Жанкумар

Самат Дөлөтбаков, ырчы:
"Сойкуга жалгыз барбайт да"
- Самат элибизде "улуу сөздө уят жок" дейт эмеспи. Сиз төшөк маданияты боюнча атайын сабак алып көрдүңүз беле?
- Төшөк маданиятын ар бир адам изилдесе керек. Кандай кылганда туура жана туура эмес экенин билип алса ашык деле болбойт. Өзүм негизи убагында изилдегем. Тажрыйбаны практика жүзүндө көрүш керек деп ойлойм.
- Интимдик маселеде билимдин же тажрыйбанын кереги барбы?
- Албетте, кереги бар. Алгач анатомияны жана психологияны билүү зарыл нерсе.
- Төшөк маданиятысыз жашоого болобу?
- Айта албайм. Жок дейин десем жашоодо мындай көрүнүштөр бар. Ар бир адамдын кыялына жараша болсо керек деп ойлойм.
- Досторуңуз менен бир кызга барып көрдүңүз беле?
- Кудай сактасын. Эч качан андай болгон эмес жана болбойт. Бул менин көп принциптеримдин бири.
- Белгилүү ырчы болгон соң, кыздар төшөккө чакырышкандыр…
- Албетте, мындай учурлар көп болот. Кээ бир күйөрмандар ырчылар менен болууну каалайт. Мындай учурлар үйлөнгөнгө чейин көп болгон. Азыр кудайга шүгүр, үйлөнгөнүмдү билип азайып калды. Кээ бири телефон аркылуу сунуш кылышат. Андайда мен үйбүлөлүү экенимди айтып, сылык гана баш тартууну адат кылдым.
- Демек, үйлөнгөнгө чейин төшөк даамын татыпсыз да?
- Мен үйлөнгөнгө чейин бойдок мезгилимде жакшы жашадым, көптү көрдүм жана үйрөндүм. Бир күнү байкем "Самат дүйнөдөгү бүт аялдар менен боло албайсың" деди. Ошондон кийин токтолдум.
- Эми таптаза өтөм деп ойлосузбу?
- Бул сурооңузга мындай деп жооп берет элем. Үйбүлөм мен үчүн абдан ыйык жана бийик деп баалайм. Бирок биз эртеңки күнү эмне күтүп жатканын билбейбиз. Негизи жубайын алдап, башка аялдарга же кыздарга барган туура эмес. Мен мындай көрүнүшкө каршымын.
- Аялыңыз менен алгачкы түнүңүз сизге эмне өзгөрүү, эмне ырахат берди?
- (Күлүп) Албетте, төшөк алгачкы жана негизги нерсе болуш керек. Ал эми ырахат алыш үчүн алгач романтика же кандайдыр бир унутулгус мамиле керек.
- Сойкуларга баргансызбы, аларга болгон көз карашыңыз?
- Мен Кыргыз-Түрк лицейин бүткөм. Досторум да динге ишенген, намазга жыгылган балдар. Элибизде макал бар эмеспи, "Досуңду алып кел, сенин ким экениңди айтып берейин" деген. Ошон үчүн сойкуга жалгыз барбайт да. Негизинен, сойкуларга терс көз караштамын.
- Гомосексуалисттерге кандай карайсыз жана табият жараткандан кийин аларды күнөөлөөгө болобу?
- Аларга болгон көз карашым жакшы. Анткени, 2002-2003- жылдары моделдик агенттикте иштегем. Ошол жерде гомосексуалдар да иштешчү. Алар өзүлөрү жөнүндө айтып берип, эмнеге ушундай болуп калышканын түшүндүрүшкөн. Демек, алар да биздин коомдун толук кандуу мүчөлөрү деп билем.




Шыркабар
Тынчтыкбек Кожобеков Жетекчилик милдет аткарып жүрүп, үч-төрт жылдан бери эфирге чыкпай калган. Эми кайрадан эфирден алыстабай чыга баштады. Эки күн болду "Би-би-Ай" деген программа ачып, өзү алып барып атат. Андан сырткары "Миң Кыял FM"дин сайттын жаңылап турмакчы. Ошондой эле күз айларында борборубуздагы кафелердин биринде, ырчылар арасында чоң фестиваль уюштуруп атыптыр.

"Мелис Эшимкановдун жардамы менен биздин топ Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан "Досторго" деген ырыбызга клип тарттырып келдик. Буйюрса, үйбүлөбүз менен концерт берели деп даярдык көрүп жатабыз" деп кубануу менен кабарлады Гүлзат Байзакова.

Сыймык Бейшекеев жакында эле чыгармачылыгынын 15-жылдыгын белгилеп, "Сахнада 15 жыл" атуу концертти элге берди. Ушул эле концерт менен коңшу Казакстан, Россиядагы мекендештерибизге да тартууласам деген пландары бар. "Жолуксам" деген ырына клип тарттырып бүтө сала, "Ак жамгыр" аттуу ырына да клип тарттырайын деп жатат.

Төкмө Азамат Таалай ар бир айдын 20сында тарых музейинде "Айтыш" фонду өздөрүнүн чакан айтыштарын өткөрүп турушарын айтат. Сентябрь айында өткөрө албай калышкан. Октябрь, ноябрь айларына кызуу даярдык көрүп жатышыптыр.

"Элдин ишеничин актап, чыгармачылыкта максаттар көп. "Кыз узатуу жана "Кусалык" деген ырларымды жаздырып бүттүм, о. э., "Кош дайра" деген ырга клип тарттырып бүттүм" дейт ырчы десең ырчы, тамада десең тамада, ажы десең ажы жигитибиз Майрамбек Осмонов.

Нэнаны Францияга конкурска чакырышкан. Ырчы кыз учурда жолго камынып атат. Буга дейре "Суранба" деген ырына клип тарттырып бүттү. Жакында көрө алабыз, буйюрса.

Бекчоро ноябрь айы ортолоп жеке концертин берүүгө даярдык көрүп, чыгармачылыктын үстүндө иштөөдө. Жаңы ырларды жаздырды жана "Айчырай" деген ырына клип тарттырып бүттү. Мындай чоң каражатты талап кылган клип Кыргызстанда 1- жолу тартылды.