Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, "Атамекен" партиясынын лидери:
"Күчүбүздү бийликтегилер сезип атат"
- Чүйдү кыдырганыңызда сиз менен жолугушууга чогулган эл Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдогонуңуз үчүн катуу кубатташты дешет. Ошону өз оозуңуздан уксак...
- Чүйдү дээрлик кыдырып чыктык. Анда БЭКтин бирдиктүү талапкери сөз болгон жерде элдин баары бул шайлоодо Алмазбек Атамбаевди толук колдой тургандыгын айтып, жүздөгөн-миңдеген шайлоочучар өз тилектештигин билдирип атты. О.э. көзкаранды эмес уюмдардын сурамжылоосу боюнча да Атамбаев шайлоонун биринчи турунда эле шайлоочулардын жарымынан көп добушун алары бышыкталды. Албетте, аркайсы региондо түрдүүчө көрсөткүчтөр бар. Айтсак, Түндүк регионунда биздин талапкер 70%, айрым жерлерде 80-90%га чейинки добушка, Түштүк тарапта 35-40% га ээ болору ачык билинип калды. Ошол эле учурда К.Бакиевдин Түштүк боюнча мүмкүнчүлүгү деле 35-40%ды түзүп, Атамбаевдикинен ашып кеталбады. Мунун себеби, Бакиевдердин идеологиялык таянычы жок болуп, регионализмге басым жасап, элдин дагы бир бөлүгүнө туура эмес түшүнүктөрдү калыптандырып койгондугу. Ошонүчүн Түштүк элинин кээси "Бакиев биздин уул болгон үчүн колдойбуз" деген түшүнүктө жашап атат. Бул азыркы бийликтин негизги колдоочулары. Албетте, аз да болсо түндүктүк колдоочулары бар, бирок алар бүгүнкү мамлекеттик системанын жактоочулары. Мындайча айтканда кызматтагылар, жарым криминалдык чөйрөнүн бийлик менен табакташ өкүлдөрү жана бизнесмен, ж.б...ж.б... Булар барыбир элдин азчылыгын түзөт. Жолугушууларда байкалгандай, биздин жарандардын күндөн күнгө саясый сабаттуулугу көрүнүп, эмне жалган, эмне чын экендигин жазбай таанырын көрүп атабыз. Аларды бүгүн алдаш мүмкүн эмес. КТР ж.б. бийликке көзкаранды массалык маалымат каражаттары БЭКтин бирдиктүү талапкерин канчалык каралабасын, эл баарыбир андай материалдардын артында бийликтин ыпылас саясаты турганына көзү жетип, натыйжада бийликтин өзүнө терс таасирин берүүдө. Бул кайра Бакиевдин негизги атаандашы Атамбаевге жакшы шарт түзүп, ага бийлик тарабынан "бекер" үгүт иши камсыздандырылып атат.
- Өзүңүз билесиз, КТР же бийликке көзкаранды маалымат каражаттары чагылдырган материалдар Акаев учурунда эле кайра бийликтин өзүнө теңирден-тескери таасир берип, эл ишениминен ажырап калган. А Бакиев бийлиги бул тенденцияны мурдагыдан да күчөтүп жиберди. Кызыгы, ошону жасап аткан эски досуңуз Эшимканов мүмкүн оппозициядагы мурунку санаалаштарына жеңичинен "жантартып" аткан жок бекен?
- Айтор кандай болсо да КТР жана бийликке көзкаранды маалымат каражаттары учурда Атамбаев үчүн опол тоодой эле таяныч болуп берүүдө. Алар Бакиевди үстөккө-босток чагылдырган сайын, эл байкуш жерди сабап, "эмнеге Бакиевден башка талапкерлер көрсөтүлбөйт!" деген адилет сезими ойгонуп, шайлоочулардын бийликке карата нааразычылык сезимин күчөтүп атат. Эмнеге дегенде КТР өз көрсөтүүлөрүнүн 90-95% убактысын К.Бакиевге арнаса, башка теле-радио компаниялары деле андан кем калган жери жок. Мунун өзү - Бакиевди шайлоо үгүтүнө мамлекеттик ресурстун баары колдонулуп атат деген кеп. А муну эл түшүнбөй атат дейсиңби? Шайлоо адилеттиги болбой тургандыгын эл ушундан эле көрүп турат. Мындан сырткары бүтүндөй мамлекеттик структуралар Бакиевге иштеп атканына элдин кыжыры кайнабайт бекен. Мисалы Бакиевдин Суусамырдагы эл менен болгон жолугушуусунда губернатор, акимдер бөжөңдөп жүгүрүп жүрөт. Ал ишкана мамлекеттик каражаттын эсебинен уюшулганына карабастан ошол иш-чараны шылтоосун Бакиев мырза өз шайлоо кампаниясынын ишине пайдаланды десек болот.
- Мунун өзү - бийлик негизги атаандаштан коркуп тургандыгын далилдеп аткан жокпу?
- Корккондугун далилдеп атат. Себеби күндөн күнгө шайлоо мөөнөтү жакындаган сайын чатактын башы Атамбаев экенин сезе башташты. Анткени Бакиев өзү эл менен жолугушууга барганда деле келген элдин дээрлик көпчүлүгү жергиликтүү аткаминерлер жетелеп келген шайлоочулар экенин жакшы түшүнөт. Ошентсе да элди ынандырыш үчүн телеканал ж.б. маалымат каражаттарын болушунча пайдаланууга жан үрөгөнгө аргасыз. Элге оппозиция бөлүнүп кетти, булардын колунан эчнерсе келбейт деген түшүнүктү элге таңуулоого аябагандай аракет кылууда. Адегенде эл буга ынана түшкөн, бирок акыркы бир айда эл массалык түрдө туура түшүнүккө келе баштады. Биз дагы кайталайбыз, бириккен оппозиция жана ал сунуштаган идеология, программа о.э. биримдик бар. Президенттикке талапкер лидерибиз - Алмазбек Атамбаев. Эл бүгүн оппозициянын бирдиктүү экенине толук ынанып, артыбыздан ээрчиген массалык толкун пайда болду. Муну бийликтегилер да сезип, ошонүчүн чагымчыларын бизге каршы уюштурганды күчөттү. Телекомпаниялар ачыктан ачык оппозицияга жалаа жаап, бийликти бир тараптуу колдоп атканынын өзү эле Бакиевдердин айла-амалы кеткендигин кабарлайт.
- Журналисттер арасында акыркы 2-3 күндөн бери Акүйдүн маанайы өтө суз деген маалыматтар бар. Анан да Бакиевдин үйбүлөсүндө эки канат күч бар эмеспи, шайлоо мөөнөтү аяктагандан кийин ошол эки күч ортосундагы чатактар ырбабас бекен?
- Бакиев кланы - бул классикалык үйбүлө кланы. Ал кландын мүчөлөрү бири-бирине келишкис душман болушу мүмкүн. Бири-бирин өлтүргөндөн кайра тартпаган клан болушу мүмкүн. Бирок үйбүлөнүн келечегине коркунуч туулганда - алар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарат. Бул классикалык кландын анык нускасы. Кыргыздардагы "баш сынса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде" дегенди бул клан бекем карманат. Өзгөчө азыркы шайлоодогу ыйкы-тыйкыда булар өздөрүн өздөрү бекем тыйып турат болуш керек. Бирок барыбир булардын жабылуу аягы жабылуу бойдон калбайт. Ансыз да бул үйбүлөнүн ыйкы-тыйкы мамилелери коомчулукка дайын.
- Өткөндө "Азаттык" үналгысында кочкорлук тургундар К.Бакиевдин командасы шайлоочуларга жүз сомдон акча тараткандыгын айтып чыкты. О.э. баардык региондор боюнча да бийлик тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр күчөп, ал эмес бийликтин айтканына көнбөгөндөрдүн чөнтөгүнө баңгизат салып коебуз деген эскертүүлөр байма-бай кайталанганы коомчулукта ачык айтылып келатса да, бийлик эмне үчүн өзүнүн чектен ашкан адамдарынын тизгинин какпайт деп ойлойсуз?
- Бийлик өз атаандашы А.Атамбаевден чочулаганынан колунан келгендин баарын жасап атат. Азыркы бийлик карапайым адамдар менен орто жана жогорку звенодогу мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бизнесмендерди, укук коргоо органдарын, мугалимдерди катуу кысымга алып, айтор бюджеттен акча алгандардын бирин койбой зордоп, "3+1" деген формулада иш жүргүзүүдө. Өз добушуңдан башка да үч кишини добуш берүү участогуна ала келесиң деп, алардын тизмесин алып атат. Бир мисал: Москва районунда кырк беш миң шайлоочу бар экен, ошонун он эки миңинин колуна атайы талон берилген. Ал талон эмнеге берилген? Демек, он эки миң адам Бишкекке келип, он эки миң адам үчүн добуш берет, Сокулук-Карабалтага барып да Бакиевге добуш берет, айтор каалаган жерине деген кеп. Бирок алардын аркай жерде берген добушун текшере турган күч да, механизм да жок. Андан башка да алдынала добуш берүүнү шайлоо учурунда Орусия менен Кавказ өлкөлөрүндө пайдаланылган ыкмаларды колдонушат. Себеби азыр Бакиевдин шайлоо компаниясында Украинадан келген саясый технологдор башкы кеңешчи болуп отурушат. Бул деген өздөрүнүн көзкаранды адамдарын (мугалимдер жана врачтар) бир жума мурда жетелеп келип добуш бердиртип, шайлоо участокторундагы комиссиялардын колуна тапшырылат. Ал жерде кимдер отурат? Жалаң "акжолчулар". Ошонүчүн биздин эсеп боюнча: кээбир шаарларда 15-20%га чейинки добуштар алдынала даярдалат.
- Бирок, бийлик кандай ыплас жолдор менен шайлоону бурмалоого барбасын, эл арасында "бул жолку шайлоону бийлик бурмалаганга барчу болсо, тизгинин кагабыз" деген топтор да жок эмес.
- Ооба, эл бул жолу шайлоодо адилетсиздикке барган бийликтин белин сындырат. Ошондуктан шайлоочуларга кайрылаарым - активдүү болгула. Сөзсүз эле БЭКтин шайлоо штабынан көрсөтмө же жардам күтүп отурбастан, жер-жерлерде өзүңөрдүн добушту коргоого кайдыгер болбошуңар керек. Ошол жер-жердеги демилгелүү топторго бириккиле. Бириксек, баары колдон келет! 1-2 күнүбүздү аябастан Кыргызстандын келечеги, жаңы заман, жаңы өзгөрүү үчүн мыйзамдуулукту эл өзү да коргошу керек.
Олжобай ШАКИР