Шампан атылды!

Академик Оморбай Нарбеков:
"Койо жесең-кой калат, тарта жесең-тай калат"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Оморбай Нарбекович, президент жана да өкмөттү чарба жүргүзүү милдетинен бошотуу маселесин көтөрдү. Мамлекеттик чиновниктер армиясын азайтуу амалыбы же?..
- Өкмөт анда эмне, эшек такалайбы? Өкмөттүн эң негизги милдети республика экономикасын өнүктүрүү, эл чарбасын жөнгө салуу эмеспи. Ансыз дагы конституциялык аты бар, конституциялык заты жок кыргыз өкмөтүн минтип алсыратуу эчнерсеге жооп бербеген жеке бийликтин жоопкерсиздигин огобетер күчөтөт. Республика экономикасынын чалмакейин президент чалат, балакет-бастанын баары ага кол койгон өкмөт башында калат. Азыр деле ошондой деңизчи, бирок…
- Кечиресиз, президент ошолеле учурда үч институт - Кыргызстанды өнүктүрүү институтун, Кыргызстанды өнүктүрүү фондун, Инвестиция жана инновация агенттигин ачабыз деди. Президент долбоору боюнча бул биринчиден, өкмөттү чарбалык милдеттен бошотот экен, экинчиден, демек өкмөт чиновниктеринин колунда казна акчасы жок болгондуктан, коррупциядан арылат экенбиз.
- Бул аргасыз күлкү чакыра турган "философия". Акыркысынан - коррупциядан баштайлы. Республикада 5 млндон ашуун адам жашайт. Шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, анын ичинен 2,7 млн адам шайлоого укуктуу. Демек, ошончо кишинин аң -сезими бышып- жетилип, атүгүл андан да өтүп кеткен. Жесе ошолордун арасынан жеп атат, мамлекетти талкалап, тоносо ошолордун арасындагылар. Алакандай жерде жашаган адамдар бири-биринин сырын беш колундай билет. Ким алдым-жуттум кылып атканын, ким республиканын ырыскысын тарптай талап кеткенин, азыр да айбыкпай талап атканын президент алардан да жакшы, атүгүл бир кезде өзү айткандай үй, телефон номурунан өйдө билет. Анын үстүнө Курманбек Салиевич президенттикке асмандан түшкөн жок, же башка өлкөдөн келген жок. Премьер-министр, губернатор, аким болуп жүрүп келди. Ушулар менен күрөшөм деп ант айтып, касам ичкенге чейин барып келди. Ушунча жылдан бери алардын аты-жөнүн билбейм деп ыйманына камчы чаппай айтсын: ишенели. Президент билбесе эл, басмасөз, оппозиция саймедиреп санап берип атыр го, мисалы, Балкыбеков деген ким, Ширшов деген ким, Калыев деген ким, Темирбаев деген ким экендигин. Өткөн парламенттин "найзасынын учу" коррупциянын дайнын, аты-жөнүн айтып атып сынганы жалганбы? Акыры аларды коррупция жеңди, алакушту атынан айтсак, президент Бакиевдин түз, кыйыр жардамы менен. Кыязы бу киши да бийликке социалдык базаны ушулар түзүп келгенин жана түзөрүн түшүндү сыяктанат. Ошондуктан алар тазаланмак түгүл эскертүү да алган жок. Коррупция менен күрөшүү үчүн өкмөт функциясын жоюунун зарылчылыгы жок, болгону эң оболу эң эле жөнөнөкөй касиет-тазалык, анан мамлекет башынын саясый эрки зарыл. Кыргызда сөз бар: "Койо жесең-кой калат, тарта жесең тай калат, койбой жесең не калат" деген. Булар койбой жеп атпайбы, ташты да, кумду да, кенди да, техниканы да. Өгүнү президент айтты го, мен бийликке келгенден берки ийгиликти көрбөгөндөр көздоктур Исманкуловго баргыла маанисинде. Анын сыңарындай тойбой, койбой жегендерди Москвага жибериш керек. Аякта опсолоң опкокторду дарылап атышат. Укол саят, ал дары мээнин бир борборуна барып тийгенде, болду тойдум деп, напсиси тыйылат.
Коррупциянын тамыры өкмөттө эле эмес, андан тереңде. Алыс барбай кечээки мисалды алалы. Мына, шайлоого аралаш атактуу Аксай, Арпанын кандайдыр бир бөлүгү Кытайга берилиптир деген чуу чыкты. Атбашылыктар толкуй баштады эле аны мен билбей, укпай калыпмын, эми билип атам, берилбейт, деп токтотту. Кудум башка мамлекеттен башка мамлекетке түшүп калгансып. Парадокс ошондо да. Президент чегарасынын бузулуп, жери башка өлкөгө арендага кетип атканын билбесе, мамлекет бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактайм деп ант бергени, сактаганы кайсы?
Мейли ал ал болсун. Ал эми мынабу Жетим тоону эмне дейбиз? Мамлекет менен мамлекет иштешип атып, мамлекеттик деңгээлде келишим түзүлбөй, республиканын стратегиялык маанидеги темир кенин бир райондун жетекчиси Кытайга кармата берсе…Мейли, акыйкатчы Т. Акун айткан 34 миң га жер эмес, аким айткан 13 миң га жер болсун. Мындай күлбөс жер менен күлдүрө турган окуя дүйнө тарыхында жок. Жок нерсени Кыргызстандан гана жолуктурууга болот. Мисалы, жөнөкөй сержанттар эл депутаттарынын колун кайрып, сабап, камап салган кайсы парламенттүү өлкө тажрыйбасында бар? Мен КСДП депутаты Балыкчынын күч органдарына шайлоого киришпөөсүн, таза шайлоо өткөрүлүшүн көзөмөлдөөгө жардам берүүсүн талап кылса, сабалганын эске алып атам. Ал депутаттын артында бери дегенде 50-70 миң киши турат, ошол депутатка жумшалган таяк 50-70 миң шайлоочуну башка чапкандай эле кеп. "Акжолчу" депутаттар ал кесиптешинин, дегеле парламенттин арнамысын, укугун коргоонун ордуна эми анын колтийбестигин алдырып, эптеп соттотуунун амалында. Мен кечээле Балыкчыга барып келдим, милийсалар депутатты кантип кордошконун көргөндөр айтып атат.
- Андай окуялар бизде кийинки мезгилде эчкимди таңкалдырбай калды. Арийне, Аксай, Арпа да, Жетим тоо темир кени да президенттин макулдугусуз Кытайга берилиши мүмкүн эместигин элдин баары билет, бирок айтпайт. Ошонүчүн бизде коомчулук түзүлөлек, мамлекеттик инстинк ойгонолек деп келебиз. Батышта ушундай жоруктар байкалсынчы, коомчулук оңчул, солчул дебей бириге калып, президентти кайра шайламак тургай, иштеп атканын кызматтан айдоону талап кылмак. "Бекер быштак капканда гана болот" дейт орус макалы. Анын сыңары кошоматчылар коомчулугу Бакиевдин кадыр-баркына бекер берилип жатат деген кытай тракторлору, автобустары ошол "быштактын" "капканы" гана болушу ыктымал. Бул эми чоң сөз. Сүйлөшүп аткан маселеге кайрылалычы. Ошол үч жаңы институт өкмөт функциясын аткара алабы?
- Тескерисинче, ал институттардын милдетин кыргыз өкмөтү ансыз деле аткарууга милдеткер болчу. Мисалы, президент айтып атыр: Кыргызстандын өнүгүү фондун түзөбүз, "ал улут масштабындагы коммерция долбоорун түзөт жана ишке ашырат". Мурда бул кыргыз өкмөтүнүн функциясына кирчү эмес беле. Аты башка, болгондо да баш айлантма, конкретикадан алыс болгонуна карабастан, кирчү. Албетте, аткарылышы башка кеп. Анткени өкмөт башы деп башка киши аталганы менен, айталы аны экс-президент Акаев өзү башкарчу, президент Бакиев андан бешбетер мыкчып башкарып атат. Анын токонаалаты Акаевге калды, Бакиевде калалек. Азырынчы Ф. Кулов, А. Атамбаев, И. Чудиновдун мойнунда. Ал эми "аны… ишке ашырат" дегенди кандай түшүнөбүз? Каржылоо маселесин финансы министрлигинен алып, кандайдыр бир коомдук уюмга (!), мүмкүн президенттин өтө "ишеничтүү" адамдарына тапшырабыз дегендикпи? Анда бюджетти да ошолор түзсүн.
Же Инвестиция, инновация, өнүгүү (кайрадан!) улуттук агенттигин алалы. Экөөнүн аталышы уйкаш болгону менен экөө эки башка мекемеде же жеке адамдын демилгеси менен аткарыла турган процесс. Маселең, инновация жаңы идея, ачылыш, ойлоп чыгаруу сыяктуу түшүнүккө жакын. Илимий негизин жана ага колдонула турган технологиянын сапаты менен масштабын башка институт аныктайт жана аны инвестициялоо, каржылоо башка институттун, анын ичинен биринчилерден өкмөттүн милдети. Жаңы ачылган идеяны же табылганы мамлекет колдогондо гана коом күчтүү өнүгүп-өсөрүн өнүккөн өлкөлөр тажрыйбасы небак тастыктаган. Европада бардыгы даяр турса, велосипед ойлоп чыгаруунун кажети канчалык деп коёт го, анын сыңары андай институттар аңгырап бош турса, дагы бир чиновниктер "фермасын" ачып, багуунун зарылчылыгы канчалык?
Фактыга кайрылалы. Мамлекеттик патент кызматы деген атайын уюм бар. Ойлоп табуучулардын (а инновация процессинин уюткусу ошолор), индивидуалдуу менчиктин ж. б. укуктук, экономикалык кызыкчылыгына кызмат кылат. Ал институтту түзүп, ойлоп табуучулардын бардыгын чогултуп, жаңы патенттердин эсебинен мамлекеттик мекемени өзүн-өзү багууга жеткирген техника илиминин доктору Роман Оморовду жаңы бийлик кызматтан ыргытты да, ордуна Улан Мелисбек деген аты-жөнү белгисиз компьютерщикти алып келип койду. Ал келгени мекеменин башы чыр-чатактан чыгалек, атүгүл ал негедир саясый түс алып кетти.
Ал аз келсе, Акаев ачып, вице-президент Оторбаев жетектеп кеткен Инвестиция совети иштеп атат. Аларды көзөмөлдөй албай, идеясына, демилгесине жардам берүүгө же колдоого жарабай улам жаңы институт ачуу менен президент кимди алдайт? Элдиби? Эларалык финансы институттарынбы?
Дагы бир опурталы оңой эмес жагдай. КР илимдер академиясын таптакыр талаага таштап салдык. Фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын ичинен (прикладдык да, идеологиялык да) жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү таап, сунуш кылууга анын турмушта канчалык эффективдүү экендигин аныктай турган улуттун мээсин таптакыр элеталаада калды. Ошонүчүн чыныгы адис окумуштууларыбыз илимден четтеп же башка мамлекеттерге кетип жатат. Илим чөйчөгү бөксөргөндөн бөксөрүп барат. Алар аткара турган ишти башка бир чаласабат чиновник аткарууда. Президент ача турган мекеме - Кыргызстандын өнүгүү (кайрадан!) институту аталат дедик. Башкы милдети - өнүгүүнү интеллектуалдык жактан камсыз кылуу.
Байкап атасызбы, жаңы ачыла турган институттардын дээрлик бардыгынын президент белгилеген милдети Илимдер академиясынын аткара турган, өнүгүү деген да, инновация, инвестиция деген да академиянын казанында кайнап, бышып, илим негизинде аныкталып, эсептелип, аныкталып, анан өкмөткө, коомчулукка сунуш кылына турган турган процесс. Президент анын ордуна Секретариат деген элди, жерди, республиканы билбеген саясый ашпоздор бригадасын түзүп алып, алар жазып, өзгөлөр эмес, өзү да араң түшүнгөн текстти окуп берип атпайбы.
- "МК-Кыргызстан" гезитине жарыяланган маегинде белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова: "Президенттин "асмандан түшкөн ачылышында" карама-каршылыктар кадам сайын учурайт. Аны түзгөн секретариат кызматкерлери Конституцияны да, политология боюнча окуу китептерин окубагандай таасир калтырат" деп, менимче, таамай белгиледи. Курманбек Салиевичтин шайлоо алдындагы президенттик программасы да көпчүлүк анча түшүнө бербеген абстрактуу, тумандуу жазылганын айрым саясатчылар айтып чыкты эле. Эмне үчүн мындай?
- Канчалык түшүнүксүз болсо, ошончолук табышмактуу, ошончолук илимсымал туюлат. Адам баласында ушундай бир жеңил ойлуу касиет бар. Аны еврей элинин айрым өкүлдөрү бизге окшогон жаңыдан өнүгүп келаткан калкка кыянаттык менен пайдаланат. Эки президентибиз тең эле ошолордун жазып берген элге түшүнүксүз сөзүн сүйлөп, алар көрсөткөн багытка эмне болорун билбесе да башоту менен кирип келбедиби. Мисалы, К. Бакиевдин бул сөзүндө "Атамекен" же "Родина" деген сөз тап душманындай жоюлган. Текстке караганда Кыргызстан жөнеле "территория" же "бул өлкө". Биз болсо анда эмнеге жашап жүргөнүбүздү эмдигиче билбеген "малбыз". Ошондуктан түзүлө турган тармактардын ондон бири да биздин чыныгы турмуштан чыккан жок.
- Оморбай Нарбекович, эми аны аркимдин оюна коёлу. Менин байкашымча Улуу курултайдан башка идеялар сизге анчалык жакпайт сыяктанат. Макул, андай институтту президент өткөн жылдын акырында Коомдук палата деп уюштуруп, анысы куурай башын сындырганга да жарабагандыгын эске албай, Курултайды уюштурдук, Конституцияга дагы бир жамаачы салдык. Анда парламент эмне кылат? Аларды да эл шайлаган да…
- Биринчиден, мен ал институттарды жактырбай койгон жокмун. Тек, бизде андай калыптуу, салттуу институттар бардыгын, болгону аларды көңүл сыртында калтырып багыттай, башкаралбай жатканыбызды айттым. Бардык базасы бар, дапдаяр нерселерди жок кылып, жаңы институт ачабыз деп чамынуунун канчалык кажети бар, канча каражат керек деп атам. Экинчиден, өткөндө кеп кылбадык беле, парламенттин көпчүлүгү бир мандаттуу түзүлүп, ага бийликке көз каранды эмес, тайманбаган, таза кишилер шайланып келсе маселе жок эле. Улуу курултай арга жоктун айласы болуп атпайбы. Көрүп турабыз, күпкөгө салган койдой кылып, мамлекет бийлигинин бардык тармактарына "акжолчуларды" айдап кирип атат. А "Акжол" деген сөз "Бакиев", "үйбүлөлүк башкаруу" деген сөздүн синоними экендигин бала да билет. Бийликтин үч бутагы - парламент, сот, аткаруу бийлиги, Конституцияда көрсөтүлгөндөй көзкарандысыз болсо, Курултайдын кылдай да зарылчылыгы жок болчу. Биз ал маселени арга кеткенинен альтернатива катары көтөрүп атабыз. Ачыгын айтуу керек, андан корко турган кооп да күч: президент курултай эле курултай дейсиңер. Мына курултай түзүп салдым деп өзү жетектеген Кыргызстан калктар ассамблеясы, же атактуу совпартхозактив сыяктуу күнкарама уюм ача салышы ыктымал. Байкасаңыз, президенттин сунушунда ар түркүн конфессия, этномаданият деген каңкуу арбын. Жок, Улуу кеңеш түпкү, уңгулуу элдин кызыкчылыгына биргелешип кызмат кыла турган адамдардан куралышы керек. Калган диаспора өкүлдөрү, андай талапка көналбайбыз дешсе, жол ачык, өздөрүнүн опол орноктуу Атажурту бар.
Алым Токтомушев