Эшиттиңби, эркектана!

Күндө кирсең, күндө кыз
Жасалма кыздык белги модага айланып баратабы?
Кыргыздын салты боюнча кыздар накта кыздык тазалыгы менен башка улуттун кыздарынан айырмаланып келишкен. Ал эми азыркы учурда ыймансыздык күчөп, жеңил ойлуулукка алданып, кыздык намысынан эрте айрылган кыздарыбыз көп. Бирок, турмушка чыгардын алдында кыздыгын кайра тиктирген селкилерибиз көбөйдү. Медицинада бул "иш чара" гименопластика деп аталат же жалпак тил менен айтканда, кыздык белгини кайра тиктирүү. Гименопластиканы бишкектик сойкулар да көп колдонот. Анткени, алардын "мамашалары" андай "кыздарын" 100 доллардан баалап сатышат экен.
Бул иштин кыныгын алып бүткөн күркүлдөргө накта кыздык белгиси барлардын биринчи нике түнү 700-1000 долларга баалашат имиш.

Кайсы өлкө биринчи орунда турат?
Гименопластиканы жасатууда араб өлкөлөрү биринчи орунду ээлейт.
Андан кийинки орунду латын америкалыктар ээлесе, жакынкы эле Москва да бул боюнча алдыңкы орундардын катарында келет. Москвада бул маселе боюнча адистерге көбүнчө мусулман айымдар кайрылып, алардын дээрлик көпчүлүгү үй-бүлө кураар алдында кайрылышат. Алар буга чейин кыздык абийиринен өз каалоолору менен айрылбагандыгын айтышат. Саламаттык сактоо министринин айтымына караганда, мындай иш Москвада үч жылдын ичинде 25 пайызга өскөн.

Гименопластика бул - бизнес
Гименопластиканы бизнес катары пайдаланып, бир эмес бир нече жолу тиктирген да бийкечтер жок эмес. Алардын баасы ар бир мамлекетте ар түрдүү.
Мисалы, британиялык кыз жасалма жол менен тиктирген кыздык абийирин аукционго койгон. Ага катышкан 50 мырзанын бирөөсү мындай модель менен болгон бир түнүн 80 миң фунт стерлингге баалаган. Бул айым жасалма жол менен тиктирген абийирин ушунча акчага баалап жатса, Кудай берген кыз белгисин акча үчүн сатыкка койгон башка бийкечтер да бар экен. Алардын айрымдарын айта кетсек, италиялык 20 жаштагы бийкеч кыздык белгисин 100 миң долларга саткан.
Учурда Америкада өзгөчө 40-45 жаштагы айымдар ушул маселе боюнча адистерге көп кайрылышат. Алардын дээрлик көпчүлүгү үй-бүлөлүү, ал тургай балдары да чоңоюп калган. Бул айымдардан операция жасатышынын максатын сураганда, көпчүлүгү күйөөсүнүн туулган күнүнө ушундай өзгөчө белек тартуулоону каалашкандыгын айтышат.




  Адис эмне айтат, ыя?

Айнура, гинеколог:
Жасалма кыздыктын
накта кыздыктан эч айырмасы жок
- Жакында бир дос кызым турмушка чыгып жаткан эле. Бирок кыздыгы жок. Жардам бербейсизби?
- Качан чыгып жатат. Канча күндүк кылып тигиш керек? Биздики жеке менчик болгондуктан башкаларга караганда, акчасы кымбатырак.
- Канча сомдун тегерегин түзөт?
- 100 долларга тигебиз. Өлчөмүнө жараша болот. Эгер өлчөмү кичирек болсо 50 доллар болот.
- Тиккен жип канча күнгө жетет. Зыяны жокпу?
- О-ой, эч кандай зыяны жок. Эч деле оорубайт. Кыздыкты үч күндүк кылып тигип беребиз. Кадимки кыздыктан эч айырмасы жок. Эгер бир жылдык же айлык кылып тиктиртсе дос кызыңыз кыйналып калат. Эмне дегенде операция кылып, эки жагын бири-бирине дал келтирип туруп тигебиз. Анан 15 күн сайын келип тигилген жерин тазалатып туруш керек. Көпкө чейин отура албайт, жана ал жакка этияттык менен мамиле кылышы керек.
- Мен бир кыздан уккан элем. Тигилген жип баланын жыныс мүчөсүн кесип кетип, өлүп калыптыр деп. Мунун коркунучу жокпу?
- Биз кыздык белги тигип жатканда өтө этияттык менен тигебиз. Кыздыкты тигип жаткан жиптин атын атравматикалык шофтук материалдар (көздүн тамырынан да ичке жип) менен тигебиз. Мисалы, сиздин курбу кызыңыз үч күндүк кылып тиктирип кетти дейли. Ал 1-2чи күнү той болот. Үчүнчү күнү жатканда баланын жыныстык мүчөсүнө эч кандай зыяны жок. Эгер үч күндүк кылып тиктирип, бирок үч күн өтүп кеткенден кийин да жыныстык катнашта болбосо тигилген жип эрип, өзү түшүп калат.
- Эртең канчаларда келсек болот?
- Саат 9-00дөн 16-30га чейин келе берсеңер болот. Бирок бул тууралуу эч кимге ооз ачпагыла. Негизи кыздык тиккенге болбойт. Бирок биз кыздардын келечегин, турмушун ойлоп ушундай жашыруун жол менен абийирин жаап коёбуз. Эми дос кызың деле рахмат айтса керек. Эгер жолдошу буга чейин башка балдар менен ойноп жүргөнүн билип калчу болсо, үйбүлөдө чыр-чатак чыгат. Анан турмушу бузулат. Бизге ушул силер сыяктуу эле жаш кыздар кайрылышат. Жашыруун келип тиктирип алып, жигиттери менен жатып аларды бат эле ишендирип коюшат. Эгер жигити ишенбей жатса, гинекологго барабыз деп жигиттерин кошо ээрчитип келишип, аябай бир образ жараткан учурларды көрүп таң калам. Азыркы турмуштун талабына ылайык биздин кыздар аябай акылдуу.




Алгачкы нике түн өлүм тартуулап...
Жаштыгымдан оор тагдырга туш болдум. Өз кызыкчылыгымды ойлоп кылган ишим өз башыма муш болду. Өзүм Бишкекте өсүп чоңойдум. Мени сыйлаган жигитим бар эле. Тилекке каршы, менин кыздык аруулулугум жок болчу. Бир күнү жигитим баш кошууну сунуштады. Кыздык намысым жок барыштан уялып, шашылыш жеке менчик гинеколог барып тиктирдим. Экөөбүз үйлөнүп, жата турган учур келгенде каргашалуу окуя болду. Себеп дегенде, аны күн мурунтан тиктирип алган жасалма кыздык белги чирип түшмөйүн жатпаш керек экен. Бирок мен тиктирип келген күнү эле күйөөм бул жарык дүйнө менен кош айтышты. Күйөөм кызуу абалында жыныстык катнашка барган эле. Анын үстүнөн төшөк тажрыйбасынын жоктугунанбы айтор мен үчүн унутулгус күн болду. Кан көп кетип калгандыктан аман алып кала алган жокпуз. Көрсө, тиккен жип жигитимдин жыныс мүчөсүн кесип кетиптир. Ошентип жаштыгында ар ким менен ойноп күлгөнүмдүн жыйынтыгы мына ушундай каргашалуу окуя менен аяктады. Менин күнөөм башкаларга сабак болоор деп

Айдай, Бишкек шаары




Сырымды сага ачсамбы?
Биздин гезитте "Сырымды сага ачсамбы" аттуу рубрика ачылды, дарыгерлерден ачык сурай албаган купуя суроолорунуз болсо бизге кайрылыңыздар
- Кыздардын жыныс кынынын узундугу канча сантиметр болот? Ушулар боюнча кененирек түшүнүк берип коёсуздарбы?
Марат, Токмоктон
- Жыныс кынынын орточо узундугу 7-12 сантиметрге чейин жетет. Бирок аялдар дүүлүккөн кезде жатын моюнчасы бир аз өйдө көтөрүлүп, курсак көңдөйү тарапка жылат. Андыктан жыныс кыны узунураак жана кеңирээк болуп калат. Жыныс кынынын тереңдиги аялдардын организминин жеке өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Тактап айтканда, 12 сантиметрден 20-25 сантиметрге чейин болот.
- Сактануунун кайсы жолу ишенимдүүрөөк? Ушул тууралуу кеңири түшүнүк бериңизчи.
Айдай, Кант шаары
- Негизи сактануунун көп жолдору бар. Көбүнчө гормоналдык таблеткаларды ичишет. Акыркы жылдары мындай таблеткалардын курамында гормондору аз, тескери таасири өтө төмөн болгон түрлөрү чыгып жатат. Жатындын ичинде барьердик спираль салдырып да сактанышат. Калпачоктор, диафрагма, ар кандай свечалар, тампондор бар. Ийне саюу жолу дагы бар. Бирок ал 35 жаштан өткөн сөң төрөбөй турган аялдар колдонушат.
Анан ушулардын ичинен презерватив эң ишенимдүү. Анткени бардык эле жерде, ал ар кандай жыныстык катнаш аркылуу жуккан оорудан сактайт. Экинчиден бойго да бүтпөйт. Бизде 4-5 жумага чейинки түйүлдүктөрдү сордуруп алуучу аппарат бар.
- Молочница деген кандай оору?
Тахмина, Бишкек шаары
- Бул оору менен эркектер да жабыркашат. Молочница - грибоктон улам пайда болуучу оору. Грибок кичине өлчөмдө ар бир адамдын денесинде, жыныс мүчөсүндө, ашказан - он эки эли ичегисинде кездешет. Грибок жагымсыз жагдайда - организм алсыздаганда, иммунитет төмөндөгөндө активдүү түрдө көбөйүүгө өтөт. Аялдарда молочница кычышуу жана сүттүн өңүнө окшогон ак суюктук менен коштолсо, эркектерде заара ушатуусу кыйындайт жана булардан да суюктук бөлүнүнүп чыга баштайт. Дарыланууну атайын адистердин кеңеши менен жүргүзүү керек.
Суроолорго №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун гинекологу Асел Ускунбаева жооп берди

Бетти даярдаган Жанбирге ТОКТОБАЕВА









ф