Конфуций
Луньюйдан (маек
менен ой толгоо)

- Калкты канткенде амирге каш кактырбай башкарууга болот?- деп сурады князь Ай - гунн.
Аган Устат Кун минтип жооп берди.
- Эгер таза адамдарды таза эместер тепсеп турса, калк амирге каш кайтарбай койбойт. Эгер таза эместерге эмес, таза адамдарга тан берилсе, калк амирге каш кайтарбайт.
Цзыгун мамлекетти кантип башкаруу керектигин сурады.
- Калкты жетишерлик тамак-аш менен камсыз кылуу керек, - деп жооп берди Устат. Аларды курал - жарак менен да жетишерлик камсыз кылуу шарт. Жана да эл ишенимине ээ болуу зарыл.
- Кокустан ушулардын бирөөнөн баш тартууга тура келсе, кайсысынан биринчи баш тартуу керек? - деп сурады Цзыгун.
- Курал - жарактан,- деди Устат.
- Дагы бирөөнөн баш тартууга тура келсечи?
- Тамак-аштан,-деди Устат -анткени атамзамандан белгилүү: өлүм ансыз да ар башта бар. Ал эми ишенимден кетүү деген - мамлекеттен ажыроо деген кеп.
Устат Вейге бет алды, аны Жан Ю араба менен тартып баратыр эле.
- Бул жерге эл көп жайгашкан экен.- деди Устат.
- Мынчалык көп элге кандай шарт түзүү керек?, - деп сурады Жан Ю.
- Байыганга,- деди Устат.
- Байып алгандан кийин эмне кылуу керек?- деди Жан Ю.
- Тарбиялаш керек.- деди Устат.





чындык
Бир кичинекей бала Азирети Пайгамбарга келди. Эненсинин бир көйнөк сурап кел деп жибергенин айтты. Пайгамбардын үстүндөгүсүнөн башка көйнөгү жок эле. Балага кийинчерээк кел деп айтты. Бала кетти. Кайра келип, энеси Азирети Пайгамбардын кийип турган көйнөгүн сурап кел деп жибергенин айтты. Азирети Пайгамбар үйүнө кирип, үстүндөгү көйнөгүн чечип балага берди. Ушул учурда Билал намаз убактысы келгендиктен азан айта баштады. Бирок Аллах Элчиси үстүнө кийе турган эч нерсе таба албагандыктан жамаатка кошула албады. Кээ бир сахабалар келип, эшик тыкылдатып, үйгө киришти да, пайгамбардын көйнөксүз отурганын көрүштү.
Бир киши Азирети Якуб алайхис саламга:
" Эй, жүрөгү нурлуу, акылдуу пайгамбар! Юсуфтун көйнөгүнүн жытын Египеттен келе жатканда туйдуң да, эмнеге жаныңдагы кудукка ташталганда аны көрбөдүң?" деп сурайт.
Якуб алайхис салам:
"Биздин бул тууралуу ээ болгон теңирдик насибибиз чаккан чагылгандардай. Ошондуктан чындыктар бизге кээде ачык болот, кээде жабылат!" деп жооп берет.

күзөтчү

Лайлиси үчүн жана ага ашыктыгынан чөлдөрдү кезген Мажнун шилекейи аккан, түлөгөн бир итти жакшы көрүп, аны сылап, көздөрүнөн өөп жатты. Муну байкаган бирөө чыдай албады, Мажнунга бакырды:
"Эй, Мажнун! Бул эмне кылганың? Бул айбанды эмнеге кучактап өөп жатасың?"
Мажнун жооп берди:
"Сен толугу менен бир кебетеден, бир формадан, бир денеден гана түзүлгөн болсоң, мен кылган ишти кантип түшүнмөк элең! Карачы, ошончо көп айылдын ичинен барып, Лайлинин айылын журт кылып, ал айылга күзөтчү болуптур!" деди.


айырма

Азирети Али дарактын көлөкөсүндө отурганда бир кедей келип, муктаждыктарын айтат. Азирети Али радиаллаху анху жерден бир ууч кум алып, окуп дем салат да кедейге сунат. Кедей кумдун алтынга айланганын көрүп кубанат, таң калат жана жалбарып:
"Эй, момундардын амири, Аллах үчүн мага окуганыңды үйрөт!" дейт.
Азирети Али Фатиха сүрөөсүн окуганын айтканда кедей жерден бир ууч кум алып окуйт. Өзгөрүш болбойт. Кызыгуу менен Азирети Али:
"Бул эмне?" деп сурайт.
Азирети Али радиаллаху анху:
"Экөөбүз тең Фатиханы окудук. Бул - ооз жана жүрөк айырмасы!" дейт.










ф