен эле бар болчумун. Азыр менде инструктор эки аял бар. Алар иштерин аябай жакшы алып барышат. Кыргыздарга негизинен айкидо аябай жагат экен. Анткени биз каныбыз менен сүйүп, "дух техникасын" жакшы өздөштүрөбүз.
- "Дух техникасын" кандай түшүнүүгө болот?
- Бир сөз менен жеткирүү кыйын. Маселен, бир кю (устаттыкка жетелелек машыгуучу) баардык сабактарды калтырбай жакшы аткарып келгени менен, сынак учурунда өзүң көрсөтө албай калышы ыктымал. Тескеринче, анда-санда келип жүргөн студент экзамен убагында духун көрсөтө алат. Бул окуучулардын арасындагы өзгөчө абал. Баардык эле адамда дух болот, анын тарбиялай билиш керек.
- Кийинки убакта спортчуларды, пикеттерге, митингдерге жалдайт деген кеп бар. Сиздин федерацияга да "мени балдарың менен колдоп, коргоп бер, мынча акча беребиз" деген сунуштар болгонбу?
- Андайлар болгон. Бир канча кишилер кайрылышкан. Мен балдарымды кандайдыр бир саясый күчтөрдү коргоп чыгышын каалабайм. Анын үстүнө менсиз алар эч жакка барышпайт. Бирок мага бийлик тарабынан сиз айткан сунушту айткандар бар, мурда да кайрылып жүрүшчү. Алардын арасында атымды өздөрүнүн партиясын имиджи үчүн колдонгондор болгон. Бир жолу өзүм " Арнамыс" партиясына баргам. Бирок, "Арнамыска" бир да айкидочуну киргизген жокмун. Ал партиядан чыгып кеткениме көп болду. Эгер митинге чыксам, эл үчүн чыгам. Мен эч качан акчага сатылбайм жана окуучуларымды да жибербейм.

Маектешкен Бегайым ШАЙЫПОВА




  Дүйнөлүк

Футбол
Декунун кадыры нөлгө түштүбү?
"Челси" командасынын жарым коргоочусу бразиялык Деку атамекени Бразилияга жөнөмөй болду. Себеби, көптөн бери жакшы оюн көрсөтө албаган Деку,
быйылкы сезондо команданын негизги составына көпчүлүк учурда кирбей калган. 2011-жылдын жай айына чейин түзүлгөн контрагына карабай Деку бразилиялык "Флуминенсе" клубуна барат. Африкада өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттан кийин Деку Рио-де-Жанейронун клубдарынын биринде ойной баштайт.

Формула-1
Mersedes командасы Шумахерди айыпка жыгуудан баш тартты
"Формула-1" жарышынын Монаконун Гран-присине өткөн мелдешинде Mersedes GP командасы Михаэль Шумахерди айыпка жыгуу арызынан баш тартты. Монакодогу гонканын акыркы айлампасында Михаэль Шумахер Ferrari нин учкучу Фернандо Алонсону ашып өтүп эле трассадан чыгып кеткен. Дүйнөлүк чемпионаттын регламентинин 40.13 пунктунда марага аз калганда алдыга ашып өтүүгө тыюу салынат. Гонка жарышынан соң стюарддар немис айдоочусун 20 секундалык айыпка жыгууга чечим чыгарышкан.
Бирок, Шумахердин жактоочулары ажылдап атышып, айдоочуну айыпка тарттырышпады.

Хоккей
Чемпиондор чехтерге утулуп калышты
Учурда Германияда хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат кызуу өтүүдө. Маселен, Канада-Чехия беттешүүсүндө чехтер 3:2 эсебинде азыркы таптагы чемпиондорду бозортту. Ошентип, F группасында канадалыктар төртүнчү орунду алды. Эгер, Россиянын курама командасы Финдляндиядан утулуп калбаса финалдын 1/4 чейрегинде Канада менен беттешке чыгат.
Словакияны 3:1 эсебинде жеңип алган Е группасын Германиянын курама командасы 1/4 жолдомого ээ болду. Немистер 7 упай менен Е группасына кирип 3- орунду камсыз кылса, төртүнчү орунга датчандар чыга келди. Россия 12 упай жана Финляндия 9 упай менен алдыда.




Кыргызстанда
"Дордой-Динамо" финалга чыкты
Бангладештин Дакка шаарында АФК президентинин байгесине арналган Кубоктун группа ичиндеги оюну аяктады. Анда "Дордой-Динамо" алгач Тайпейдин "Хасус NCTPE" клубун 5:0 эсебинде жеңип, алган соң Непалдын "Нью Роуд Тим" командасын 3:0 упайында утууга жетишти. Чечүүчү оюнда Бишкектин "Дордой" клубу Бангладештин "Абхани Лимитед" командасы менен беттешип эсеп 0:0 упайы менен аяктады. Үч оюндун негизинде Бишкектин футболчулары 8 упай топтоп, атаандаштардын гол киргизүүсүнө эч мүмкүндүк беришкен жок. Муну менен "Дордой-Динамо" алтынчы ирет Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунда финалга чыкты. "Дордой" клубу бул биринчиликтин эки жолку ээси болгон.


"Алга" - "Нефтчи" беттешет
Бишкек шаарынын "Спартак" стадионунда КРнын чемпиондугу алкагында "Алга"-"Нефтчи" футболдук командалардын матчы өтөт. Бул чемпионат Кыргыз Республикасынын футбол боюнча биринчи айлампанын акыркы оюну болуп эсептелет. "Алганын" 3 жеңиш 1 тең чыгуу менен 10 упайы, "Нефтчи" 3 тең чыгуу, 1 жеңиш менен 6 упайы бар.


Сурат аке, сыйлыгыңыз кут болсун!
Журналистика дүйнөсүнө баш бакканына аз убакыт болгонуна карабай спорт тармагынын көтөрүп уруп, өпкөсүн үзүп, жиниктире кубалап иштеп жүргөн кесиптешибиз, "Учур" гезитинин спорт баяндамачысы Сурат Жылкычиев өкмөт тарабынан "2009-жылдын эң мыкты спорт журналисти" деген наам алды. Сукешти алган наамы менен куттуктап, 50 жашка чыкканына карабай жаштарды кылган ишиңдин чаңында калтырып жүрө бериңиз деп "Аптадагы" кесиптештериңиз

Нурайым РЫСМАМБЕТОВА









ф