Досбол доордо

Абдубакир Имаров, "Ата Мекен" партиясынын Баткен областтык төрагасы:
"Губернаторлук орун 100 миң доллар экен"
- Абдубакир мырза, Баткенге революциядан кийинки губернатор боло калган кызматыңыздан кеп кылсаңыз?
- 24-март күнү Баткенде да элдик революция ишке ашты. Ошол күнү элдик курултай өткөрүлүп, анда 5 миңден ашык киши катышкан. Бул адамдарды топтоп революцияга катышкандыгым үчүн Баткен областынын губернаторлук креслосунда 15 күн отурдум.
- Ага чейин кандай кызматтарда болдуңуз эле?
- Ал кызматка келгенче "Жаңы Кыргызстан" партиясынын райондук, областык төрагасы болуп иштеп келгем. Андан мурда эки жыл Кара Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштегем.
- Анда эмне үчүн губернаторлук кызматыңызды уланткан жоксуз?
- Анын себеби, ал кызматта бир жума иштегенден кийин, Үсөн Сыдыков менен Нур уулу Досбол Акүйгө чыкырып "президентке беседага киресиң, даярданып кел" деп калды. Мен айыл чарбалык иштерди бир сыйра карап, катуу даярдыктар менен президентке келгем. Адегенде Нур уулу Досбол кабыл алып, "даярданып келдиңби" деп сурап калды. Мен көңүлүмдө эч нерсе жок, ооба суроолорго даярданып келдим десем, "сен мени түшүнгөн жок окшойсуң, мен сени даярданып кел дедим" деди. Мен унчукпай туруп калсам, бул баарибир түшүнбөдү деди окшойт, айтор "анда кана даярданганың" дегени мага "акчаң кана" дегендей эле туюлду. Бул эмне дегениң десем, "сен кандай түшүнбөгөн немесиң, сага дагы кантип түшүндүрсө болот" деп каардана баштады. "Сен даярданып кел десең, мен башым менен даярданып келдим" десем, ордунан тура келип, менин жакама асылып кетти.
- Бирөөлөрдүн көзүнчөбү?
- Эч ким деле жок болчу. Болгону, кабылдамасында бирөө, анан "буфетчицасы" бар экен. Мен да кекиртектен алганда тиги ичкеридеги кыз чыга калганда, Досбол уялып кетип мени кое берди. Ачууга алдырбайлы деп кайрадан жай олтуруп, "мен сени кеңешкенге чакырдым эле, сен капа болбо, сен өзүң каалаган районду айт, ошол жакка аким же мэр кылып жөнөтөйлү" деп калды. Бул кызматчы десем, "сен буга өзүң макул болбой атасың го" деп калды. Эмне кылышым керек эле десем, "бери жагын, кылбайсыңбы" дегенинен "менде андай акча жок" дедим.
- Канча акча талап кылды?
- Ал учурда канча экенин айткан эмес. Кийин, ал орундун "ставкасы" 100 миң АКШ доллар экенин уктум. Анча сумма эмес 10 миң доллар бергенге да алым жетпейт болчу. Болсо да бермек эмесмин. Анан Үсөн акеге бардык. Ал "өзүнүн инисинин жакын досу бар экен. Ошону губернатор кыласыңар деп өзү айтты сен капа болбо, туура түшүн, каалаган районуңду айт, сени ошол жакка аким кылып жөнөтөбүз" деди. Анан мен Үсөн аке мени жаш бала кылып ойнобогула, мындан төрт жыл мурда силердин мындай экениңерди билген эмесмин. Мен силерге мени губернатор кыласыңар деген эмесмин. Өзүңөр элге койдуңар, алардын ыраазычылыгы менен колдодуңар, эми бүгүн чакырып алып, минтип атканыңар туура эмес дедим. Андан көрө ачыгын айткыла десем, "өзүң билесиң, бул революция үчүн президент көп акча коротту, ошонун ордун толукташ керек" деди. Мен Досболго да айттым, сизге да айтам мен силерге бир тыйында бербейм. Акаевди эмне себептен куудук. Ушундай жашоодон арылыш үчүн. Силердин оюңар да ушул экен. Керек болсо, мен силердин кызматыңарга түкүрүп туруп чыгып кетем дедим.
- Эмне үчүн, акимдик кызматтан баш тарттыңыз?
- Себеби, мен акимдик кызматка барсам да кийинчерээк чакырып акча сурамак. Бул бийлик иш баштабай жатып акча сурап жаткандан кийин аягына чейин акча сураарына көзүм жетти да ошол жерден токтотуп коюуну чечтим. Булар менен жүрүп абийир таппасыма көзүм жетип, акимдиктен да, мэрликтен да баш тарттым.
- Ошодон бери эмне иш кылып атасыз?
- Андан бир жылдан кийин "Ата Мекен" партиясына кир деп сунуш болду. Көп ойлонуп, бул партияга мүчө болуп кирдим. Ошол убакыттан бери төрага болуп иш алып баруудамын.
- Ата Мекенчи экенсиз, эгерде Атамбаев президент болуп калса, кайра, Баткен областынын губернаторлугун сурайсызбы?
- Жок, кызмат сурабаймын.
- Жаңы Кыргызстан партиясына кандайча кошулуп калдыңыз эле?
- Үсөн Сыдыков менен Досболду мен жакшы билем, айыл өкмөтү болгондон кийин, райондун акимине чоң оппозиционер болуп, губернаторлук менен тирешип, Айбалаевдин бир топ иштерин акчыкка чыгарып анын жүзүн ачкамын да. Ошол себептен ал менин артымдан чукулап, эч нерсе таппагандан кийин негизсиз кызматтан бошотуп койгонго жетишти. Ошондон соң Абсамат Масалиевдин кийлигишүүсү менен макулдугумду берип, Жаңы Кыргызстан партиясынын райондук уюмун түздүк. Революцияга чейин иштеп келдим. Ал убакта бул уюмда 3000дей адам бар болчу. Үсөн Сыдыков "Бакиевди шайлап алсак, утуш биздики болот, түштүк элинин жашоосу абдан жакшы нукка бурулат" деп кайра-кайра кайталап, түштүк элин түндүктүктөргө ачык эле кайрап келген. Мен губернаторлукка отурганыма эки күн болгондон кийин, Досбол Нур уулунун бир тууган иниси келип, 26 кишинин тизмеси катталган бир барак алып келип сиз ушул кишилерди кызматка коет экенсиз деди. Алардын экөөсүнөн бөлөгү Досбол Нур уулунун Самаркандек зонасындагы жакын туугандары болуп чыкты.
- Сиз буларды жеке ич күйдүүлүктөн кийин айтып аткан жоксузбу?
- Жок менде эч кандай ич күйдүүлүк жок. Тескерисинче, кызматка барбай, таза, курч жүрсөң, үнүң да, боюң да бийик болот экен. Артың таза болсо, коркпойт экенсиң. Мен ошондо бийликке барганымда булганып калат элем, бүгүнкүдөй сүйлөй албайт болчумун.
- "Баткендиктер Бакиевге гана добуш берет" дегендерге кошуласызбы?
- Жалпы элдин атынан бүтүм чыгарып сүйлөө туура эмес. Өткөн аптада Курманбек Бакиев Баткенге келди. Жолугушууда көпчүлүктүн көңүлүн иренжиткен, чектен чыккан кошоматчылык, дүңүрөйгөн "дүжүрчүлүк" сөздөр айтылды. Өзгөчө, баткендик эки "дүжүр"чалдын сүйлөгөн сөздөрү бир чети көпчүлүктүн кыжырына тийсе, экинчи жагы күлкүсүн келтирди. Анткени, чалдардын бири ажобузга бир топ нерселерди божурап, сөзүнүн акырында бир маанисиз анекдот айтып бүтсө, экинчиси андан да жакшы көрүнөм деп ойлогон окшойт: "Урматтуу Курманбек Салиевич! Сизди түркмөнбашыдай кылып түбөлүк Хан кылабыз! Ал үчүн баткендиктер ушул шайлоодо сизди 147% бодуш менен шайлап беребиз! Ылайым сиз бизге түбөлүк Кыргызбашы болуп калыңыз!" деп сөзүн бүтүп атып эреркеп толкунданып кеттиби: "Эми токтоп туруң, үка! Мен сизге атап бир куран окуп коеюн" деп кадимки кайтыш болгон жерде окулчу куранды окуп кирсе болбоу. Жарыктык чал куранды өтө узак окуп, элди жадатып, алыскы айылдардан өкмөт башчылары атайы айдап келишкен адамдар, район-шаарлардан жана областтык мекемелерден сүрүлүп келинген кызматкерлер буттары талып кыйналгандыктан күбүрөп сөгүнө башташты. Куран окулуп бүттү. Көпчүлүк эл жабыла дуба кылышты. Мындайга кыжырданган баткендиктер көп.
P.S. Маек фактыларынын аныктыгын мамлекеттин атайын кызматтары аткарууга тийиш. Биз демократия дөөлөттөрүнө ылайык, а кишинин пикирин жарыяладык.
Жумабай Абдан




  Крик души

ПРОЩАЙ, СтрАХ!
Кыргызы испокон веков были кочевниками, всегда двигались вперед. Современные кыргызы - оседлый народ, но это не должно означать, что мы должны остановиться во всем. У нас теперь есть своя территория, свой народ, культура, ценности, которые мы просто обязаны сохранить, а не дарить с помощью определенных людей соседним странам.

Мээрим Шамырканова, штаб БЭК

Да! У нас все хорошо! У нас территория стала меньше! Это же здорово! Нам повысили пенсии! Также как и цены на газ, воду, продукты питания! За нас все решено! Это же так удобно! Не надо думать, кто достойнее и кто будет думать не только о своем благополучии, но и о своем народе, о своей стране! "Конечно Бакиев!" - гласят огромные баннеры со всех сторон! И никто даже в этом не сомневается! А попробуй усомнись в этом! Сразу уволят, а если ты не работаешь, уволят твоих родных и близких, это же так просто!
Почему наш народ бездействует? Потому-ли, что так удобно, не нужно ни к чему прилагать усилия, не нужно думать и напрягаться, ведь за нас все итак уже решено или потому, что с БКС бесполезно бороться? Люди боятся! Со стороны нашего глубокоуважаемого и его подданных идет такое давление, что народ стал смиренно ждать, что на этот раз за них решили. Но неужели мы так и будем жить в страхе и ожидании очередной милости в виде мизерного повышения пенсий или начала каких-то грандиозных проектов, у которых возможно и не будет завершения, или мы будем объединяться и бороться за свою жизнь и за свои права и свободы? Люди боятся возмутиться, ведь пропадают известные люди, которые осмелились критиковать власть, а родственники их теперь утверждают, что они полностью поддерживают Бакиева! Получается так и будем жить?
Я лично против такой жизни! Я буду бороться за свои права и свободы! Я строю свою жизнь сама и призываю остальных строить свое будущее самим и жить не одним днем, а думать и делать все для своего достойного будущего!
А разве можно с БКС бороться, это же бесполезно и опасно! Конечно, можно избавиться от неугодных, но ведь невозможно избавиться от всех неугодных, получается, придется избавляться от доброй половины Кыргызстана. Да, это сейчас он президент и всех держит в страхе, а что если все объединятся и проголосуют за другого, более достойного и справедливого. Кыргызстанцы достойны такого правителя как Атамбаев! Мы не призываем вас митинговать, мы пришли к вам с добром и позитивом, мы призываем вас к правильному выбору, выбору, который изменит не только вашу жизнь, но и жизнь последующих поколений в лучшую сторону!
Так что, дорогие кочевники, вперед, к нашему общему светлому будущему! Все в наших руках! Пора начать бороться за свое будущее!
Вперед, кочевники! Вперед к светлому будущему нашей замечательной страны! Только общими усилиями мы добьемся развития страны в целом. Пора уже объединиться и начать действовать! Бириксек колдон келет! Вперед с позитивом к светлой жизни без насилия и диктаторства! К тому, чего мы достойны! К тому, чего МЫ хотим!
Только действуя, можно прийти к чему-либо, в нашем случае к истинно-демократической стране, с равными для ВСЕХ условиями (слово всех включает весь народ Кыргызстана, а не угодные определенному кругу людей)
23го июля - день, который станет началом лучшей жизни для ВСЕХ!