Оборотен - Адамзаттан айбанатка айлангандар
Дүйнөдө ар кандай жандыктар кездешет. Адам менен айбандын ортосунда калган жандыктар да жок эмес. Бүгүнкү күндө көптөгөн Голливуд фильмдеринин, мифтердин, уламыштардын жана китептердин каармандары болуп келген оборотендер чындыгында эле болгонбу? Же жөн эле элдин оюнан чыгарылган жөө жомокпу? Же ооруунун кесепетинен ушундай дартка кабылганбы?


Оборотен деп заар, жырткыч карышкырга айланып кетүү жөндөмүнө ээ болгон теңи адам, теңи айбан жандыктарды айтышат. Адамдын каны жана эти менен жан багып, өз курмандыктарына түнкүсүн жортуулга чыгышат. Көпчүлүктүн ою боюнча оборотендер сырткы жүндөрүн ичине киргизип, адам кейпине кире алат деген ишеним болгон. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде тура экендиги далилденбей туруп,оборотен деп шектелген адамдарды аёсуз жазалап, алардын дене мүчөлөрүн туш тарапка бөлүп салышкан.
Кээде оборотендерди адам кейпинде да байкашкан. Бул жандыктар адамдардан денесинин жөндөмдүүлүгү, курчутулган сөөмөйү менен ортоңку манжалары тең болгон. Алардын адамга айланган мезгили көпчүлүк учурда жарадар болгон маалда кездешкен. Мындай мезгилде оборотендерди кармап жүрөгүнө күмүштөн жасалган ок, же болбосо бычак менен сайып, андан соң денесин өрттөп салышкан. Элде оборотенди жерге көмсө, кайрадан туруп вампирге айланып кетет деген ишеним болгондуктан, жогорудагыдай жол менен алардан айрылышкан.
Эгерде уламыштарга кайрылсак, андагы кээ бир маалыматтарда оборотендер илгертен эле белгилүү болгон психикалык ликантропия ооруусунун айынан чыккандыгы айтылган. Мындай дартка кабылган адамдар оборотенге айланбаса да өз оюнда өздөрүн жырткыч элестетип, чыныгы оборотенге окшоп адамдарды өлтүрүп, алардын денелерин кемирген учурлар көп болгон.

Оборотенге айлануунун жолдору
Эски маалыматтарда кээ бир адамдар каалабаса да ай толгон мезгилде карышкырга айлангандыгы жазылган. Ошондой эле адамдардын арасында өз каалоосу менен оборотен болууну самагандар да жок эмес. Дал ушул максатта магияга чуркап баргандар да көп кездешкен.Орустардын эски уламыштарынын биринде карышкыр болуу үчүн токойдо жыгылып калган бактын үстүнөн секирип өтүп, ошол даракты медден жасалган бычак менен чукуп, атайын дуба окуу сунушталган. Ошондой эле келечекте оборотен болууну каалагандар карышкырдын буту баскан сууну ичүүнү, же болбосо анын мээсин жеш сунушталган. Дагы бир жолу болсо ай толгон түнү апийим, түлкүнүн жүнү, жарганаттын каны жана өлтүрүлгөн ымыркайдын майын аралаштырып, бир казанга кайнатып андан соң аны өз денесине шыбоого туура келген. Денесин майлап бүткөн соң дуба окуп, карышкырдын арбагына сыйынып, өзүнүн оборотенге айлануусун суранган. Мындай ритуал жыйынтыкталган соң адам айбанга айланып, ар түнү жортуулга чыгуучу оборотен болуп чыга келген.

Уламыштар
Оборотендер тууралуу уламыштар карышкырлар көп кездешкен ар бир аймактан табылат. Карышкырларды оборотенге айланып кетет деген ой менен орто кылымдарда Британия аралдарынын жашоочулары карышкырларды аёсуз кырып отуруп, акыркысын XVIII кылымда өлтүрүп тынган. Ошондой эле ликантропия илдетине кабылган адамдар да оборотен катары саналып өлтүрүлгөн. Мындан сырткары оборотендердин жаралышына берсеркирлер аттуу баатырларда себеп болушкан. Кызуу кандуу болушкан берсеркирлер айбандын терисинен кийинип, узун чач жана кырылбаган сакал-муруттары коркунучтуу келбеттери менен өзгөчөлөнүшкөн. Алардын талоонуна калышкан кошуна айылдардын тургундары чындап эле оборотен катары кабылдашкан. Уламыштагы кээ бир маалыматтарда берсеркирлер согуш учурунда каардуу аюулар менен карышкырларга айланып кеткендиги айтылган.
Ирландиялыктарга тиешелүү болгон айылдардын биринде токойдо адашып кеткен чиркөө башчысы адам тилинде сүйлөгөн карышкырга жолуккандыгы маалымдалган. Карышкыр болсо каза болоюн деген аялына дуба окуп коюусун өтүнүп, кайгылуу трагедияны айтып берген. Карышкыр өзүнүн тукумуна каргыш тийип, ошондон тарта карышкыр бойдон келе жатканын, эгерде өз тукумунан аял менен эркек жети жыл бирге карышкыр бойдон түтүн булатышса, каргыштан айрыларын айткан. Карышкырдын сөзүнө ишенбеген чиркөөчү качан гана өлөйүн деп жаткан карышкыр аялга айланып каза болгондо ишенип, дуба кылып аны жерге көмгөн.












ф