Түгөйтөр

Бобковдун "энеңдурайыны"
Бобкавага "замечательнобу "
Бир убакта "Ырчылар шаары"("Поющий город") деген берүүсү менен канчалаган чыгаан ырчыларды тарбиялаган Асель аттуу телеалыпбаруучу бар эле. Дал ошол берүүдө калыстар тобунун мүчөсүн Юра байкебиз да толуктап турган. Калыс болуп берем деген максатта бир ок менен эки коенду атып, ырчылар шаарына барып үй бүлө шаарын курганга жетишкен. "Түгөйтөр" рубрикасы күнүмдүк болуучу нерселерде экөө бири-бирин канчалык деңгээлде билерин электен өткөрүп көрдү. Эскертүү: Жооптор бири-биринин катышысыз алынды.

Юра Бобков жубайын жүдаа билет
1. Жубайыңыздын алгач даярдаган программасы?
- Ой мен катышпадым беле, азыр эстеп көрөйүн. Атын унутуп калыптырмын. Бирок казактар менен биргеликте тартылган берүү болчу.
Асель Бобкова: - Алгачкы программам "Панорама" болгон. Түз эфирде 1997-жылы башталган. Теле алып баруучулуктун даамын алгач ошондо сезгем.
2. Күнүнө канча бирдик коротот?
- Мен анын канча бирдик коротуусуна кийлигишпейм.
А. Б.: - Орто эсеп менен 100 бирдик коротом го.
3. Жакын курбусу ким?
- Жакын курбусу көп эле. Эң жакыны Нурка болсо керек.
А. Б.: - Бир адамды баса белгилеп айта албайм. Курбуларым көп эле.
4. Жактырган түсү кандай?
- Чатагым деле жок. Ак болсо керек.
А. Б. : - Кара, ак, сары
5. Дайым барчу салону?
- Ой мен андай майда-чүйдөлөргө кийлигишпейм деле.
А. Б. : - Атын эстей албай турам. Тоголок Молдо менен Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги салонго барам.
6. Жактырып көргөн телеберүүсү?
- Негизинен шоу программаларды жакшы көрөт.
А.Б. : - "Поющий город"
7. Колдонгон косметикасы?
- Анысына башымды оорутуп отурбайм да.
А. Б: - Мери кей. Мына азыр боенуп отурат элем.
8. Бою канча см.?
- Аябай узун эмес, абдан кичине эмес, мага ылайык да.
А. Б.: - 168 см.
9. Корккону?
- Менин ачуум келгенде коркуп кетет.
А.Б.: - Жалгыз калуудан корком.
10. Кыялданганы?
- Балдарынын келечеги.
А.Б.: - Балдарым, жолдошум оорубай ардайым аман болсо экен деп тилейм.





Асель Бобкова күйөөсүнүн салмагын таразадай билет
1. Юра мырза, кайсыл чоң окуу жайын бүтүргөн?
- Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
Ю. Б.: - Б. Бейшеналиева атындагы искусттво институту
2. Салмагы канча?
- Таразага түшпөгөнүнө көп болду. Мен билгенимден 125кг
Ю.Б.: - 135 кг
3. Саат канчада ойгонот?
- Эртең менен эрте саат алтыда ойгонот
Ю.Б.: - Эртең менен эрте будильниги жок эле алтыда, алты жарымда ойгоном.
4. Бир күндө орто эсеп менен канча акча коротот?
- Ар кандай. Шартка жараша десек да болот. Мисалы, кечээ 3000 сом коротту.
Ю.Б.: - Шартка жараша.
4. Атасынын туулган күнү?
- Ой, билбейт экенмин.
Ю.Б.: - 29-март
5. Биринчи ырдап чыккан ыры?
- "Кызыл гүл" болсо керек.
Ю.Б.: - 68-69-жылдары алты кылдуу гитарада "Люди встречаются" деген орусча ырды ырдап чыккам. А кыргызча болсо, "Жаркыным ай" деген ыр болчу.
6. Сиздин кайсыл сапатыңызды жаман көрөт?
- Билбейм, өзүнөн сурагылачы.
Ю.Б.: - Айтыша кеткен сапатын жаман көрөм.
7. Сизге качан сүйүүсүн
билдирген?
- 98-жылы 18-январь күнү. Көрдүңөрбү, атургай күнүнө чейин эсимде бар.
Ю.Б.: - Өзүмдүн жүрөгүмдө сүйүү пайда болгондо, ага дароо билдиргем.
8. Такай окуган гезити?
- "Комсомолка" ("Комсомолская правда")
Ю.Б.: - "Дело №"
9. Көп колдонгон сөзү?
- Үйдө отурсам беш мүнөт сайын "Асель", "Асель" дей берет. Анан да "замечательно" деген сөздү көп колдонот.
Ю. Б.: - Билбейт экем. (Күлүп...) Эгерде чынын айта турган болсом, "Энеңди урайын" деген сөздү көп колдоном.
Уюштурган Нурзат Жусупова




  Сейил-кайрык

Гүлбактарың кандай күндө
Бишкегим?
Жумуш-жумуш деп отуруп чындыгында эс алуу эмне экенин унутуп калат экенсиң. Ары эс алып, бир чети өз жумушубузду бүтүрүү максатында борбор калаабыздагы сейил бактарды кыдырып, кээ бир эс алуучу жайлардын жетекчилерине жолугуп кайттык.

29-майда Бишкек шаарынын
131 жылдыгына арналып ачылышы болгон Панфилов атындагы сейил багынын бүгүнкү абалы жүрөктү жылытпай койбойт. Мамлекет тараптан жакшы иштер жасалып жатат деп ичиңиз жылып жаткандыр. Бирок, бул парк 5 жылга ижарага берилгенден кийин гана ушундай деңгээлге жетип отурганын айта кетмекчибиз. Кантип ижарага берилип калганын Панфилов паркындагы "Детское развлечение" ЖЧКсынын директору Дмитрий Владимирович Петровго кайрылган соң билдик.
- Конструкцияланган парк жөнүндө эмне айталасыз?
- Бул паркты тендер аркылуу утуп алып, 5 жылга ижарага алдык. Мен көп нерсе айтканымдын деле кажети жоктур. Себеби, кандай иштерди жасаганыбыз өзүңүздөрдүн көз алдыңарда так-даана көрүнүп турат.
- Эшикке "орун жок" деп жазып коюптурсуңар, муну кандай түшүнсөк болот?
- А... ал жазуу соода чекиттерин алам деген адамдарга арналган. Анткени, бул жерде өзүнүн чакан дүкөнүн ачып иш кылгысы келгендер толтура.
- Учурда андай точкалардын саны канча?
- Сегиз соода павильону, эки балдардын оюнчуктарын сатуучу, дагы эки орундук салмактап сатылуучу балмуздактар үчүн иштеп жатат. Андан сырткары мактанып айта кете турган болсом, 22 аттракцион элдерди толук кандуу ыраазы кылууда. Андан сырткары алдыда 8 жаңы аттракцион курууга бел байлап жатабыз. Жакынкы арада алар да ишке берилет.
- Кризис силерге кедергисин тийгизгенин байкаган жоксуңарбы?
- Тийгизсе тийгизип жаткандыр. Бирок неси болсо да, эс алуучулар көп, маанайлары жакшы. Көйгөйлөрү болсо да бул жерге келип көңүл ачып кетсе кандай гана жакшы. Ушундай шарт түзүп бергенге биз да абдан кубанычтабыз.
***
Ал эми Ош базары тараптан орун алган Фучик сейил багынын абалын көргөндө кадимкидей чекеңе тырыш түшөт экен. Ал жердин абалы эле жаман эмес, эс алуучулар да бир топ эле опурталдуудай сезилди. Чынында ал жерде сейилдеп жүрүү коркунучтуу. Басып жүрсөң келип согуп ийчүдөй болуп, жинди сууга тоюп алган эргулдар кадам сайын алдыңан чыгат. Ал жердин жетекчилерине жолугайын десем иш аптасынын биринчи күнүндө, саат үчтөрдө эле өзүнүн жумушун бүтүрүп коюптур. Ошентип жетекчи Сыдыков Мунарга жолуга албай кайттым. Эч болбосо телефон аркылуу байланышып коеюн деп бир эмес эки күн издеп жүрүп акыры сүйлөштүм. 36-жылы курулган бул парктын директорлугуна шайланганына болгону 2 айдын жүзү болгон экен. "Аттракциондор, техникалык жабдыктар эскирип калгандыктан баарын бузууга туура келди. Кудай буюрса, бул жерди кийинки жылы реконструкциялашат" дейт Мунар Сыдыков.
***
Андан ары Ахунбаев көчөсүндөгү Ататүрк паркына жол алдык. Ататүрк паркынын директору Мырзалиев Кудаяр Төрөкуловичтин айтымында бул жерде 15 аттракцион, 5 павильон, 3 жайкы кафе орун алып, элдерди тейлеп жатат. Жакында паркка фонтан курулуп, брусчаткаларды орнотушат экен. Кудай буюрса, шайлоонун алды 20-июлда ачылышы болот деп сүйүнүп отурган жетекчилердин кубанычында чек жок. Шайлоонун шылтоосу менен кароосуз калган жерлерге көңүл бурулса, ар жылы эле шайлоо боло берсе, шаарыбыз гүлдөп-өнүгүп мурдагы жашыл шаар кайра курулмак экен деп ойлоп кетесиң. Бирок, бир ойлоно турган нерсе Ала-Тоо аянтындагыдай болуп жасалгандан бир аз убакыт өтпөй атып, иштебей калбагандай болсо эле болгону. Эң негизгиси шаарыбыз гүлдөп-өссө кандай гана сонун болмок. Канчалаган жаштардын сүйүүсүнө күбө болгон сейил бактары аларга бакыт тилеп тургансыйт. Бирок, өкүнүчтүүсү, көз көрүнөө кучакташып, биринин моюнуна экинчиси асылып отурган жаштарыбыз бир аз болсо да ыйманды сактап койсо... Ал жерде эс алып жүргөн келечекти колуна алчу жаш муунга кандай таасир этет дейсиз. Батышты туурап баратканыбыз менен биздин канда кылымдарды карыткан кыргыздын каны агып жатпайбы... Биз бул жүрүшүбүздө борбордогу көзгө басар сейил бактарды гана бөлүп карадык. Мындан сырткары эч кандай аттракциондору жок эс алуучу жайлар да бир топ. Аларга өзгөчө көңүл бурулбаса да бир карап коюшса...
Нурзат Жусупова