Жылдыз төлгө
17-сентябрдан
24-сентябрга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Маанилүү жумуштун баарын ушул жумада бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Анткени көп тоскоолдуктарга учурабайсыз. Мойнуңузда турган баардык жумушуңуз бүтсө акчалуу болуп калууңуз мүмкүн. Аракет кылсаң берекет дегендей.
Букачар (21.04 - 20.05)
Жума башы моралдык жактан оор маанайда башталат. Жакындардын жардамысыз бул күндөрдү баштан кечире албайсыз. Ал эми аптанын ортосунда болуучу жолугушуулар жагымдуу маанайда өтөт. Жума күнү бир нерсе сатып алсаңыз ийгилик сиз тарапта болот.
Эгиздер (21.05 - 21.06)
Бул жума сизге көптөгөн ийгиликтерди алып келет. Бирок ошентсе дагы ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн аракеттерди кылуу керек. Кандай жумуш кылбаңыз аягы үзүрлүү болот. Андыктан кичине болгон түйшүктү көтөрө билиңиз.
Бөйөн (22.06 - 22.07)
Бул жумада өтө сак болушуңуз керек. Өзгөчө жолдо жүргөндө этият болуңуз. Бейшемби күнү жакшы кабар угуп, жума аяагына чейин жакшы маанайда болосуз. Жакшы маанай менен көп жумуш бүтүрсө болот. Андыктан баардык жакшылыктар алдыда экенин эске алыңыз.
Арстан (23.07 - 23.08)
Апта ичинде сиздин эркиндигинизге чек койгусу келгендер четтен чыгат. Ал жакын адам болобу бей таанышпы жаныңызга жолотпоңуз. Күтүлбөгөн жерден болгон коркунуч жаман. Ал үчүн сак болууга аракет кылыңыз. Жуманын аягында өзүңүздү эркин сезип, эс алсаңыз болот.
Бийкеч (24.08 - 23.09)
Дүйшөмбү күнү жакын адамдарыңыз менен пикир келишпестик болушу мумкүн. Күнөөнү башка бирөөдөн эмес өзүңүздөн дагы карап көрүңүз. Бирок аптанын ортосунда жолуңуз болуп, жаңы ийгиликтер коштолот. Жума аягында көптөн күткөнүңүз орундалышы ыктымал.
Тараза (24.09 - 23.10)
Азыркы убакта түзүп жаткан пландарыңызды мүмкүн болушунча өзүңүз чечүүгө аракет кылыңыз. Бул жолу досторуңуздан кеңеш суроонун кажети жок. Жуманын экинчи жарымында кыялданып жүргөн максатыңыз ишке ашышы мүмкүн.
Чаян (24.10 - 21.11)
Жуманын башынан баштап маанайыңыз жакшы болот. Шейшемби күнү финансылык абалыңыз жакшырат. Аптанын жума күнү жагымдуу кабар угасыз. Жуманын аягы тоскоолурак болуп, сизден чыдамкайлык талап кылынат.
Жаачы (22.11 - 21.12)
Жеке жашооңузда алдыга болгон умтулууңуздун акыбети кайтып, жакыныңыз менен болгон мамилеңиз андан ары өөрчүйт. Бул жумада жакшы таанышуулар күтүп турат.
Текечер (22.12 - 20.01)
Аптанын биринчи бөлүгү сиз үчүн жакшы ийгиликтерди жаратат. Жакын адамыңыз менен романтикалуу кеч өткөрөсүз. Жан шеригин таба электер бул жумада экинчи жарымын табуусу ыктымал. Колго түшкөн коёнду коё бербей өз бактыңыз үчүн күрөшүңүз.
Суу пери (21.01 - 19.02)
Сиздин жүрөгүңүздү өйүп жүргөн финансы маселеси чечилүүчү убак. Бир гана сиздин чечкиндүүлүгуңүз талап кылынат. Жума же ишемби күнү жакын адамыңыз менен конокко барып калууңуз ыктымал. Андыктан баарына даяр турганыңыз оң.
Балык (20.02 - 20.03)
Бул жума сизге болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди тартуулайт. Баштаган жумушуңузду бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Бирок жети өлчөп бир кесүүгө аракет кылыңыз. Аптанын ортосунда сизден жардам сурагандар болушу мүмкүн. Колдон келсе жардамыңызды аябаңыз.