Урматтуу мекендештер!

18 жыл мурда кыргыз журту кылымдар бою эңсеп келген эркиндикке жетип, эгемендүү мамлекет болгонубузду жарыяладык. Дүйнө жүзүндөгү башка элдер сыяктуу эле өз ордубузду, өз жолубузду өзүбүз аныктап, алар менен тең укукта сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алдык, деп төбөбүз көккө жеткендей кубандык. Адамдарыбыздын үмүтү да, ишеничи да, жигери да, мурда болуп көрбөгөндөй бийик көтөрүлдү. Ушунча мезгил ичинде өлкөбүз нечендеген татаал эксперименттердин ордосуна айланып, оорчулукту, кыйынчылыкты башынан кечирди. Кандай тарыхый оор сынактарга дуушар болсо да, элибиздин жакшы үмүт-тилектеринин оту өчпөй келатканын баса белгилөө зарыл. Эми да элибиздин алдында дагы бир чоң, жооптуу сынак турат. Ал - үстүбүздөгү жылы 23-июлда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо.
Бул окуя - өлкөбүздүн соңку тарыхындагы тагдырды чечүүчү зор окуя болмокчу. Бул күнү биз бир жараныбызды мамлекеттик эң жогорку кызматка - мамлекет башчысынын тагына тек гана олтургузуп койбойбуз. Бул күнү биз - ар бирибиздин, элибиздин, Ата-Журтубуздун эртеңки күнүн, келечек тагдырын тандайбыз! Биз эл ишеничин актаган, калкына ак кызмат өтөгөн бийликти, адилеттик, мыйзамдуулук жолун, өлкөнү, мамлекеттикти сактап, андан ары өнүктүрүү жолун тандайбыз!
Күн тартибинде "Кыргызстан эли эркиндик менен укуктары,
коопсуздугу менен бакубат жашоосу айкалышкан адеп-ахлабы жогору коомду курууга багыт алабы же андай багыттан кур жалак калабы?" деген олуттуу суроо турат.
Билим-тарбия берип, дилибизди тазарткан ардактуу мугалимдер, көркөм өнөр ишмерлери, маданият кызматкерлери, эң гумандуу кесип ээлери - дарыгерлер, элин баккан дыйкан-фермерлер, жеке ишкерлер, дегеле Мекенибиздин тагдырына көңүлкош карабаган бардык замандаштар! Биз силерди бул суроого гендирди кескен кайдыгерликке жеңдирбей, жети өлчөп, бир кесип, өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, туура жооп берүүгө чакырабыз.
"Эртеңки күндүн камын бүгүн көр!" - элибиздин бул накыл сөзү азыркы шайлоонун урааны болуш керек. Туура жолду тандасак, анда ата-бабаларыбыздын, келечектеги урпактарыбыздын алдындагы ыйык милдетибизди да абийирдүүлүк менен аткарган болобуз. Колубуздагы мүмкүнчүлүгүбүздү текке кетирбейли!
Үйүбүздүн очогунан жаркын үмүттүн жылуу оту өчпөсүн, урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер
А.Ш. Атамбаевдин шайлоо өткөрүү боюнча борбордук штабы




Урматтуу мугалимдер!
Биз силерге 23-июлдагы президенттик шайлоо алдында кайрылып олтурганыбыздын максаты силерди саясый өнөктүктө тигил же бул талапкерди колдоого чакыруу эмес. Кайрылуубуздун себеби - ушул өнөктүктү таза, акыйкат, ачык өткөрүүгө салым кошууга чакыруу.
Баба дыйкандын үмүт-тилеги мол түшүм терип-жыйнап алуу болсо, педагогдун асыл тилеги - эл-журтуна ак ниет кызмат өтөөчү абдан ыймандуу, нукура билимдүү, жогорку маданияттуу уул-кыздарды - жарандарды окуу жайынын уясынан тарбиялап чыгаруу экени талашсыз. Коомдо өз ордун таап, элинин керегине жараган ушундай таалим-тарбиялуу адамдар - бул мугалимдин чоң сыймыгы, эмгегинин акыбети. Бирок, тилекке каршы, акыркы мезгилде силердин ак эмгегиңер көп учурда акталбай калууда: мектепти да, жогорку окуу жайларын да ийгиликтүү аяктаган жүз миңдеген, миллиондогон жаштарыбыз алган билимине, тандаган кесибине ылайык жумуш таба албай бош жүрүшөт же эптеп жан сакташ үчүн майда-барат соода-сатык менен алектенишүүдө, андан да кем эмес уул-кыздарыбыз Россия, Казакстан ж.б. чет өлкөлөрдө кул катары иштеп жүрүшөт. Мекендештерибиздин ушундай оор тагдыры өз балаңардай көрүп, окутуп, чоңойткон силердин эле эмес, аёо сезими бар ар бир кыргыздын жүрөгүн сыздатууда…
Азыр жаш муундарга жакшы билим, мыкты тарбия берип коюу жетишсиздик кылат. Окуу жайларын бүтүргөн улан-кыздар алган билимдерин толук жана натыйжалуу пайдаланыш үчүн жумуш орундары, тийиштүү өбөлгө, шарттар керек. Ал эми андай мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө милдеттүү жактар - бул ириде өлкөнүн Президенти баш болгон кызмат адамдары, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары!
Келечегибиз болуп эсептелген жаштарыбызды жогоркудай өкүнүчтүү ахыбалга дуушарланткан күнөөлүү адамдарды эл жакшы билет. Калк тагдырына кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамиле кылгандар ким экенин силер да эң жакшы билесиңер, урматтуу мугалимдер. Бирок ошол эле учурда андай адамдардын бийликке келишине шайлоо учурунда көмөктөшкөндөрдүн, добушун бергендердин да жаран катары моралдык жоопкерчилигин унутпайлы.
Бийликтин шайлоо мезгилинде мугалимдерге айрыкча көңүл буруп, аларды өз кызыкчылыгына кеңири пайдаланганы эч кимге жашыруун эмес! Ошондуктан алдыдагы шайлоо учурунда "кайдыгерлик кылган жокпузбу, кимге, эмнеге алданып, кимди, эмнени тандап, жатабыз?" деген суроолор жүрөгүңүздөрдүн түпкүрүнөн терең орун алат, деп ишенебиз.




Урматтуу медицина кызматкерлери!
Биз силерге 23-июлдагы президенттик шайлоо алдында кайрылып олтурганыбыздын максаты силерди тигил же бул талапкерди колдоого чакыруу эмес. Кайрылуубуздун себеби - ушул саясый өнөктүктү таза, акыйкат, ачык өткөрүүгө салым кошууга чакыруу.

Улуу Улукмандын, кеменгер Гиппократтын, атактуу Ахунбаевдин ысымдары, даңкы менен сыймыктанган, алардын жолун жолдогон медицина кызматкерлери адамдардын саламаттыгынын сакчылыгында турган ардактуу кесип ээлери катары эле эмес, тазалыктын үлгүлөрү катары да калктын кадырлоосуна арзыйт. Ал эми тазалык бизде акыркы мезгилде медицина менен экология сыяктуу эле коом да таңсык болгон көрүнүшкө айланды. Адамдын оорулары болгон сыяктуу эле коомдун, мамлекеттин да илдеттери болот экен. Ал илдеттер шайлоо учурунда айрыкча күчөп, жарандардын ыймандуулугуна, коомдун өнүгүшүнө, келечегине абдан терс таасир тийгизүүдө. Тилекке каршы, андай илдеттерге эң гумандуу кесип ээлери - медицина кызматкерлери да чалдыкканы өтө өкүнүчтүү. Шайлоо өнөктүгүндө бийлик аларды өз кызыкчылыгына кеңири пайдаланып жатканы эч кимге жашыруун эмес!
Алдыдагы президенттик шайлоо - мурдагы шайлоолордон айырмаланып, элибиздин чыныгы демократияны эңсеп, ал үчүн ачык күрөшүүгө умтулганын күбөлөндүргөн тарыхый зор окуя болмокчу. Ал, ошондой эле, элибиздин, өлкөбүздүн келечегин тандоодо ар бирибиздин жарандык жоопкерчилигибизди, атуулдук намысыбызды текшерген олуттуу сынак да болуп калмакчы.
Ошондуктан шайлоо процессинде активдүү позиция ээлеп, коомубуздун тазарышына, илгери көздөй ишенимдүү кадам таштоосуна өз салымыңарды кошоруңарга биз чоң ишенич артабыз.




  Шайлоо шарданында

жайкы эс алууну кантип өткөрөбүз?
Мына, бардыгы күткөн жадырап жаркыраган жай мезгили да келип калды. Бул учурда деги эч нерсе кылгың келбей, шалдырап, чарчап турган мезгил эмеспи. Эшиктин аба ырайы 30-35 градус ысык болгондуктан көбүнчө элдер биздин ажайып кооз жергебиздеги Ысык - Көлдүн сулуулук менен мээримин көргүсү келишет. Кайталангыс жаратылыш башка өлкөлөргө салыштырмалуу, асман тиреген тоолор, таза суу, тарыхый эстеликтер мына мунун баары сыймыктана турган тарыхыбыз.
Бирок азыркы учурда биздин Ысык - Көлдүн курорт, пансионаттарда колунда бар адамдар гана эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, азыр жошоонун мезгилине жараша басканың, турганың акча каражатын талап кылат. Анын үстүнөн бардык дүң азыктары, кийимдер, бензин, электр энергиясы кымбаттады.
Ал эми студенттер, окуучулар жайкы каникулда эс алгандын ордуна, шаардын ар кайсы түйүндөрүндө жакшы төлөсө эле иштеп нандык акчаны тапканга аракеттенишет.
Анда эмесе студенттердин өзүлөрүнөн сурап көрөлү жайкы эс алууларын кантип өткөрүп жаткандарын :
"Атым Урмат, мен жайкы эс алуу күндөрүмдү жакшы өткөрүп жатам десем болбойт. Анткени, азыркы учурда " Өзүңдүн жаныңды өзүң бак" - дегендей, мен бул кафеде бармен болуп иштеп, акча табам. Жумушу оор, Тапкан айлыгым 4 -5 миң сом, кээде чайга деп кошумча акча беришет. Ушинтип жыл сайын иштеп, жай да билинбей өтүп кетет" - дейт Бишкек шаарынын тургуну.
"Менин атым Айсулуу быйыл 11 - классты бүтүрүп, мамлекеттик экзамендерди тапшырам. Буюрса жакшы берип Жогорку окуу жайына өткөрүүгө камданып жатам. Бирок 2 - 3 күнгө бошоп калсам, дос - кыздар менен Ысык - Көлгө барып эс алып келем. "
Жайкы эс алуу күндөрүм кызыктуу эле өтөт деп ойлойм. Анткени жай мезгилинде көптөн бери көрбөй жүргөн ата - энем, бир тууган, эжей карындашыма башкача айтканда туулган жериме Кеминге барам" - дейт Азамат
Көрүп тургандай жайкы эс алуу күндөр ар кимде ар кандай өтсө да, алдыга койгон максаттарынан эч чалынбай мындан ары да өлкөбүздү өрчүтүп - өнүктүрүп келген биз жаштарбыз !!!
Асель ЖАМАЕВА