Бирдики миңге, миңдики түмөнгө, түмөндүкү түпкө…

Тур, Замандаш, тепселбе маңкурт бийликке!
Ата Журтубуздун руханий дүйнөсү ооруп, кыргыз элин кулчулук менен караңгылык тооруп турган чакта, "базар экономикасы" деген көрпенделик саясат күчөп турган чакта, сен экөөбүз түз олтуруп, акыл салып кеңешээр мезгил келип жетти... Ойлон Замандашым, ойгон кыргызым.
Эгемендүүлүк жылдарында эмнелерге жетиштик, көңүл тоерлук кандай өзгөрүүлөр болду?...Өз элинде "өгөй" болуп, бөтөнгө кул болгон балдарыбызды, акчага абийирин саткан кыздарыбызды көрүп зээниң кейибедиби? - Замандаш... Көр тиричиликтин айынан ыйык Ала-Тоосунан алыска тентип кеткен жана кетип жаткан мекендештер алдында сен экөөбүз карыздарбыз. Бөтөн жердин "күкүгү" болуш, башка үйдүн "күчүгү" болуш өтө кыйын экенин азыркы бийликтин билгиси келеби? Жок, Замандаш. Кыргыз кыргыз болгону мынчалык кемиген да, тентиген да эмес. Улуттун жоголуп бара жатканы бийликке өтө керек. Кыргыз деп жан күйгүзгөн кайсы жетекчини көрдүң?..
Улуулук нускабыз, улуттук идеологиябыз кайда? Кылым карыткан ата-мурастарыбыз кайда? Манас атабыз сүйлөгөн улуттук тилибиз, дилибиз жоголуп бара жаткандыгы үчүн кийинки муундарга кантип жооп беребиз, Замандаш. Ата-бабалар асырап, толуктап келген улуу тилибизди билбеген, муундан муунга мурас болгон нарк-насилибизди сүйбөгөн "маңкурт" жетекчи сөрөйлөр чыкты. Президенттен баштап премьерге чейин орус тилинде сүйлөсө, калган "киргиздерге" кудай берди да калды. Көчөдөгү жазуулардан баштап сыналгыга чейин бөтөн тилде болсо, сен ыйык Ала-Тоодон кол үзүп бара жатканыңа бөркүңдөй ишенесиң. "Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт" деген ушул, Замандаш.
Кылымдан кыргыз элин багып келген Ала -Тообуздун койну тарып калдыбы? Жок, Замандаш. Буга бийликтин сокур саясаты күнөөлүү, өлкөнүн келечегин ойлобогон, жоон топ "атка минээрлер", көзү тойбогон шылуун жеп ичээрлер гана айыптуу. Короологон койлорубуз, короо-сарайларыбыз, ишкана-заводдорубуз текейден гана арзан сатылып кетти. Мурунку муундарыбыз "кашыктап" чогулткан байлыкты, "чөмүчтөп" чачтык да, миллиарддаган карызга баттык. Чындык тебеленип, чыныгы элдин улан-кыздарынын үнү угулбаган, паракор жасакерлерден замандаш көрдүк. Баары сатылды. Атак-даңк, бийлик мындай эле турсун, шайлоочулардын добушу да сатылды. Тоосу, топурагы ыйык кендерибиз сатылды. "Жаман үйдү коногу бийлейт" дегендей, кошуналарыбыз ыйык сууларыбызды бекер алып жатканына жаның кейибейби, момун Замандашым. Газ пул да, суу корбу?.. Бул ачуу чындыкты кантип жашыра алабыз?..
Улуттук идеология жоктугунан көрүнгөн жерде "кул базарларда" өлбөгөн күнүн өткөрүп жаткан балдарыңа, көрүнгөндүн эшигин сагалап идишин жууп жүргөн кыздарыңа, кытайга каалоосу менен тийген "Ажарларыңа" бооруң ачыбайбы, Замандаш... Кызың күң, уулуң кул болуп, өз мекениңде экинчи сорттогу элге айланып бара жатканыңды ойлон кыргызым. Тил мыйзамы деген менен сенин тилиңди уруп да ойлобогондор бийлик башында отурат. Алар орус тилинде сүйлөшсө, өзүн акылдуу, маданияттуу сезишет. Аларды жериңдин сатылып, элиңдин чачылып жатканы кызыктырбайт. Улуттун улуулугун, тарыхын түшүнбөгөн күнкор элди башкаруу бийлик үчүн өтө ыңгайлуу. Элдин руханий, маданий дүйнөсүн жок кылуу үчүн китепкана, эс алуу жайлары, маданият үйлөрүн жок кылышууда. Атуулдук, ар-намысы жок бийликтен жакшылык күтүүгө болбойт!
Биздин Мекенибиз бирөө гана экенин, биз Манастын урпактары экенибизди унута көрбө, Замандаш. Бирөөгө жаныңды берсең да, тилиңди, дилиңди, сырыңды бербе. Же ушунчалык акылың кедей, жүрөгүң коркок болуп калдыбы? "Жалпы үй" деген самтырак идеология менен сен көп баа жеткис улуттук дөөлөттөрүңөн ажырап бара жатасың. Этегиңди ачканың менен эртең ичиңе суук тийип, ооруп калба, касиеттүү Ата Журт!!!
Канчалык мактанганы менен, калп айтып актанганы менен азыр Кыргызстанда коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөп өстү. "Кур аякка бата жүрбөйт" деген, мамлекеттик негизги идеология күчөп турган шартында эр болсоң акчасыз, таанышсыз ишиңди бүтүрүп көр. Бардыгы акча. Билимиң эч кимди кызыктырбайт. Билим да акчага менен байланышы калган доордо жашап жатасың, Замандаш. Таанышың менен чөнтөгүң болсо, болду. Ооруп онтоп жатсаң да сенден акча сурашат. Бул паракорлордун заманында ыйманы таза инсандардын аябашына ишене көр, Замандаш.
Коррупция менен күрөшөбүз деген менен анын төбөсү Ак үй менен Көк үйдө болсо кантип тамырын кырка аласың. "Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" деген ушул. Азыркы бийликке эч кандай тазалыктын, чындыктын кереги жок. Март ыңкылабы болуп өттү. Эмне өзгөрдү? Элдин ишеними акталдыбы? Акаевдин жанында жүргөндөр соттолдубу? Күнөөсүз атылып кеткендердин укугун коргой алдыкпы? Паракор соттордун тизгинин тарта алдыкпы? жана башка суроолор. Орто Азиядагы "демократия аралчасы" деген өлкөбүздү диктатуралык өлкөгө айландырып алдык. "Артык кылабыз деп тыртык" тагдырга туш болдук.
Сен азыркы Кыргызстанда сот системасы бүтүндөй таза эмес экенине бөркүңдөй ишен. Чындыгың да, адилетиң да сенин акчаңа байланыштуу. Акчаң, бийлигиң болсо мыйзамдын ээси өзүңсүң. Мен тазамын, адилетмин деп, ыйык нан, куран кармап, соттор эл алдына чыга алабы? Жок, Замандаш. Кыргызстанда мынчалык "ыпылас" сот болгон эмес. Булардын абийирин кудайдын жолуна койдук. Пулуң болсо, кулуңмун деген заман.
Замандаш, заман алдында, эл алдында дагы бир ачуу чындыкты айтууга мезгил келип жетти.
Элдин март төңкөрүшүнө болгон ишеними аткарылдыбы? Үй-бүлөлүк башкаруу жоголдубу? Коррупция менен паракордук, кошоматчылык жоголдубу? Жок, Замандаш, алар акыркы төрт жылда төрт эсе өнүктү. Чындык издеп, Акаевдин режимине каршы чыккандар темселеп көчөдө калышты. Тандем мандем болду. "Болору болду, Балтабайды кар басты". Элдик төңкөрүш "хан" алмашуу менен бүттү.
"Алга, Кыргызстандын" азаматтары "Ак жолдун" жоокерлери болуп, түсүн өзгөртүштү, түп тамыры, маңызы өзгөргөн жок. Азыр дале "чөнтөктүү", мурунку бийликтин "билермандары" иштеп жатканда, сен коомдун, өлкөнүн өнүгүп кетээрине ишене көрбө, Замандашым. Калыгул акылман "Эгини жок жер карып, эстүүсү жок эл карып" дегендей, Хан калыстык кылбаган партиялык шайлоону көрдүк. Бул шайлоо элди алдоо менен бүттү. "Чөнтөк" жетекчилер элдин тагдыры эмес "столдордун" кадыры үчүн иштеп беришти. Жетекчилерде бет болбогон жерде, акыйкат болгон жок. Башыңа түк чыкканы мындай зордукчул, бийликчил шайлоону көрбөсөң керек... Бийликке, мандатка кимдер келишти?
Хан Манас жайлаган касиеттүү Каркырадан, керемет Ысык-Көлүбүздүн кооз жерлеринен айрылдык. Суубуз көп туруп, "Ильич" шамыбыздан айрылдык. Аткарылбаса да айтып көкшүнүбүз сууп турчу эле, "Азаттыгыбыздан " айрылдык. Талап коюп, көчөгө чыгып турчу элек, митинг, пикеттерибизден айрылдык.
Эми эр болсоң Ак үйгө жолоп көр, сууга түшкөн чычкандай кылчу суу мылтык машиналар бар. Атчан желдеттер толтура. Укуктук мамлекет деп жүрүп, укуктун кадырын сабалганда, "тезектин" кадырын үшүгөндө, буюмдун кадырын кымбаттаганда, эркиндиктин кадырын теңселгенде билесиң.
Замандаш, акыркы жылдары адам укуктарын тебелеп-тепсөө, уурдап кетүү өтө күч алды. Кыргыздын мыкты деген жигиттеринин атайын буюртмалар менен өлтүрүлүшү же уурдалып кетиши 37-жылдагы кандуу репрессиядан кабар бергенсийт... Жоокеринен милийсасы көп өлкөбүздө уурдап же киши колдуу болуп кеткендердин бети ушул күнгө чейин ачылбаса, "койчусу көп болсо, койу арам өлөт" деген макал айласыздан эске түшөт. Депутат баш болуп жоголуп жатса, эр болсоң укугуңду коргоп ал ! Сен чындыкты айттыңбы? Сенин артыңдан аңдуу, коркутуп-үркүтүү башталат. Бийлик үчүн сенин жарандык укугуң, өмүрүң тыйынга арзыбаган мезгилге жеттик.

Ойгон КЫРГЫЗЫМ,
ойгон ЗАМАНДАШЫМ!!!
Элибиздин чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт" деген ыр сабын азыркы коомго салыштырчы. Не деген ыйык, касиеттүү сөздөр... Жараткан Алыкулдан акын эле эмес, көзү ачыктык касиетти да аябаптыр... Рухий дүйнөбүз, улуттук-нарк-насилибиз, улуу тилибиз, ыйман адамгерчилигибиз, элдик ар-намысыбыз, улуттуулугубуз жоголуп бара жатканына кайдыгер карабайлы, касиеттүү калкым!..
Мен да Замандашым, Ата Журттун оорусун айтып, элдин дасторконуна салдым. Сен да үнүңдү кош, Замандаш.
Алишер Бакышев, КСДПнын
Өзгөн району боюнча координатору