Жарнаама жарманке
"Ниссан Сефиро" сатам. 1998-жыл. Күмүш түстүү. V-2. автомат. Абалы эң сонун. 0550 355-688

"Норус" тоолыжа базасында: боз үй, катедж, бээнин сүтү, күмүш булак. Үч маал тамагы менен жатакана 600 сом (бир кишиге). 0773 45 58 54, 0700 44 66 51

Ысык Көлдүн Чок-Тал айылынан кызыл китеби бар эки гектар жер тилкеси сатылат. Көлдүн жээгинде, пансионаттардын катарында. Баасы бир сотыхы 2 миң доллар. 0700 64 25 32, 0555 002096

2 кабат үй сатам. 8 сот. участогу бар.времянка, мончо, гараж бардык шарты менен. Келишим баада. Варианттар болсо, аны да көрөбүз. 0550 04 20 99

Ак-Ордодон времянка сатам. Жери 4 сотых. $12000. Т: 0550 15 23 55.

"Ак ордо" жаңы конушунан жер тилкеси сатылат. Шашылыш түрдө. 275, 270, 262 - маршруткалардын акыркы аялдамасында. 0550 15 23 55

"Ак-Ордо" жаңы конушунан (И.Ахунбаев көчөсүнүн аягы тарабынан) жер тилкеси сатылат. Мектепке жакын. Кызыл китеби бар. Келишим баада. 0550 15 23 55

Ваз сатам. Ак түстө. 1993-жылкы. 0700 851118, 0312 403078

Үй сатам же алмашам. 4 сотых жери бар. "Жумушчулар шаарчасы" районунда. $47000. Келишим түрүндө. Т: 0(705) 66-99-74, 0(312) 49 45 50

Кожобеков Нурлан Байдылдаевичтин наамына
берилген паспорттун жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын!





Жылдыз
Төлгө
22-июндан
29-июнга чейин

Кой (21.03 - 20.04)
Алдыдагы апта сиз үчүн түйшүктүү болгону менен, жемиштүү. Мыкты идеяларды ичиңизге катпай ортого салсаңыз жакшы жыйынтык чыгат. Шейшемби же бейшемби күнү досторуңуз менен жаратылыштын койнунда эс алууңуз мүмкүн.Ишемби күнү ойлогон оюңузду ишке ашырууга жалгыз күчүңүз жетпейт. Жардам сураганга аргасыз болосуз.
Букачар (21.04 - 20.05)
Куру жалаа, айланаңыздагы ушак -айың сизди чүнчүтүп, жүдөтүшү мүмкүн. Эгерде сизди кимдир бирөө туура эмес түшүнүп алганын сезсеңиз, дароо мамилиеңизди такташып, ишти жөнгө салганыңыз оң. Кандай жумуш баштабаңыз каражат маселесине такалып, айлаңыз кетет. Аптанын аягында туугандарыңыз менен чер жазышып, эс алууңуз мүмкүн..
Эгиздер (21.05 - 21.06)
Сүйүү жаатында баары жайында, сиз каалагандай нукта болот. Карьераны өстүрүүгө досторуңуздун салымы чоң. Үйгө керектүү эмерек алууга буга чейин чогулткан каражатыңызды сарптайсыз. Көрүнгөндүн ою менен боло бербей, эч кимди таарынтып албагыдай туура чечим кабыл алыңыз.
Бөйөн (22.06 - 22.07)
Аптанын биринчи жарымында мурда өз колуңуз менен кылганды мойнуңуз менен тартасыз. Калпыңыз чыгып калып, уят болушуңуз мүмкүн. Бейшемби күнү коомдук иштерге катышып өзүңүздү алаксытасыз. Ишемби, жекшемби күндөрү үй эмеректерин оңдоп, көзгө көрүнбөгөн майда жумуштар менен алектенип, оокат жайыңызды иретке келтиргениңиз оң.
Арстан (23.07 - 23.08)
Көпчүлүктүн талабына жооп берип, өзүңүздүн чөйрөңүзгө керектүү адамдарды топтой аласыз. Ар бир жумушту өз убагында бүтүрбөсөңүз, аптанын аягында өзүңүздүн эле башыңызга түйшүк жүктөлөт. Бирөө-жарымга карызыңызды берип, жүрөгүңүз ылдыйлайт. Ден- соолугуңузга жакшылап кам көрүп, өзүңүздү аяңыз.
Бийкеч (24.08 - 23.09)
Чыр-чатактын башын ырбатпай, баардык нерсеге сабырдуу болуңуз. Чыдамыңызды кетирип, жиниңизге ашыкча тийгендердин саны бул жумада арбын. Жакын адамдарыңыз да сиздин жумушуңузга кийлигишүүсү күтүлөт. Жума же ишемби күнү капчыгыңыз калыңдап, бир топ пландарыңыз ишке ашат.
Тараза (24.09 - 23.10)
Сизге артылган жоопкерчиликти жогорку деңгээлде аткара албай көңүлүңүз чөгөт. Акырында колуңуздан келбеген жумуш менен алектенип жатканыңызга көзүңүз жетет. Коллективдин, үй бүлөнүн ичиндеги абал сиздин маанайыңызга түздөн-түз көз каранды. Коомдук жайда капчыгыңызга сак болуңуз.
Чаян (24.10 - 21.11)
Оюңуздун тууралыгын кыйкырык, оройлук менен далилдей албайсыз. Жетекчиңиз менен мамиленин бузулушуна кесиптешиңиз түрткү болот. Кандай болгон күндө да өз оюңуздан кайтпаңыз. Аптанын экинчи жарымында бир мүнөт убактыңызды текке кетирбей буга чейин чогулган жумуштарды бүтүргөнгө үлгүрөсүз.
Жаачы (22.11 - 21.12)
Ички туюмуңузга таянып иш алпарсаңыз жаңылбайсыз. Жардам бергиси келгендер четинен табылат. Дос менен душманды айрмалай билиңиз. Кыймылсыз мүлктү сатып же сатып ала турган болсоңуз маанилүү кагаздарга кол коюуу да кылдат болуңуз. Сүйүктүүңүз менен аптанын аягында жаратылыштын койнунда эс аласыз.
Текечер (22.12 - 20.01)
Өзүңүздүкүнө караганда коомчулуктун жумушун көп жасайсыз. Олуттуу жумуштарды жасаарда улуулардын кеңешине кулак түргөнүңүз туура болот. Кимдин кызыкчылыгын коргоп, таламын талашып жатканыңызды терең ойлонуп чечим чыгарыңыз. Жакшылыгыңызды билбей аш менен урганыңызды таш менен ургандарга аптанын аягында туш болосуз.
Суу куйду (21.01 - 19.02)
Бир калыпта жүрө бербей, жумушуңузга, жеке жашооңузга өзөгөртүү киргизгенге бел байлайсыз. Жан дүйнөңүз жылуу мамилеге, жакшы сөзгө муктаж болот. Жуманын алгачкы күндөрүн куру кыял менен өткөрүп, көзгө көрүнөөрлүк деле жумуш бүтүрбөйсүз. Ишемби, жекшемби күндөрү жаратылыштын койнуна эс алганы чыгасыз.
Балык (20.02 - 20.03)
Өз кызыкчылыгыңыз, өзүмчүлдүгүңүз коллективдин ишине кедергисин тийгизет. Жумуштагылар менен жаман-жакшы көрүнүшүңүз мүмкүн. Кээ бирөөлөр сизге кирешелүү жумуш сунуш кылып азгырат. Жаңы тааныш күтүп, эски достор менен мамилеңиз солгундашы ыктымал.