Ойдүрмөт

"Эчкандай бийлик жок, болгону бийликти кыянаттык менен пайдалангандар толтура"
Анри де МОНТЕРЛАН
ӨЗГӨРҮҮ
1-макала
Ушунча болуп эгемендикке жеттик деген жылдардан бери кыргыз оппозициясынын көрүнүктүү лидерлери биринчи жолу өз амбициясын жеңди. Көрүнгөнү көрүнгөн жактан сороктоп баш көтөрбөй, баары биримдик менен элдик кыймыл түзүп, өзгөрүүнү каалаганы - демек, буга чейинки саясый кармаштардын жемиши дегенибиз оң. Натыйжасында президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо алдындагы программасы менен таанышкан соң, аталган платформа жеке адамдын эмес, түрдүү саясый көзкараштар тарабынан түзүлгөн үчүн башкалардыкынан, ал эмес буга чейинки президенттикке талапкерлердин далайы сунуштаган программалардан атчабым алыс, ийине жеткире иштелгени көрүнүп турат. Эң негизгиси - түшүнүктүү. Билимдүүлөр билимсизге чечмелеп бербей турган жеткиликтүү деңгээлде жазылганы үчүн да элге алымдуу бирден бир программа атасак болот. "Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы" демекчи, түрдүү көзкараштагы БЭК мүчөлөрү буга чейин бекеринен күжүлдөп иштебептир. Коомчулукта митинг, пикеттер өтпөй калгандан бери оппозиция активдүү аракеттерин токтотту, деми сууду деген пикирлер дамаамат айтылып келди. Ал эмес мындан бийликтегилердин да санаасы тынып, муну оппозициянын алсыраганы катары баалады. А кеп башка жакта жатканын туйбадык… Башкада дегеним, мамлекеттик системаны митинг, пикеттер эмес, жаңы идея, жаңы программа өзгөртөөрүн оппозиция түшүнгөн үчүн президенттикке бир талапкерди алып чыгууну көздөп, Атамбаев эл сынына алып чыккан программаны сунуш кылууда. Буга чейин биринен-бири каскүнөм санаган оппозиция ичинде ынтымак жок деген ойлор үстөккө-босток айтылып, элдин деми да оппозициядан сууй түшкөнү байкалган. Бирок БЭКтин мүчөлөрүнүн ансайын байма-бай сүйлөшүүлөрү көбөйүп, президенттикке талапкер лидер табалбай келгени - болочок президент оңой менен макул болбой турган программаны сунуштаган үчүн көбү чечкиндүүлүккө баргандан баштартканына программа менен толук таанышкан адамдын көзү жетет. Айталы, анда президенттин ыйгарым укуктары өтеле чектелип, өзүмбилемдикке салган механизмдердин жолу таптакыр буулган. Окурмандар үчүн программанын урунттуу жерлерине токтолсок мындай: "…президенттин бир гана мөөнөткө шайлануу укугун бекитүү; экс-президенттердин кол тийбестигин жана сот жообуна тартылбастык кепилдигин алып салуу; мамлекеттик бийликтин ар бир бутагынын көз карандысыздыгын, ишинин эффективдүүлүгүн жана жоопкерчилигин камсыз кылуу".
Азыркы бийликке карама-каршы бул талап албетте, үйбүлөлүк башкаруу жолунда бараткандарды тынч уктатпайт. Алар ошонүчүн бийликти колдон чыгарып ийген күнү жоопкерчиликке тартыларын билет. Себеби, бу сапар бийлик алмашаар замат кечөөгү жана бүгүнкү өлкө башкарган үйбүлө алдында бир чоң коркунуч бар, ал маселе программада минтип көрсөтүлүп турат: "1994-2009-жылдар аралыгында калыптанган үйбүлөлүк башкаруу режимин жалпы элдик айыптоо акциялары; биринчи жана экинчи президенттин айланасындагы адамдарга коом алдында тобо кылып, жасаган күнөөлөрүн моюнга алуу менен мамлекет башчысы менен ымалаштыгынан пайдаланып топтоп алган акча каражаттары менен мүлктөрүн өз каалоолору менен элге кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк берүү; коррупционерлердин үстүнөн ачык сот процесстеринин уюштуруу; ак ниет жана жөнөкөй мамлекеттик кызматкерлерди көтөрмөлөө". Биз мындан эмнени түшүнсөк болот? Бийликтегилер бийлик тизгинин колдон чыгарбоого ушул жолку шайлоодо буга чейин болуп көрбөгөндөй күрөшүүгө аракеттенет. Себеби, бийликке Атамбаев келди деген күнү бүгүнкү өлкө башкаргандардын дээрлик көпчүлүгүнүн бетпардасы сыйрылып, коррупционер катары өз жазасын тартат. Ал эмес кээси түз эле темир тор артына жөнөйт деген кеп. Анүчүн булар эмнеге барат? Шайлоону бурмалоо жолу менен кандай болбосун эптеп үйбүлөлүк бийликтин тегерегинде өздөрүн аман сактап калуу үчүн күчкө салган жолду тандап, шайлоо жеңишине жетүүгө жандарын үрөйт. Эгер жандарын үрөбөсө, аларды эртең мүлдө кыргыздын каардуу жазасы күтүп турат. Буга мисал: өткөн аптадан бери президенттикке талапкер Атамбаев менен Бакиев ортосундагы эл менен болгон жолугушууда бийлик тарабынан уюшулган ажаан топтор БЭКтин талапкерине тоскоолдук кылуу аракетин көзкөрүнө жасап, эки тараптын жактоочуларынын укугу бирдей деңгээлде көрүлбөгөндүгү эле чоң чатактын башы. Себеби, шайлоо болорго чейин бири-бирине тиш кайрашкан шайлоочуларды добуштар саналган күнү бийлик тарап жакалаштырып койгондон кайра тартпай турган саясатты алдынала иштөөдө. Андай тирешүү сөзсүз түрдө бүгүнкү Иранда болуп аткан окуяны кайталаарын бийлик эгелери атайын уюштургандай кырдаалды түзүүдө. Эгер бийлик оппозиция колуна өтөрү менен программада жазылгандай: "Жогорку Кеңештин азыркы курамын таркатуу, жаңы парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү. Жогорку Кеңешке жалпы элдик деңгээлдеги көз карандысыз саясатчылардын келишин камсыз кылуу максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, депутаттардын бир бөлүгүн ирилешкен бир мандаттуу округдардан шайлоо" өткөрүүгө жетишкен өзгөрүү болсо, бул анда - Кыргызстанда мындан ары салттуу саясат жолго коюлат деген кеп. Башка цивилизациялуу жолдо өнүккөн өлкө катары Кыргызстан да үйбүлөлүк топко кызмат кылган бийликти түп-орду менен жоюп, бийлик өзүнөн-өзү эстафета жолуна өтөт. Мисалга, Атамбаев өз мөөнөтү бүткөндө, кийинки шайлоодо президенттикке Эшмат же Ташмат келеби, айтор, мамлекет курууга болгон жөндөмүбүз жогорулайт. Эң негизгиси, эл да бүгүн үйбүлөлүк башкаруу системасынан тажап турганда, көкөйүнө көк таштай тийген төбөлдөрдөн кутулуу үчүн добушун кимге берерин ойлонор кез. Коомчулукка жийиркеничтүү болуп калган бул маселе коррупционерлердин үстүнөн ачык сот процесстеринин уюштуруу камылгасын көргөн БЭК мүчөлөрүнүн гана кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы. Мурунку жана азыркы мамлекеттик кызматкерлерге эл ырыскысын кайтартып алууну көздөгөн бийлик системасы орномоюн, Кыргызстан эчкачан жакырчылыктан чыкпайт. Бизде бийлик системасы алмашмайын эчкандай экономикалык өсүштөр туурасында ойлонуп да кереги жок. Арийне, коррупционерлердин эл ырыскысынан топтогон байлыгы кайра элге кайрылып келсе, өлкөгө ири көлөмдөгү киреше ошол болушу да толук ыктымал. Ал киреше четтен келген инвесторлордун жардамынан алда канча эффекттүү, артка кайрып бербей турган өзүбүздүн каражат, өзүбүздүн менчик. Албетте, анча байлыкты элге кайтарып бербөө үчүн майда-чүйдө мамчиновниктерден тартып, аким-губернатор, министр, ал эмес соттор баш болуп шайлоо үгүтүнө мыйзамсыз түрдө жапырт жүгүрүп, бир үйбүлө жүргүзгөн саясат үчүн күрөшүп аткандары - баарынан кол жууп калуунун гана коркунучу. Ошонүчүн бизде лүкүлдөгөн күч органдары элдин коопсуздугу үчүн эмес, бийликтегилердин коопсуздугу үчүн гана иштеген система орнотулган. А мунүчүн БЭК мүчөлөрү эмнени сунуштап атат? Укук коргоо жана күч структураларын түп тамырынан реформалоону. Аны ишке ашыруу үчүн: "натыйжалуу иштеген милиция түзүү, ага өлкөнүн жарандары кайрадан ишене башташы керек; катардагы жарандардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кыла турган жогорку профессионалдуу жана адилеттүү прокуратура түзүү; бийликтен көзкаранды эмес, бирок ошол эле учурда эл менен мыйзамдын алдында жоопкерчиликтүү болгон сотторду калыптандыруу.
Өлкө ичинде саясый аңдууга мыйзам чегинде тыюу салынат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жоюу, анын ордуна Мамлекеттик чалгын кызматын түзүү;
Чек ара кызматын бекемдөө, ал жерди коррупциянын жана чектен чыккан бюрократиянын элементтеринен арылтуу; Бул кызматтын чек арага тегерете көзөмөл кылуу, чектеш аймактарда жашаган калктын кызыкчылыгын коргоо, аларга колдоо көрсөтүү, Кыргызстандын аймагына куралдуу топтордун, баңгизат ташуучулардын, контрабанданын өтүшүнө жол бербөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат" дейт. Мунун баары өлкөдөгү эң башкы маанилүү маселелерден. Болбосо, эл бүгүн сот системасына да, көчөдөгү милийсасына да, коопсуздук кызматындагыларга да ишенбей, өз коопсуздугунан чочулаган өлкөдө жашап атканыбыз жалганбы? Өзбекстан менен чектешкен аймактар мамлекет көзөмөлүнөн чыгып, бүгүн чегарабыз тебелендиге айланган үчүн Кыргызстан жарандарын ала допучан туугандарыбыз ит аткандай атып салса да таламыбызды талашканга жарабаган өлкөдө жашап атабыз. Атүгүл бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймактарда чегара бойлой тереңдиги 3-4 метрлик аңдар ала допучандар тарабынан жашыруун казыла баштаганын түштүк жергесинин карапайым эли коңгуроо кагып, расмий бийликтегилерге канкакшап билдиргенине кулак какпаган төбөлдөрдүн колуна өлкө коопсуздугун тапшыруу ишенимсиз болуп калды. О.э. баңгизат ташуучу контрабандалардын өтүшүнө жол бербөөгө тоскоолдук кылалбаган кыргыз бийлигинин өлкө коопсуздугун жолго коюуга шаасы жетпегендиктен түштүк чегарасы баңгизат ташуучу бирден бир жолго айланды. "Ээси жамандын коногу бийлейт" болуп, коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстан чегарасына ээн-эркин кирип-чыгып орун-очок алууда. A бул коркунуч өлкөбүздүн эгемендигине шек келтирбейби? Мындай көрүнүштөр бара-бара эки элдин ортосундагы жер талаш эмес, мекен талаш чатагына айланып кетсе не болот? Бүгүн тилекке каршы, өлкөбүздүн коопсуздук жана чалгындоо кызматтары чегара коопсуздугунан мурда бийлик коопсуздугун камсыздоо үчүн гана оппозицияны аңдуу жолуна түшүп алганы жашыруун эмес. Атайын кызматтар менен укук коргоо органдары өз милдеттерин бир үйбүлөнүн коопсуздугун көзөмөлдөн чыгарбаганы менен Кыргызстанда чак түштө мылтык атышуулардын изи табылбай кала берген учурлар арбын. 2005-жылдан бери канчалаган үрөй учурган киши өлтүрүү фактылары болду, бирок ошол арбир окуянын артынан улам кайта кан жыттанган окуялар күч алып, Кыргызстан мыйзам эмес, канга кан менен жооп берген көрүнүштөрдү жаратып, коомчулук үрөйүн учуруп келүүдө.
Олжобай ШАКИР




  Пикирофон

Атамбаевдин президенттик программасы сизге кандай таасир калтырды?
Насыр Давлесов,
Кыргыз эл артисти,
дирижер-композитор:
Атамбаевдин программасын окуп чыгып, жаман эч нерсени байкаганым жок. Атаганат, баары эле ошол жигиттин айтканындай ишке ашса кана. Эгер буюруп бийликке келип калса, эл үчүн жасай турган көп иштерди милдет кылып атыптыр. Ийгилик каалайм.
Алмамбет Шыкмаматов, саясый серепчи:
Алмазбек Атамбаевдин программасындагы эң маанилүү багыт деп мен эң биринчи кезекте бийлик системасындагы кардиналдуу өзгөрүүлөрдү, бийликтин элдин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылууну, улуттук байлыктын сарамжалдуу жана рационалдуу пайдалануу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо, баардыгына бирдей саясый жана экономикалык атаандашуучулукту камсыз кылуу, мыйзамдын күчүн калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерди айтаар элем.
Жыргалбек Касаболотов, журналист:
Алмазбек Атамбаевдин президенттикке талапкер катары иштеп чыккан программасы менен кененирээк таанышпасам да, кээ бир жол-жоболору менен таанышууга мүмкүндүгүм болду. Жалпы жонунан алганда программа Кыргызстанды көтөрүү максатта иштелип чыккан. Өлкөбүздү көтөрүү үчүн ажолукка ат салышкан Алмазбек Атамбаев чыныгы талапкер.
Эрмат Токонов, фермер:
Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Алмазбек Атамбаевдин программасы менен таанышып, анын өнөр-жайды өндүрүү жана айыл-чарба азык-түлүгүн камсыз кылып дыйкандарга арзан насыяларды алууга, аны менен катар эле урук, жер семирткич, күйүүчү майларды жеңилдетилген баа менен берүүгө мүмкүнчүлүк жаратканы мени толук бойдон канааттандырды. Буга окшогон маселелер айыл-чарба иштеринде толуп жаткандан кийин, мындай түйшүктөрдү чечүүгө аттанган, ажолукка камынган Алмазбек Атамбаевдин колунан келээрине ишенем. Мындай жеңилдиктер мага окшогон дыйкандарга керектигин эскертүү менен бирге Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдоймун.
Курманбек Чекиев, пенсионер
Алмазбек Атамбаевдин бул мезгилге чейин кылган кызматтары тууралуу кененирээк айталбасам да, бүгүнкү күндө анын өлкөнү алдыга чыгарам деген максаты менен президенттикке талапкерлигин коюп жаткандыгын туура кабыл алам. Анын программасында жазылган иштерин окуп чыгып, ажолукка татыктуу инсан экендигин баамдадым. Эл үчүн иштейм деген жигиттин шайлоо алдындагы программасынан коркунучтуу эч нерсе тапкан жокмун. Эгерде президент болсо, программасында жазылган убадаларын аткарат го, деген зор үмүттөмүн.
Суроо салган
Темирбек Матаев