Пикрофон

Темирбек Матаев
Төбөлдөргө төрт собол
1. Шайлоо таза өтөрүнө ишенесизби?
2. Кайсы талапкерди колдойсуз?
3. Эмне өзгөчөлүгү үчүн колдойсуз?
4. Сиз колдогон талапкер ажо болсо кандай өзгөрүү болот?

Мукар Чолпонбаев, экс-спикер:
1. Ишенбейм. Анткени, бийлик тарабынан шайлоого даярдык таза эмес жүрүп жатат. Мисалы, эл каттоодо кыргыз эли 5 млн. 300 миң деп эсептешиптир. Ким ишенет? Кыргыздын жарымы Казакстан менен Орусияда жүрсө...
2. Эгер шайлоо таза, акыйкат өтсө, Алмаз Атамбаев президент болот.
3. Ал элдин кызыкчылыгын коргойт деген ишенич бар.
4. Адегенде калыс бийлик орнойт. Коррупция азаят.

Жыргалбек Касаболотов, журналист:
1. Жок ишенбейм.
2. Алмазбек Атамбаевди.
3. Себеби, мен президенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев катышса аны колдойт элем. Бирок учурда ал киши президенттик шайлоого катышпаганынан улам, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевди колдоймун.
4. Эгер мен колдогон киши президенттикке өтүп калса кескин өзгөрүүлөр болот деп деле айта албайм. Өзгөрүү болсо парламентте болуп, жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтү коюлат. Парламенттик шайлоодон соң Жогорку кеңештин көпчүлүк орунуна социалчылар келет. Андан соң улутчулдар партиясы менен либералдар партиясы келиши мүмкүн. Бирок мындай болушуна такыр ишенбеймин.

Алмамбет Шыкмаматов, саясый серепчи:
1. Шайлоо таза өтөрүнө ишенүү кыйын. Буга толук мисал катары 2007-жылдагы парламенттик шайлоону келтирсе болот. Андагы шайлоо элдин логикасына сиңип калгандыктан бүгүнкү күнгө чейин сакталып, азыркы убакта шайлоонун таза өтүшүнө эч ким ишенбей калган.
2. Аны убакыт көрсөтөр.
3. Мен колдогон кишинин өзгөчөлүгү учурда маанилүү болуп жаткан президент алдындагы ыйгарым укуктарын кыскартат жана учурдун бир топ көйгөйлүү маселелерин чечүүсү мүмкүн.
4. Шайлоо таза өтүп мен колдогон киши президент болуп калса, анда азыркы кезде маанилүү болуп жаткан маселелерди бир нукка салып өзгөртүү киргизиши мүмкүн.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
1. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бардык шайлоолор ызы-чуу менен коштолуп келген. БШК төрагасы "шайлоо таза өтөт" деп, убада берүүдө. Аны да көрөбүз. Менимче, таза өтпөйт го...
2. Акылдуусун колдойм, Атамбаевге добушумду берем.
3. Сабырдуулугу, акылдуулугу, чыдамкайлыгы жана элге-журтка жакындыгы үчүн баалайм.
4. Эгер ал президент болуп калса, өлкөнүн чарба жагы оңолот. Бизнесмендер мамлекет тарабынан колдоого алынат деп ойлойм. Регионалдык жана үй бүлөлүк башкаруу токтойт.




Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны:
1. Шайлоо таза өтпөйт. Себеби, биз шайлоочулар акчага сатылабыз. Элдин шайлоого баары барышына да ишенбейм. Учурда эл баарына кайдыгер болуп кимиси президент болсо боло берсин деген ойдо.
2. Аны шайлоодон соң билээрбиз.
3. Чынында менин көңүлүмө татыктуу болгон адам азырынча чыга элек. Келечекте чыгаар, андыктан азыркы кезде мен колдогон президенттикке талапкер адам жок.
4. Өзгөрүүлөр болуш үчүн биринчи кезекте өзүбүз, ар бир кыргыз эли, кыргыз адамы өзгөрүү керек. Ар бир кыргыз жараны өзгөрмөйүнчө, мамлекетте өзгөрүү болушу кыйын. Жалгыз бир президент мамлекетти өзгөртүп жиберүүсү мүмкүн эмес.

Иса Өмүркулов, ЖК депутаты:
1. Шайлоо таза өтөт деп айтуу абдан кыйын. Бакиевдин мындан мурдагы шайлоолору деле ыпылас өткөн да, туурабы? Биз канчалык шайлоо таза өтөт десек деле, акыйкат өтөөрүнөн эл күмөн санайт.
2. Мен шайлоодо Алмазбек Атамбаевди колдойм. Анткени, биздин КСДП партиясы ушул кишини көрсөттү. Анын үстүнө партиябыздын лидери.
3. Биринчиден, таза, акыйкат, ак жүргөн киши. Министр, премьер-министр болду. Такшалды, өзүн далилдеди. Президенттикке татыктуу инсан болгону үчүн колдойм.
4. Аны мезгил көрсөтөт.

Жыргалбек Турдукожоев, саясый серепчи:
1. Жок, таза өтүшү кыйын.
2. Алмазбек Атамбаевди колдойм.
3. Өз ишин мыкты билген татыктуу инсан катары баалаймын.
4. Алмазбек Атамбаев президенттикке өтсө дүйнөлүк пландагы башкаруу системасы менен учурда мамлекетти башкарып жаткан система жоюлмакчы. Ошондой эле коррупция ооздукталып, пара алуу иштери токтолот. Жана дагы Алмазбек Атамбаев президент болсо бир эле мөөнөткө шайланмакчы. Ал экинчи мөөнөткө шайланууга жулунбайт.

Топчубек Тургуналиев, БЭКтин мүчөсү:
1. Жок ишенбеймин. Шайлоо таза өтпөйт. Себеби бийликте Бакиев турганда шайлоонун таза өтүшүнө ишенүү кыйын. Шайлоодо Бакиев 5-10% добуш алып, БШКга буйрук берип жеңди деп жарыялатып коёт. Эгерде президенттик шайлоо адилеттүү өтсө президенттик тактыга Алмазбек Атамбаев келет.
2. Алмазбек Атамбаевди колдойм.
3. Атамбаев такшалган адам, мен анын чечкиндүүлүгүн сыйлаймын. Ал авторитардык жана тоталитардык системаны түп ордунан жок кылып, жаңы система түзүү менен биргеликте БЭКтин мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан программаны ишке ашырууну көздөөдө. Ошондой эле 2005-жылы 24-мартта ак кепкачандар чыкканда эл менен бирге болуп өзүнүн тайманбастыгын, элдин пайдасы үчүн күрөшөрүн көрсөткөн.
4. Эгерде Алмазбек Атамбаев президент болуп калса, анда мамлекеттин экономикасын өндүрүп, өнөр-жай тармактарын көбөйтмөкчү. Ошондой эле БЭКтин программасында жазылган иш-чарага ылайык бийликке ыймандуу, эл үчүн иштей турган азаматтар келмекчи.