Токтогул толуп баратат

Токтогул суу сактагычын свет деп түшүнө баштадык. Ишенбесең, 3 жашар балаңан лампичкени көрсөтүп "бул эмне?" деп сурачы, "Токтогул" дейт. Тамаша, ошол Токтогулдун суусу ушу тапта былтыркы деңгээлине теңелип, 8 миллиард 259 миллион кубду түздү. Былтыр дал ушу 17-июнда 8 миллиард 343 миллион кубду түзгөн экен. Демек, светибиздин "өчүп-күйүшү" кудум былтыркысынан жазбайт окшойт.

Аким менен рэкет
Бишкектеги Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев башка акимдер баш оорутпаган маселени көтөрө чапты. Ал мектептердеги окуучулар арасындагы рэкетчилик темасын козгоп, ата-энелер, мугалимдердин күчү жетпей бараткан тикенектей тентектерге кадимкидей катуу "согуш" жарыялоо керек болгонун, балдарды балтыркан кезинен түз жолго салууну колго алууну сунуштады. Көйгөйдү көк муундан кармабасак, чын эле кримдүйнө учугу мектепке кирип кеткендей.

Өрдөк санагандан башкага жарабайбыз
Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаттары "Түндүкэлектро" менен "Бишкек жылуулук түйүнүнүн" акцияларын сатуу боюнча маселеге каршы чыгышты. Бул эки "майталкандан" тыш Бишкек борбордук ТЭЦинин да тону бычылып турган кез. Сатылчу "буюмдардан" ушулар эле акыркысы экенин "акжолчулар" эле билбесе, башкабыз аңырайып асманды карап, өрдөк санап тура беребиз да делдиреп…





  От дегенден ооз күйбөйт

Азимбек Бекназаров, Бириккен Элдик Кыймылдын штаб жетекчиси:
"Бүткүл Кыргызстан бир үйбүлөнүн кулу болбошу керек"
- Азимбек мырза, Жалал-Абадда БЭКтин штабын карактап, атайын өкүлүнө кысымдар болду деп уктук, чындыгы барбы?
- Чындыгы бар, болуп атат. Бүт аткаминерлер урук-туугандары менен Жалал-Абад облусунда ачыктан ачык коркутуп үркүтүп, добуштарды сатып алышууда.
- Деги түштүк регионунда БЭКтин даярдыгы кандай?
- БЭКтин даярдыгы жакшы. Ошо менен биргеликте элдин пикири да жакшы. Биз колдон келишинче колдоп беребиз, биздин добушубузду бийлик бурмалап ийбесе эле болду деп жүрөк заада болуп, "биздин ишенгенибиз эле БЭК" деп атышат. Биз бир үйбүлөгө баш ийип калгыбыз келбейт. Күндөн күнгө үйбүлө кулуна айланып баратабыз. Эл "коркпогула, бекем тургула, биз силерди колдойбуз" деп дем кошууда.
- Президент Аксы элинин үмүтүн аткара алдыбы?
- Бир эле Аксы элинин эмес, жалпы Кыргызстандыктардын үмүтүн актаган жок. Ал да Акаевдин артынан кетип анын жолун жолдоду. Ала-Тоо аянтынан батасын алып, 25-мартта койдук эле, бирок үмүт акталган жок. Элди көз көрүнөө алдап атпайбы. Бул жерде бир эле Аксы эли эмес, жалпы Кыргыз эли бийликке ишенбейт. Аксы элинин маанайы да Кыргыз элинин маанайына окшош. Ал бийликке келип атканда баары сүйүндү эле. Эл небак эле жыйынтык чыгарып койгон. Мен Башкы прокурор болуп турганда ошол сурак иши боюнча болуп атканда мени бошотуп салды. Өзүм бүтүрөм деди эле, андан бери төрт жыл өттү, дале бүтө элек.
- Атамбаев президент болуп калса ушуларды чече алат деп ойлойсузбу?
- Биздин биринчи максат Атамбаевди президент кылуу эмес. Биринчи кезекте акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү алып келели, элдин добушун уурдатпаганга, мамлекеттик бийликти бир үйбүлө бийлеп албоосуна күрөшүп атабыз. Ошондуктан ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн бир гана мен эмес, БЭКтин баары ийгиликке бирге барабыз деген үмүт бар. Аксы окуясынын артында ким турган, кайсы чоң кайсы заводдо иштеп атат ушулардын баарын изилдеп чыгабыз. БЭКтин талапкери ийгиликке жетсе, мунун баарын элге алып чыгабыз. Баарын элге кайтарабыз. Ошентип айтып койгон үчүн мени менен жүргөн депутаттар бийликтин колтугуна кире качышты.
- Сиз айтып аткан нерсе чындыкка коошпой калабы деп турабыз да. Себеби үйбүлөлүк бийлик менен күрөшүүнүн өзү татаалдашып кетпедиби, аягы кандай болот?
- Ошон үчүн айтып атабыз да. Мунун баарын жөн койсок мындан да жаман болот. Дагы бир үйбүлөнүн кулуна айланабыз. Көчөдө кең-кесири басып жүрмөк тургай, катуу чүчкүргөндөн да сактанып калабыз. Ошон үчүн алдын алуу максатта аракет кылып атабыз. Азыркы бийлик да Акаевдин жолун жолдоп цивилизациялык жол менен шайлоолорду өткөрүп, элге таяныч болом деген сөзүнүн өтөөсүнө чыкпады. Биз азыр цивилизациялык жол менен кете берсек Акаевдин жолуна түшөбүз. Биз ошону бузуп, Кыргызстанды өнүктүрүп жаңы өзгөрүштөрдү киргизели деп атабыз. Албетте, бул оңой эмес. Коркуп отура бергенде кайра эле кулга айланабыз.
- Түштүктө сурамжылоо жүргүзүпсүздөр, жыйынтыгын билсек болобу?
- Түштүк эли мурдатан эле күрөшүп келген. Дагы деле күрөшүп келатат. Биз түндүк-түштүк дебешибиз керек. Бүт кыргыз эли күрөшүп атат. Түндүк-Түштүк деп бөлүп аткандар Акаевдин убагындагы эле кишилер. Жалпы элдин маанайы окшош. Алар бөлүнбөйт. Алар келечегин көрө албай жатышат. Эл өзү менен өзү болуп калды. Бакиевдин айланасындагылар эле өзүнүн келечегине баш катырып, кантип байыштын жолун издеп, ошолор эле атайын бөлүнүп атышат. Түштүктүн эли бизди аркалыктарга сатылып кетти деп айтышууда. Бирок, биз эч кимге сатылган жокпуз. Кыргызстандын келечеги үчүн жанталашып атабыз. Карапайым калк чыгаан, алдыны көрө алган инсанга муктаж.
- Түштүк регионун көзөмөлдөп турганыңыздан сурап жатабыз да. Аларда маанай кандай?
- Жана айтып кеткендей алар коркуп атышат. Биздин добуштар сатылып кетет го дешип. Алар каалаган адамын коюп алат го деп баш катырышууда. Бийлик Кудайдан коркпой калды, 70% болбойт, 99% менен өтсүн, жада калса 120% менен коюлуп калса эмне кылабыз деп жатышат.
- Эгерде бийлик ошондой ыпыластыкка жол берсе, кандай кадамга барасыңар?
- БЭКтин өзүнүн пландары бар. Азыр айтылбайт. Убагы келгенде өзүңөр көрөсүңөр.
- Атамбаевди Бакиев менен тандем түзүүгө барат экен деген божомолдор айтылууда. Сиз не дейсиз?
- Тандем болот экен деп айтып жатышат. Атамбаев сатып кетет, ал алдап кетет, мурда саткан адам дайыма сата берет деп ойлоп жатышат. "Бакиевди жайлайбыз, чыккыла" дегендердин баары азыр анын колтугунда жүрүшпөйбү. Ошондо Атамбаев айткан жок болбойт деп. Мен реформага барам деген. Ал жакшы ой менен барган. Бакиев менен тандемге барат дегендерди анын рейтингин түшүрүү үчүн көрө албагандар кылып жатат. Бул жерде элди алдоо саясаты болууда. Атамбаев эч качан Бакиев менен тандемге барбайт.
- Бийлик шайлоодо одоно ката кетирсе оппозиция кайра биригеби?
- Биз биригип эле турабыз. Бийлик менен күрөшөм дегендерге биздин эшик дайыма ачык. Бул жерде оппозиция же бийлик тарап болушу керек. Кошоматчылар бийликтин колтугунда жүрүшөт. Бул жерде мен өзүмчөмүн деген нерсе болушу мүмкүн эмес.
- Сиздердин аракетте реалдуу мүмкүнчүлүк барбы?
- Реалдуу мүмкүнчүлүк болбойт деген мүмкүн эмес. Ошону жасашыбыз керек, ошого жетишибиз керек жана ага болгон аракетибиз бар. Күрөшүү үчүн өзүбүздүн талапкерибизди койдук. Ага жетүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, эгерде шайлоо так-таза өтсө, анда сөзсүз биздин талапкер жеңет. Эгерде таза өтпөй бийлик каалаганын кылса, экинчи жолду колдонобуз. Бирок, ал боюнча азырынча айта албайбыз. Азыр биздин талапкер биринчи жобо менен иштеп атат. Биздин максат биз алган добушту бурмалабай ушунча алыпсыңар десе, анда жеңиш биздики. Тилекке каршы булар, жөн эле бербейт. Аны да билебиз. Ошон үчүн экинчи жолго да даярданып атабыз.
- "БЭКтин биримдиги акчанын гана күчү менен кармалып турат" деген кептер айтылууда…
- Улуу күрөшкө сөзсүз акча каражаты керек. Бакиев да акчасы бар үчүн 2005-жылы бийликке келди. Жалал-Абаддагы, Оштогу он миңдеген элдин курсагын тойгузган. Күрөшкө чыккандардын армиясы күчтүү болуш керек. Буга Атамбаевдин акчасы жетпейт. Биз ошон үчүн башка каналдарды да таап атабыз. Акча маселеси биринчи кезекте турат, муну жашырыштын кажети жок. Бирок ой-максат, идея баарынан күчтүү. Акчанын көзүн карап калбаш керек. Өзүнүн татыктуу талапкери үчүн эл өзү да акча топтойт. Атамбаевдин акчасы эч нерсе чечпейт. Атамбаевден да акчалуулар бар эле. Алар элдин эмес, керт башынын кызыкчылыгын ойлоп бийликтин колтугунда жатат.
- Чегарадагы окуялар боюнча айтсаңыз. Ушул окуялар президенттин рейтингине кедергисин тийгизет деп ойлойсузбу?
- Биз бийликтин Кыргызстанды коргой албасын билебиз. Мамлекетти ал эмес анын үйбүлөсү башкарып атпайбы. Муну бир кыргызстандыктар эмес, чет өлкөлүктөр да билет. Ал Кыргызстанды башкара албай аткан үчүн өзбектер биздин жерди басып алып жатпайбы. Муну элдин баары көрүп турат. Бирок айтпайт. Коркот. Ошого нааразы болуп турган күч жөн калбайт.
- Ушул шайлоонун негизинде оппозиция-бийлик тиреши күчөп, мамлекеттик стабилдүүлүккө доо кетип калса кандай болуп калат?
- Шайлоо деген тандоо дегенди билдирет. Тандоо болгон жерде сөзсүз саясый тирешүү болот. Бирок, мамлекеттин күчү экинчи тарапты камап, сабап уруп турса, андан да жаман тирешүү болот. Милиция кызматкерлери, күч органдары, баары бийликтин колунда, а оппозициянын колунда элди чындыкка чакыруу, элге кайрылуу болуп атат. Эгер бир нерсе болсо, абдан чоң чатак чыгат.
- Бийликке каршы чыккан оппозиционерлерге эл анча ишенбей калгандай. Мисалы Түптө, Балыкчыда болгон окуялар. Курултайдын да баркы кеткендей…
- Корккон эл башка нерседен коркуш керек. Түбөлүк кул болуп, тентип, бир үйбүлөнүн кулу болуп калгандан коркушу керек. Ал эми чындык үчүн күрөшкөндөр баатыр болот. Аксылыктар Акаевге каршы чыгып тарыхта калды. Алар шейит кеткендер, чындык үчүн курман болгондор деп атышат. Ошон үчүн тарыхта калып калды да. Мен кыргыз элин коркпоого чакырат элем. Эгер Атамбаев шайланса кыргыз эли андай кул болбойт. Бирөөнүн кулу болбойлу, биз чыгып атабыз, силер да чыккыла дедик. Ошону эл да туура түшүнөт деп ойлойм. 2005-жылы 24-марттагы болгон окуясы үчүн кыргыз эли дүйнөгө дүңгүрөдү. Биздин баатыр экенибизди көрүп дүйнө эли суктанды. Ал нерсе дагы болот. Керек болсо муну эл өзү чечип алат.
- Силер Кулов кетирген кемчиликтерди кетирбей, катуу туруп бере аласыңарбы?
- Кулов менен чыккандар кызмат үчүн чыгышкан. Ошон үчүн биз аларга кошулган эмеспиз. Биз ошондо айтканбыз. Эй, кызмат деген болбойт деп. Же Атамбаев премьерликтен кетип Куловдой болуп скандал чыгардыбы, чыгарган жок. Мен деле жумуштан кеткенден кийин мени арам ишке аралаштырбагыла дебедимби. Кызмат үчүн мени уят кылбагыла дедим. Же Текебаев бир нерсе дедиби. Эгер ошол убакта өзүбүзгө өзүбүз ээ боло албай кылгылыкты кылып коюп, унчукпай отуруп алсак, анда биз саясатчы болбой эле чемоданды көтөрүп, кысчу жерди кысып, "Бу бийлик туура кылып атат" деп кете бермекпиз.
Маектешкен
Азамат Кыязов