Сармерден
Нургүл
ИБРАЕВА
Кымча белдүү, аркар төш айжаркындар...
Бир кезде жылдыздай жанган жапжаш ырчыларыбыз бүгүн минтип алды таене болсо, арты кырктын кырынан ашкан кез. Ошондой болсо да уккулуктуу ырлары менен популярдуулугун жоготпой келген ырчылардын бой мүчөсүнүн, дене түзүлүшүнүн узун- туура көлөмүн ченеп көрүүнү чечтик. Анда кеттик, эжекелерибиздин канчалык деңгээлде өздөрүнүн сулуулугуна кам көрөөрүнө чогуу күбө болобуз.


Балпайган таене болуп, неберенин жыргалын көрүп олтурган Динара Акулова нын бою 165 сантиметр, салмагы 68 килограмм. Параметри 120х80х115. Спорт клубтарына бир айда эки же үч жолу барат. Сууда сүзүүнү жактырат, бирок "бассейндерге барганга убактым жок" деп жооп берди. Тамактарды тандабайт, баарын катар жей берет. Диета эмне экенин билбегени айтпаса дагы айдан ачык көрүнүп турат.


Кыргыздын "примадоннасы" деген атка конгон Гулнур Сатылганованын салмагы 61 килограмм, бою 172 сантиметр , параметри 95х 68 х98 . Адамдын сырткы келбетин биринчи орунга койгон ырчыбыз катуу диетада олтурганын баса белгилеп, акыркы күндөрү арыктаганын кошумчалады. Башкалардан айырмаланып бир эле маал тамактанып, кечки саат алтыдан кийин эч нерсе жебегенин билдирди. Бассейндерге жумасына үч жолу барып, теннис менен машыгат. Массаждын баардык түрүн жактырат. Эгерде Гулнур эжекебиз ушундай темп менен улантса, тез эле 90х 60х 90 болуп калчудай.


Алина Жетигенова нын бою 162 сантиметр, салмагы 43 килограмм, параметри 85х63х90 экенин аныктадык. "Өзүмдү дайыма бир калыпта алып жүргөнгө аракеттенем. Анткени, "жер жаңгактай" болуп толуп кеткен учурлар болгон, дене түзүлүшүмө көп деле кам көрбөйм, болгону " уйку" деген спорт менен машыгам. Чыгармачылык менен алектенип жүрүп кантип арыктаганымды билбей калам" дейт ырчы айым. Тамакты тандабайт, өзүнүн колу менен " гүлчөтай" жасап жегенди жакшы көрөт.

" Роза гүлү" аттуу ыры менен жалпы журтка белгилүү болуп, учурда көптөгөн улан-кыздарга ыр, бий жагынан профессионалдык деңгээлде үйрөтүп, тарбиялап келген Айчүрөк Иманалиева нын бою 167 сантиметр болсо, салмагы 63 килограммдан кем эмес. Ал эми параметри 110х77х100 экени маалым болду. Косметиканын эң кымбатын гана тандайт. Бий менен машыгып, фигурасын сактаганга аракеттенет. Тамакты ылгабай жейт, "Бир гана камыр менен жасалган тамактан баш тартууга туура келет"- деп билдирди ырчы айым.



Куудул Күмөндөр Абыловдун пародиясын мыкты чагылдырган, тамашаны аябай жакшы көргөн Мээрим Мураталиева нын бою 163 сантиметр болсо, салмагым бир тонна деп тамашалап өттү, чындыгында 74 килограммды түзөт. Ал эми параметри 105х75х100. Акыркы күндөрү диетаны катуу кармап, арыктоонун үстүндө. Диетанын түрлөрүн менден сурап, мага кайрылсаңар болот дейт. Ал эми өзү кайнак сууга "олтуруп" арыктайт. Андан тышкары "Ысыккөл мага аябай жардам берет, жайда барып бир арыктап келем да, анан бир жыл толом" дейт. Тамакты ылгабай жейт.


" Жылдыздар манежде" долбоорунун жеңүүчүсү Назира Жетигенова нын салмагы 60 килограмм болсо, бою 164 сантиметрди түзөт. Параметри болсо 105х75х90 экенине күбө болдук. " Цирк мен үчүн "спасение" болду, антпесе мен мынча арыктай албайт элем" дейт. Азыркы учурда бир жумада эки жолу бассейнге барып, андан тышкары бокс менен машыккан Назира катуу көзөмөлдөөдө экен. Тамакты дагы тандап жеп, көбүнчө мөмө- жемиштер менен сүт азыктарына басым жасайт.



Асель Турдалиева 10 жыл мурун кандай болсо, азыр деле ошол бойдон. Арыктабайт да, толбойт да, дайыма бир калыпта жүрөт. Бою 161 сантиметр болсо, салмагы 47 килограмм, мүчө келбети 86х70х85 экенин аныктадык. Элдерге окшоп спорттун түрлөрү менен машыгып, диета кармап башын оорутпайт. Организм канча тамакты талап кылса ошончо жейт. " Толуп кетем" деген проблемасы жок. Сулуулук салондорунан түшпөй, өзүнүн келбетине көбүрөөк кам көрүп, адистердин сунуштарынан баш тартпайт.