email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак




  О-оо, калайык, баарың ук!..

5+5
"Жаңырык Апта" гезити 5 жашка толуп атат, эй! Ушул жадыраган жай толугунда, тагыраагы 23-июлда, та-ак ошол президенттик шайлоо белгиленген күнү гезитибиздин туулган күнү экен. Демек, ажобузду жаңы ордуна шайлап, "Аптабыздын" мааракесин майлап, окурман журтка той берчү күн алыс эмес!

5 жылдык маараке шаңына арнап 5 телевизор байге сайдык. Шарты эң жөнөкөй. Бүгүнтөн баштап мынабу купонго аты-жөнүңүздү, паспорт номуруңузду толук жазып кесип алып, "Жаңырык Аптанын" редакциясына жеткиресиз. Эң көп купон тапшырган алдыңкы 5 окурман бирден түстүү телевизорго ээ болуп,
мааракенин сый коногу болот... (Купондор гезиттин кайсы номуруна таандык болбосун, сан өлчөмү чектелбейт).

Маалыматтык телефон: 0(312) 68 19 07.