Жаңырык

Эки достун - бири кул
Андай болбосо, араңдан кара мышык өткөнү-өткөн. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров менен УТРК төрагасы Мелис Эшимканов кезинде эгиз козудай дос эле. Эми Адахан мырза Эшимкановду эптеп чалып жыгуунун аракетинде. Коопсуздук кеңештин кечээ жакындагы кеңешмесинде коррупцияга Эшимкановдун да тиешеси бар экен, теледен коррупцияга каршы "комиссарды" чыгарбай койду деп чырылдады. Эшимкановдун да оозунда сөзү бар эрен эмеспи: ким коррупционер же коррупционер эместигин сот аныктайт өңдүү жоболор "жоонун" мизин майтарды.

"Манас" Маскөөнүн мазасын алат го?
"Манас" аэропортунда жайгашкан бириккен күчтөрдүн "Ганси" авиабазасынын командири алмашты. Полковник Блейн Хот Кристофер Бенстин ордуна бекиди. Мурдагы командир да, азыркы командир да авиабазаны Кыргызстандан алып чыгуу жөнүндө буйрук болбогонун айтты. Бирок айрым самолеттор авиабаза жүктөрүн ташып кетүүдө экен. Анын ортосунда АКШ жаңы президенти Барак Обамадан Бакиевге бир барак кат түштү. Эмне деп жооп берерин Маскөө менен машташып аткан имиш.




  Жолбүгүн

Алым ТОКТОМУШЕВ
Жылаңач жер
Будешь показывать себя нагишкам или, что лучше какое-нибудь свое секретное, но обнаженное место.
Ф.Достоевский. "Записная тетрадь". (1872-1875)
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Айтыла берип ашмалтайы чыкты. Бирок кайталагандан келме бузулбайт деп коет кайран кыргыз. Анын үстүнө Бакиев бийлигинин эстутуму "түнкү көпөлөктөрдүн" махабатынан да кыска сыяктанат. Ага миңдеген мисалдарды маңдайга матай койгондой тапса болот. Кудум ошондойлугун Курманбек Салиевич өзү да президенттик бийликке буту илинип-илинбей билгизди. Курманбек Салиевичти өлкө президенттигине өпкөсү жарылганча сүрөгөн, эсеби маселең, Топчуке (Т.Тургуналиев) сыяктуу ашынган радикал топтун Бакиев менен болгон "ант-касамы" кантип ашатылганын айтпай-ак, эстебей-эп койсок деле болмок. Бирок сөз ыңгайы суранып атат, ачык жериңер канаке деп. Анын үстүнө Курманбек Салиевич бул экинчи шайлоо шаңында да убаданы убал-сообуна карабай башка-көзгө койгулап берип, ачык жерди аянбай көрсөтүүдө.
Ага албетте, эчкимдин кусаматы жок. Шайлоо шарты ошондой экен. Калп=чын, ыйман=сыйманды ылгатпайт тура. Мен өз кулагым менен эле уктум, Бакиевдин мурдагы шайлоосуна бакандай тирек болуп берген бирөө Гоголдун каарманынын калемпирлүү тили менен жерге түкүрүп атат: "биздин мурун мурунбу же аялдар көрүнгөн үстөлгө көтөрүп кое турган чайнектин туткасыбы?" Баса айтам, "чайнектин туткасы" Эштектин энесине же Асектин аялына карата айтылган метафора эмес, азыркы жана "андан наркы" президент Бакиев Курманбек Салиевичтин дарегине дайындалган сөз. Кыязы Топчуке деле ошону кайталайт чыгар.
Майдалабайын. Тек Топчукең баш болгон, Азимбек Бекназаров каш болгон, анда ашынган, азыр жашынган радикалдардын эсине сала кетейин. Алар жана аларды жандай чапкан бир топтору Бакиевди бийликке алып келерде аркандай шарттарды коюп, ант бердирип, тузга сийдиргенге чейин (ыгы жок каламбур сезилсе, кечирим сурайм!) барышканы кийин бүт республикага шардана болду. Роббентроп - Молотов келишими али дүйнөгө белгисиз, талаш-тартыш боюнча келет, бирок он төрт "революционер", жалгыз Бакиев менен 2005-жылдын 18-майында түзгөн келишими жарыяланбаган ММК калган жок. Жылаңач жерин көрсөтүштү.
Сиз деле билесиз, ошентсе да жондотуп эске сала кетели. Акаевдин "башын" алып түшүп, Бакиев президент болуп калса, "Алга, Кыргызстандан!" куралган парламент аңга тыгылмак, Акаев бийлигинен алтымыш жеринен "ок" жеген Конституция эларалык деңгелде бутуна тургузулмак. Андан кийин гана президенттик шайлоо өткөзүп, парламент даңдап, кылкылдаган темир жол менен Кыргызстанды парламент республикасына алып жөнөмөк. Аткаруу милдетин Бакиев алган.
Карапайым калктын 80-90%и сыяктуу эле мен анысына да, мунусуна да анча муюнган эмесмин. Эң негизгиси, мамлекетте демократия күчтүү болуш керек. Кандай болгондо күчтүү болот?
Президенттик, парламенттик жана башка шайланма институттар ишмердигин коомчулук көзөмөлдөгөндө. Атүгүл А. Солженицынга таянуу менен минтип жазгам: жер жүзүндө өтө кандуу тоталитаризм төрт ирет кайталанды. Бирок бирөө дагы авторитардык системанын араанынан пайда болгон жок, демократиянын чабалдыгынан чыкты. Мисал келтиргем. Тилекке каршы, бизде күчтүү коомчулук, демек, демократия тургай, күчтүү партиялар пайда бололек.
Тфү! Кесир кылбайлы, келатат деңизчи, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен "Атамекен" партиясы сыяктуулар суулук чайнап.
Күчтүү партия дегенибиз - коомдук артүркүн топтордун бийлик үчүн күрөшүүчү куралы. Коомчулук менен бийликти байланыштырып турган институт. Эң негизгиси, мамлекет менен коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган элита тарбиялай университет. КСДП лидери, азыр өлкө президенттигине атсалышып аткан Алмаз Атамбаевди көп эле сындап жүрөм. Кезинде аны менен ашыналаш-кошуналаш экендигибизге карабай (Жазуучулар союзу аркылуу). Анын аркасы менен айрым учурда чыгармачылык үйүндө итбекер эс алып атканыма көз жуумп.
Арийне кечээ жакында жарык көргөн президенттик программасын окуп көргүлө: жөпжөнөкөй, түптүшүнүктүү!
Эң негизгиси, бийлик кандай болуш керек? Таза жана жөнөкөй болуш керек дейт Атамбаев. Ошонун негизинде мамлекетти башкаруунун оптималдуу жолун табууга болот. Ошонун негизинде коомчулукка нравалык байлык тартууланат, ташылат, пропогандаланат. Бизге эгемендик келгени эки бийлик - Акаев бийлиги менен Бакиев бийлиги алардын баарын тебелеп, тепсеп салды. Ууру-кески, шылуун-шумдар улуттук баатырга айланды. Мамлекетти коррупция менен криминал ападак-ачык башкарып атат. Бешиктеги баладан баштап, төшөктөгү карыга чейин ошолорду туу тутуп, колдон келсе ошолорду туурасак деген кыялда.
Кыргыз бийлиги кылмыш дүйнөсүнө белчеден батканын ушундан билиңиз: бийликтин эң бийик бутагы: президент администрациясы менен парламентте капыстан, белгисиз каза тапкандар көбөйдү. Эр Төштүктөй түктүү жерге дайынсыз түшүп кеткендер пайда болду. Албетте аларга формалдуу түрдө артүркүн версиялар айтылып жатат. Бирок бири дагы аттын кашкасындай далилденген жок. Атүгүл дал ушул бийлик вертикалын, алакушту атынан айтсак, жетесинен урган жекебийликти орнотуп, президент Бакиевдин алдында оңкочук-тоңкочук атып жүргөн админстрация жетекчиси Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнөн кийин Акүй аткаминерлери оозун жаап жүрбөсө, "андай жазага" кабылары каш менен кабактын ортосунда иш болуп калды. Парламенттин айрым фракцияларында депутаттар (мисалы, КСДПдан Ө. Бабанов, О. Артыкбаев) ошондон коркуп эле мандатын таштай качып атабы деген ой келет.
Бул - бир. Экинчиден, наркозат бизнесинин канжолун кармап, тиякка өткөрүп, быякка өткөрүп, миллиондогон пайдага тунуп аткандар ким? Кыпкызыл жака милийсалар. Аларды түп-түз колдогон генералдар, орунбасар министрлер. Же мамлекет коопсуздугун "көздүн карегиндей" сактай турган офицерлер. А наркозат таасирин талашып, бирин-бири атып аткандарчы?
Ушул жерден белгилүү футуролог-публицист Сергей Кургияндын бир таамай байкоосу баамга урунат. Ошону которуп кыстара кетсем, кыргыз бийлигинин азыркы "пейзажына" дурус "мазок" болмок. "Алардын азырынча көңүлү жай, - деп жазат ал. - Анткени аш көп. Аны деле бир убакта айдап алкымга салат. Образдуу айтканда, ошондо гана улуттун боору, өпкө, жүрөгү, мээсин жей электиги эсине түшөт. Андай опкоктор аны билер замат жан берет".
Биздин монстрлар кырылышып, тытышып, атышып, жоготушуп атканын бир себеби - мамлекеттин майлуу жери майкандалып бүтөлек жана менчик байлыкты кайрадан бөлүштүрүү күркүрөп күчкө кирди. Жогоруда айттык, К. Бакиев "революция" дегендеринин антын аттамак түгүл, түкүрүп кетти. Акаев системасынын кылын да өзгөртө алган жок. Тескерисинче, ага кул болуп берди. Кыязы Бакиев мырза Акаевдин Конституциясысыз бир короого эле кожоюн болуп каларын сезди сыяктанат. Акаев мезгилинде мамлекеттин алган багыты туура эмес болсо да, айкын эле. Жол издеп аткан. Азыр кайда баратканыбыз белгисиз - ай караңгы, көз сокур. Кыргызстан Кытайды ээрчийби, Россияга эрмешеби, Казакстанга жармашабы - билбей калды. Эмнеси болсо да Кыргызстан мамлекет башчысы бир убакта М. Лютер да, Рим папасы да болалбайт. (Андан алптар болалбаган) Ачык жерин гана аңырайтып көрсөтүп тим болот.
Курманбек Салиевич эмне үчүн президенттик шайлоого бир жылы мурда аттандыга келели. Өткөн шайлоо алдында берген саясый убадаларынын бири да аткарылган жок. Тургуналиев жана анын компаниясын жөн коелу. Түйүндүү жерлердин бардыгын эски "совпартхоз" менен президенттин ака-үкө, жакелери ээлеп турат. Экономика деле ошондой. Биздин оюбузча эң орчундуу себеп - дүйнөлүк финансы кризиси келатат жөө тумандай каптап. Кыргызстанда кирешелүү бир да тармак иштеген жок. Ага карабай мамлекетибиз тирүүнүн бейишине айланып баратат маанисинде президент Бакиев арбир кызга бирден "арзан" седеп тагып Кыргызстанды кындырууда. Ал качанга жана канчага жетет. Иштин мындай жагдайы оппозициянын жылаңач ороюн ачып, чырагына май тамызбайбы?
Тарых тастыктаган, адамзат андан эчкайда качпайт: экижүздүүлүк, карьеристтик, көчүк жаламай көшөкөрдүк, кошоматчылык шайлоо үгүтү күчөгөн сайын түтөйт. Айрыкча майда, чоң чиновниктер арасында.
Өгүнү КР экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун "Президент көрөгөчтүк кылган экен" аттуу макаласы "Асман пресс" (14.05.09) гезитине жарыяланды. Министрдин логикасын ээрчисек, Кыргызстан президентке эмей эле Нострадамус же Вангага туш келиптир. Баарын алдынала билип алыптыр. Кыргызстан майкөл, сүткөлдүн үстүнө жашап атканын жарыя кылуу үчүн акча төлөгөнбү, айтор гезиттин эки бетине толтура отчет бастырыптыр. Азырынча агара элекпиз, агарганда айтарбыз түшүнгөнүбүздү.