Жылдыз төлгө

6-июлдан
12-июлга чейин

Кой (21.03 - 20.04)
Олуттуу иштерге толугу менен киришүүңүз керектелет. Минтип келечек үчүн күрөшүүңүз жакшы жыйынтык берээрин бөркүңүздөй көрө бериңиз. Шаршемби күнү жогорку бийлик органдарына кайрылууга оңтойлуу. Бейшембиде бирөөлөрдүн алдоосуна кабылбоо үчүн документтерди текшерип, айтылган сөздөрдү таразалап көрүңүз. Жекшембиде жакын адамыңыздан белек алып, көңүлүңүз көтөрүлөт.
Букачар (21.04 - 20.05)
Жашооңузду сүйүүнүн жаңы толкуну коштойт. Мунун артында кыялдарга берилип, табият койнунда эс алууну пландайсыз.Шаршембиде эки - үч ишти чогуу аркалооңузга туура келет. Ишиңизде маселеге кабылбоо үчүн ачууга алдырбаңыз.Жумуш жаатында бирге иштешкендердин пикирин угуу менен иш алып барсаңыз бардыгы жайында болмокчу.Бейшембиде үйбүлөө мүчөлөрү кабатырланууну жаратат. Аптанын акыркы күндөрүндө сүйүктүүңүз менен сейилдөөгө, алдыдагы пландарды талкулоого оңтойлуу.
Эгиздер (21.05 - 21.06)
Аптада ички туюмуңуз кайсы багытта демилгелүү болуу керектигин айтып берет. Антсе да ашыкча кетпеңиз. Бул, таасирдүү адамдар менен чырдашып калууга жеткирет. Үйүңүздү жана иш ордуңузду кооз буюмдар менен курчап алууга умтулууңуз жакшы натыйжа берет. Жакын адамыңызга арткан үмүтүңүз акталып, кубанасыз. Ишембиде жок жерден өзүңүзгө түйшүк таап алышыңыз мүмкүн.
Бөйөн (22.06 - 22.07)
Бактысыз сүйүүнүн азабын тартпоо үчүн жаңы мамилелерден этият болуңуз. Акча жаатында бирөөлөрдү алдоодон баш тартыңыз. Дүйшөмбүдө жаш адамдар менен малыматтарды өздөштүрүүгө киришесиз. Бейшембиде рухий дүйнөнү кеңейтүү үчүн китептерди окууга ылайыктуу. Жума күнү жеке турмушуңузга тиешелүү маселелер чыгат.
Арстан (23.07 - 23.08)
Апта ичинде бардык ишти шашпастан акырындык менен бүтүрүүгө аракеттениңиз. Шаршемби расмий иш кагаздарын бүткөрүүгө ыңгайлуу күн. Ошондой эле жакын адамдардын кеп-кеңешин кунт коюп угуңуз. Ишембиде имиджиңизди өзгөртүүнү, модалуу кийим сатып алууну пландооңуз мүмкүн. Жекшембиде уурулардын жана калпычылардын торунан сак болуңуз.
Бийкеч (24.08 - 23.09)
Айланаңызда болуп жаткан окуяларды көз алдыңардан өткөрбөңүз. Араларында сизге керектүүлөрү чыгат. Шейшембиде жакын туугандарыңыздын таасири маанайыңыздын чөгүүсүнө жеткирет. Антсе да жалгыздыкка чүмкөнүү жарабастыгын эске алыңыз. Жума күнү сүйүктүүңүздү ашыкча кызгануу жакшы жыйынтыкка алып келбестигин жылдыздар эскертет. Ишембиде азгырмалуу сунуштан баш тартыңыз.
Тараза (24.09 - 23.10)
Чыгармачылык жактан өсүүгө жагымдуу мезгил. Аптанын өзгөчөлүгү - жашооңузду романтика, жашоонун баалуулуктары тууралуу баарлашуулар коштой тургандыгында. Мындан тышкары махабатка кылдат мамиле жасоо керектиги сезилет. Бейшембини тиричилик маселелерге арнооңуз күтүлүүдө. Бош күнүңүздү пайдалуу өткөрүңүз, чач тарачка барыңыз, дүкөн кыдырыңыз.
Чаян (24.10 - 21.11)
Эл арасында көп болууга тартылуу иште ийгилик жаратат. Бул аптадагы никелешүү же кызматташуу коомдук жана финансылык утушту камсыз кылат. Жеңилдик алууга муктаж болгондор керектүү мекемелерге ишенимдүү түрдө кайрыла беришсе болот. Шаршембиде жакындарыңызга таарынуудан мурда өзүңүздүн мамилеңизге анализ жасаганыңыз оң. Жумада сизди кусага батырган адамга жолугасыз.
Жаачы (22.11 - 21.12)
Карьера тепкичинен көтөрүлүшүңүзгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз, жан дүйнөңүз ширелешүүгө жетет. Ошондуктан, оорчулуктар сезиле бербейт. Шейшембиде күч органдары менен чырлашпоого аракет кылыңыз. Бейшембиде чыгармачылык кызыгуунун артында буюм жасоого жетишсиз. Ишембиде сизди жакшы тааныштарыңыздан кабар күтөт.
Текечер (22.12 - 20.01)
Бул жумада ишиңиз ийгиликтүү болгону менен жеке турмушуңузда пикир келишпестиктер болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан бул жумада ал экөөнүн бирин тандоого туура келет. Эл менен жакшы мамиле түзүүгө сизге популярдуулук тартуулайт. Көптөгөн ой - толгоолорго батып, аптанын акыркы күндөрүндө күтүлбөстөн эле жакындарыңыздын биринин ден соолугуна кам көрөсүз.
Суу куйду (21.01 - 19.02)
Көптөгөн тоскоолдуктар учурда болуп жаткандарды жаңыча баалоого аргасыз кылат. Мүмкүн кыйынчылыктарды айланып өтүүгө боло турган жолдорду табасыз. Бирөөлөр киргизген сунушту кылдат талдап көрүңүз. Мүмкүн , ал жөн гана сиздин энергияңызды пайдалангысы келип жатат. Сүйүктүүңүз экөөңүздүн ортоңуздарда чырдын чыгуусун каалабасаңыз, бир нерселерден негизсиз шектенүүнү коюңуз.
Балык (20.02 - 20.03)
Акыл-эс кампасын өстүрүүгө адамдардын өзүн таанып билүүсүнө ылайыктуу. Жубайлар бири- бирине болгон ишенимге көлөкө түшүрбөөлөрү керек. Достор чөйрөсүндө жаңы адамдар пайда болот. Бейшембиден кийинки кырдаал талантыңызды ачып берүүгө, жаңы идея менен иштөөгө өбөлгө болот. Сүйүүгө муктаждар бардык шартына түшүнө билген адам менен табышууга мүмкүнчүлүгү бар.