Нарындан жазган репортаж

"Атамбаев - Президент!"

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусун кыдырып, көлдүктөрдөн үлкөн колдоо тапкан соң ат тизгинин Ат-Башыга бурду. Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунун эли менен кең-кесири баарлашты. Карапайым турмушту кантип жакшыртып, кыргыздын эртеңки тагдырын бүгүн кантип түзүү механизмдерин түшүндүрүп, чыныгы лидерлик сапатынан жазбай, Теңир-Тоолуктардан тоодой бата алды. Бардык жолугушууларда адам саны КТР басмырлап көрсөткөндөй эмес, күтүлгөндөн алда-канча көп болуп, эл турмушундагы ачуу чындык ачыкка чыгып турду. Нарындыктардын көйгөйлөрү деле Ысык-Көлдүктөрдүкүнөн ашып түшкөн социалдык, экономикалык кабат-кабат түйшүктөр менен катар саясый кырдаалдын оорлошкону болду. Нарын эли жаратылыш ресурстарынын сатылышына караманча-каршы экенин баса белгилешип, "соодагер бийликке жол жок!" деген бүтүмгө бекишти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн "жанын чыгарып" жер-жерлердеги жолугушууларга 2000ден 5000ге дейре чамалай калк чогулуп жатышты. Көпчүлүктүн ыраазычылыгы "Атамбаев - Президент!", "КТРдин ыплас каралоосуна ишенбейбиз!", "Алмазбек сен үчүн баарына даярбыз!" деген ураан-сүрөөндөрдөн билинип турду.
Айрыкча Ат-Башылык аксакалдын "Өлкө лидери Ленин менен Сталинге окшош болушу керек. Сталин өлгөндө жалгыз гана күрмөсү (китель) болгон. Карагылачы, биздин хан эмне кылып атат" деген сөзү жарданган элдин жүрөгүн тилип өткөндөй болду. Аксай, Арпа чатагы, Кыргызстан-Кытай мамилеси боюнча түбү терең түйүндөр талкууланды.
Кыскасы, Нарын журту хан болуучу уулуна ат мингизип, тон кийгизип ак бата менен узатышты. "Калп" дегендерге жооп катары береги сүрөттөрдү назарыңызга тарттык.
Калыгул
Бейшекеев