Тасма толкун

Кино маданиятын "Айтыш фильм" көтөрөбү?
Мамлекетибиздеги кино жаратуу тармагындагы эң жаш чыгармачыл бирикме, башында кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири Садык Шер Нияз турган "Айтыш фильм" студиясы кино тармагында улам жаңы ийгилик-терге жетип, кыргыздын улуттук кинолорун жаратып келүүдө. Мындай чыгармачыл ийгиликтерди жаратып өлкөбүздүн, улутубуздун кино маданиятына салымын кошкон "Айтыш фильм" студиясы менен таанышалы дедик.

"Айтыш фильм" студиясынын пайда болуп калыптанышы 2001-жылга барып такалат. 2001-жылдын февраль айында кыргыз элинин унутта калып бараткан төкмө акындык өнөрүн сактап калуу максатында акындардын эл аралык айтыштарын өткөрүп, төкмө акындарды эл алдына чыгаруу үчүн Садык Шер Нияз "Айтыш" коомдук фондун түзгөн. Арадан үч жыл өткөн соң "Айтыш" коомдук фонду дагы бир багыт боюнча иш алпаруунун негизинде азыркы мезгилдеги адабиятыбыздын жаш муунун колдоп "Калемгер" адабий клубун уюштурган. Ал эми "Айтыш фильм" студиясы болсо "Айтыш" коомдук фондунун үчүнчү багыты болуп, 2006-жылы уюштурулуп, кино маданиятында аксап калган улуттук кинону жандандыруу иретинде түзүлгөн. Кино жаратуу жаатында үзүрлүү эмгектенген студия кызматкерлери бүгүнкү күндө кыскаметраждуу, даректүү жана толук метраждуу тасмалар менен анимациялык фильмдерди тартып келүүдө. "Айтыш фильм" студиясынын алгачкы эмгеги болуп режиссер Темир Бирназаров тарабынан тартылган драма жанрындагы "Парз" фильми саналат. "Парз" фильминин кыскача сюжетинде айылдык жигит өзүнүн татаал тагдырына карабай сүйүүгө, намыска болгон туруктуу мамилеси, коомдун мыйзамы менен салт мыйзамынын шайкешсиздиги адам келечегин балталап жаткандыгы тууралуу баяндалган. Мындай окуяны камтыган тасманын жаратуучулары бул эмгеги менен Швейцарияда өткөн "INPUT-2007" жана Францияда болгон "Авиньон" кинофестивалдарына катышууга мүмкүндүк алып, Францияда болгон Клермонт Ферранд кинофестивалында 4700 фильмдин ичинен тандалып алынган элүү мыкты тасманын катарына кирип, фестивалга татыктуу катышып кайткан. Фестивалдын жыйынтыгында мыкты кыска метраждуу фильмдердин коллекциясы болгон Франциянын "ATELIER" тандалма каталогунун жюри-комиссиясы "Парз" тасмасын өзүнүн көчмө көргөзмөлөрүндө көрсөтүү үчүн тандап алган. Баш-аягы болуп сексенден ашык кино фестивалдарга катышып, дүйнө кыдырган тасма кино сынчылар тарабынан жакшы бааларга татыктуу болуп мактоолорго арзыган.
Мындан сырткары "Биринчи кадр" толук метраждуу кинокомедия менен Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев тууралуу даректүү фильмдер тартылып, элге сунушталган. "Биринчи кадр" толук метраждуу кинокомедия сырттан караган кишиге тек гана күлкү тартуулаган сыяктуу көрүнгөнү менен, жакшылап назар салган кишиге коомубуздагы айрым терс көрүнүштөрдү тымызын сынга алган. Ал эми белгилүү акын Байдылда Сарногоев тууралуу тартылган даректүү фильмде акындын көрүнөө жана көмүскө турмушу чагылдырылып, замандаштарынын ой-пикирлери камтылган. Жалпысынан жыйырмага жакын тасманын авторлору болгон "Айтыш фильм" студиясынын кызматкерлеринин башкы максаты кыргыз киносун жандандыруу болгондуктан, колдон келген аракеттерди жумшап, түзүлгөндөн бери тартылган тасмаларын өз күчү, өз чөнтөктөрүнөн чыгарган каражат менен жаратып келатканын студиянын директору жана продюсер Фархад Бекмамбетов кеп кылды.
Аталган студия кино маданиятын көтөрүү максатта башка өлкөлөр менен да иштешип, өткөн жылы Орусиянын Марина Ильина жана Владимир Шакелдян-Захарян аттуу кинорежиссерлору менен биргеликте "Струна" жана "Карусель" тасмаларын тарткандыгы тууралуу маалымдалды. Бул да болсо кыргыздардын кино жаатындагы кызматкерлерине чоң тажрыйба тартуулап иш билгилигин күчөткөнүнөн кабар берет.
Сөз нугун студиянын техникалык базасына бурсак, учурда студия видео жана кинотехника жагынан эң акыркы моделдеги техникалар менен жабдылып кино тартууда ар кандай оор трюктарды, бийик тоолуу шарттарда ар кандай сюжеттерди тартууга ыңгайлаштырылыптыр. Булардан сырткары DVD фильмдерди башка дисктерге көчүрүп, тираждоого мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет киностудиянын кызматкерлери тарабынан HD CINE ALTA форматында сьемкаларды тартууга жана RED ONE кинокамерасын колдонууга мүмкүндүк түзүлгөн. Жалпысынан студияда 7 адам эмгектенип, албан ийгиликтерге жеткени ар бир кыргыз кино күйөрманын кубандырбай койбосо керек.
Темирбек Матаев