Сейрек кадр

Чүйгүндөр
Президенттик шайлоо болбогондо бул сүрөт жаралат беле, жаралбайт беле... Аз мурда, 19-июнь күнү береги турналардай тизилген үлкөндөр түбөлүк эстелик үчүн деп тарыхый элеске тартылышыптыр. "Ну что" дээрсиз. Кызыгы, саясый маңызында. Накта ортодо күлүмсүрөй жадырап түшкөн президенттен бөлөгү чүйлүктөр. Чүйдүн чүйгүндөрү экен. Дээрлиги Акаевдин тушунда атагы чыккан аткаминерлер. Бүшүркөп атсаңар аты жөнүн эрикпей, солдон оңго атай кетели: Медетбек Керимкулов, Чубак Абышкаев, Аскар Жумагулов, Садык Авлесов, Жаныш Рүстөнбеков, Арзымат Сулайманкулов, Апас Жумагулов, Абдыбек Суталинов, Феликс Кулов, Күмөн Исаков, Болот Кененбаев, Курманбек Бакиев, Султан Мамбеткалиев, Болот Кумаров, Кубанычбек Сыйданов, Адамкалый Чыныбаев, Жалгап Казакбаев, Арстанбек Ногоев, Курманбек Кубатбеков, Шайлообек Ниязов, Бакирдин Субанбеков, Данияр Үсөнов...
Арасында аким, губернатор, мэр, министр, премьер, башпрокурор, ректор, элчи өңдүү майталкандуу орундарды майыштыргандар.
Бул сүрөткө атайын жолугушуудан соң түшүшкөн. Кеп ошол "атайын жолугушууда" жатат. Өздөрүн "Биз чүйдүн каймактарыбыз" деп эсептегендер чогулушуп, Апас Жумагулов аксакалдын амири менен ажого жолугушуу уюштурулган. Жолугушуунун ток этер урааны - "Урматтуу Курманбек Салиевич, сизди Чүй облусу 100 пайыз колдойт!" маанисинде өтүптүр. Ылайым, ажобузду жапырт колдосок кана?! Кашайып, адаттагыдай жакшы маселеден тарбайган куу бутак өнө берет эмеспи. Анда ал бутактын учун сындырып көрөлү.
Эмне үчүн чүйлүктөр? Эмне үчүн Кыргызстандыктар, же кыргыздар эмес? Эмне үчүн жалаң чүйлүктөр бөлүнүп алып ажону "менчиктешет"? Эмне үчүн 100 пайыз чүйлүктөрдүн колдошуна кепилдик берет 20 чүйлүк? Эгер булардын катарында Алмаз Атамбаев менен Темир Сариев турушса мындай суроолор жаралбайт эле. Ошол эки көзүр чүйлүк ушу тапта "менин баланча миң кишим бар" деп ажолукка ат салышып атышат. Кимисине ишенебиз? Деги карапайым чүйлүктөр Атамбаев менен Сариевди ээрчийби же, Кулов менен Рүстөнбековдубу? Галстугуңар болгон менен калыстыгыңар жок, эй! Ажону ынандырыш үчүн "Чүйлүктөрдүн 90 пайызы сизди, 10 пайызы Атамбаев менен Сариевди колдойт" десеңер, саал окшошмок. 100 пайыз деп ар бир чүйлүктүн койнуна жатып чыккансып бүтүм чыгарганыңар - бери дегенде кошоматчылык, ары дегенде ажону алдагандык.
Ооба, кызматтык мүмкүнчүлүгүңөрдөн улам кол алдыңарда иштегендерди, студенттерди 101 пайыз "колдотосуңар". Бирок, өкмөт-сөкмөтү жок эле өз жанын өзү бакканы үчүн очойгон салык төлөп жашаган эл катмары бар. Калың. Бирине-бири көржар алып-сатып күн кечкен базарчылар, дипломун кучактаган жумушсуздар, калыссыз мыйзамдан кабыргасы кайышкандар арбын. Андайлар чүйдө толтура. Алар силерди колдобошуна мен 100 пайыз кепилдик берем. Ишенбесеңер, Атамбаев менен Сариев чогулткан чүйлүктөрдүн алдына ушинтип түгөл тизилип чыккылачы... башыңарга канча бакулажка тиер экен...
Мынчалык дэңгээлде жолугушуу уюшулуп, президент кабыл алып аткан соң берки 6 облустан деле 5-6 дан өкүл чакырып, катарыңарга кошуп алып "Бүт Кыргызстан сизди колдойт" деп урааласаңар кыйла эп болмок. Трайбализмдин тыйраң жытын "пу-уп" эткизбей. Же, чүйлүктөр апакай, калгандар көмүрбү? Анткен менен шайлоо алдында ажонун көңүлүн момент алып коюпсуздар, ак тизмеге илинип. Балким силердики туурадыр. Биздин мурун "дүжүр саясаттын" жытын илгиртпей искейт эмеспи. Негедир, сүрөтүңөрдү көргөндө ошол тааныш жыт каңылжарды жарып кетти. Жытыңды искейин, ай!...




Түркөй түр
Жасалма шайлообу?
Гладиатор
"… Максимус! Максимус!.." ушинтип ураалап дуу түшүп турушту түмөн римдиктер. Жаны жаңы эле үзүлгөн Максимустун сөөгүн көтөрүп кетишти. А Максимустун колунан ажал тапкан Рим империясынын башчысынын өлүгү талаада калды. Генерал-гладиатор Максимус менен жекеме-жекеге аргасыз чыккан ал - алаканына мыкчыган бийлигине таянып, канчалык арам куулук кылбасын барыбир… Голливуд кашкайта тарткан. Римди сактап калуу үчүн бийлик талашкан ак менен каранын күрөшүн. "Гладиатор" фильминдеги тарыхый саясаттын үлгүсү азыркы биздин саясатка бап келип аткандай.
Контраст
Албетте, "өлтүр, же өл" деген жоокерчилик заман жок. Бирок, "кызыл-жаян" согуштун жаңыча формасы ачыктан-ачык жүрүүдө. Бийлик үчүн күрөшкөндөр гезиттерде, теледе, көрнөк-жарнактарда бири-бирин аеосуз талкалоодо. Калппы? Калп десеңиз Улуттук каналды караңыз. Көргөндөн уяласың. Президенттике талапкерлердин үгүт иштерин экранда чагылдыруу укугу алты талапкерге бирдейби? Жок. Кайта-кайта эфирден кетип аткан сюжеттен мисал тартайын. Курманбек Бакиевдин жер-жерлерди кыдырып район борборлорунда эл менен жолугушуусу салтанаттуу майрам. Гүлдөр, шарлар, кол чабуулар… Орден-медалы жалтыраган "Бакай" калпакчан абышкалар, элечеги оймо-чийме кемпирлер, мугалимдер, доктурлар, окуучулар, шаңдуу музыка… Айыл өкмөтү, аким, губернатор дегендердин мээнети даана көрүнүп турат. Ага кошул-ташыл түлкү мүнөз диктордун кубулма обондуу үнү жарышып дегендей. Буга удаа Алмазбек Атамбаевдин эл менен жолугушуулары көрсөтүлөт. Аны Орусиянын атактуу крим киносу "Бригаданын" музыкасы коштойт. Оозун ачкан тиши жок кишини, башын тырмаган бети бырыш аялды, түкүрүнүп отурган жубарымбекти, бирин-серин караанды көрсөтөт. Баягы диктор обонунан танып, коркунучтуу кабар угузгандай сүйлөйт. "Мас" дейт, чогуу ичишкенсип. "Сушняк" дейт, ичине кирип чыккансып. Ичсе-ичкендир. Колунда кызматы жок адамдын ичкени трагедия деле эмес. Кудай кызматты колго алган соң, Көл, Кеминге борбордон 20 миң сомдук аракты жашиктеп ташытып ичкенден сактасын! Андан ары берки талапкерлер жөнүндө үзүл-кесил маалыматча кетет. Мындай контраст эстүү көрөрманды иренжитип, "Улуттук-өкмөттүк" телеканалдын тузун кемитет.
Маскарапоз
Талапкерлер ортосундагы бири-бирин ыксыз караламайга, кара технологияны колдонмойго бу кыргызың кырынан жата калат экен го. Айып этпегиле, талапкерлердин дарегине орой чакырыктар айтылганы жашыруун болбой барат. "Алкаш", "катын", "наркоман", "бандит", "базарчы", "аткан"… Жүрөк ооруйт. Эртеңки биз жашаган өлкөнүн тагдырын колуна алчу адамдарды минтип ыплас шалпактатканыбыз уят. Ар бир атуул алты талапкерди бирдей сыйлап, көңүлүнө төп келгенин шайлоосу шарт. Шайлоочунун жан дүйнөсүнөн орун тапкан талапкерди канчалык мокочо көрсөтсөңөр да барыбир ошону шайлайт. Акылдуу адамдын эрки эч убакта сатылбайт. Кооз сөздөр менен козутуп, "обещать этип" маскарапоз болуу бийлик имерчү кишинин ишиби? Кыргыз бийлигин маскарапоз эмес, падыша башкарууга тийиш.
Сабатсыз саясат
Ошто, Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин көрнөк-жарнактарын айрып-тытып түнү менен "тазалык" операциясы жүргөнүн айтышууда. Ушу да күрөшпү? Кагаз менен кошо өзүнүн кожоюнунун абийирин айрып атканын ал шордуу кайдан билсин. Кыргыздын сүрөтүн кыргыз тытып, кыргыздын тешигин кыргыз чукуп, кыргыздын башын кыргыз жутуп… Түркөй бийлик менен сабатсыз саясат элдин-жердин кутун учуруп бүттүбү? Көрнөк-жарнактан өч алган жасалма шайлооңо да баракелде! Баса, жакында бир гезит жазды: "Бийликтин "бөрк алчулары" Ош-Жалал-Абаддан 40 чакты бүбү-бакшыларды Бишкекке алып келди" деп. Анысына да баракелде!..

Бетти даярдаган Азамат Кыязов