Жаңырык

О, Россия, бир боор кайненем
Азыркы бийлик Канттагы Россия авиабазасына ашкере марттык кылганы жарыя болду. ОДКБ аталган, бирок карандай Россия армиясынан турган Кыргызстандагы океңдердин аскерий базасы карандай президент Бакиевдин жарлыгы менен 49 жылга узартылды. Акаев бийлиги аны менен 15 жылга макулдашкан. Бакиев бийлиги аны өзү өкүм сүрүп турганга чейин узартууга "ляппай" деди. Эсиңерде бар чыгар, император Екатерина да, Алясканы ашып кетсе 99 жылга берген. Андыктан алга!


Ысыккөлдөн ыдык жеген депутат
Көлдүн кызуу аялдарынын кызыл жумурткалары көп экен деп жазбаган гезит калган жок. Анүчүн акыйкат издеген жердин баарына отчет берүүгө даярбыз. Арийне, парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыров оппозиция отурумуна катышам деп көлдүктөрдөн "көгала" болгуча келтек жегени кызык болду. Депутаттын кол тийбестик статусун уруп койбой, түптүк аялзаты ардактуу парламентарийди, жумшартып айтканда, аябай кордоого аракет жасаптыр. Депутат анын жөн-жайын сотто гана чечишем деп көгөрүүдө.




  Жолбүгүн

Алым ТОКТОМУШЕВ
Даяр!
Орус баласы көчүгүн тырмап отуруп, кудайдын атын атайт.
В. Белинский. Гоголго кат

Даяр дегеним, президент шайлоосуна даяр. Бийлик табы "төрөлгөндө" эле даяр болчу. Айрыкча Курманбек Салиевичтин алысчылдыгына тан бериш керек. Күч тармагын күчтөнттү. Жалаң жердештери, ага-туугандары менен. Мүмкүн совет мезгилинен бери мындай "феноминге" ага анчалык маани берилбесе керек. Дегинкиси, азыркы генералитет мансап жагынан да, сыйургал жаатынан да президент Бакиевге милдеткер. Милдеткер эместир көчүккө жеп айдалган. Мисалы, президенттин үкөсү тууралуу иштин аныгын айтууга шоктонгон УКК экс-төрагасы Бузурманкул Табалдиев сыяктуу. Мисалы, экс-коргоо министри Исмаил Исаков сыяктуу.
Арийне андан башка тырмакча бар. Курманбек Салиевич өзү милдеткер кимге милдеткер экендигин унутпайт. Албетте, каш кайтарбай, көчүккө жебесе. Эсеби маселең, экс-Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев 2007-жылдагы Кулов "козголоңун" колдун күчү менен басканы эсиңизде. Провакцияны устаттык менен уюштурган. Антпесе президент Бакиевдин жаны алкымына тыгыла түшкөн. "Сүтакысына" генерал Ногойбаевдин жылдызына жылдыз кошулуп-кошулбай, парламент алдында ант берип-бербей үлгүрө электе президент жарлыгы менен кызматтан табышмактуу айдалды. Анын жандырмагы кийин айкын болду. Өзүнүн канчалык тиешеси бардыгын билбейм, бирок ал башкарган мекеменин наркозат менен күрөшө турган бөлүмү орунбасарларынын колдоосу менен наркозат соодасы менен шугулданып кетиптир.
Андан нары эмне болду? Андан нары эмне болмок, элдин эсине жара чыкты дедиби, айтор генерал Ногойбаев наркобизнес менен күрөшүү баш башкармасынын баштыгы (!) болуп чыга келди. Баса айтам, бүт республика боюнча. Президент Бакиев милдетүү болуп калгандарды унутпайт дегеним ошондон. Албетте, каш кайтарып, кайыр айтпаса...
Буга басым жасаганыбыз, оппозиция арасында шайлоо таза өтпөсө, соттошобуз-оттошобуз, элдин эң ири толкунун пайда кылабыз дегендей пикир күч. Ал "кылыч" адамзат таштаган эң жумшак нерсеге да өтпөйт. Кыргызстанда сот системасы калыс деп, "аңкоолор менен жалкоолорду" да, анын ичинен өлкө президентин ишендирүүгө мүмкүн эмес. Экинчиден, эл баштагыдай, эсеби маселең, 2006 - 2007- жылдагыдай оппозицияны ээрчип берери өтө күмөн. Не дегенде, 2007-жылдын апрелинде элдин оппозициядан көңүлү кала түштү. Асманга мылтык атып койсо, оппозиция өзү баш болуп качып берди. "Тфү! Тфү" дейли, бирок бирдир-жарымын каны төгүлө түшсө, элибиз Алатоодон аша качат. Аны азыркы бийлик аябай билип өздөштүрүп алды. Элибизде советтик менталитет өчөлек. Бакиев бийликке келгени тескерисинче, тереңдеп барат. Кайсы бийлик, системага болбосун кулдук уруп, кошоматтын коюн кырып салмай кыргыздын канында бар. Орус элинин терс таасири түгөнөт десе, түтөөдө. Алар кудайга бала-бакырамды, эл-жеримди аман кой деп сыйынган эмес. "Боже, храни Царя!" - падышаны аман кой деп сыйынган. Кыргыздар эчнерсе ойлоп чыгаралбайт. Туурамчы, белимчи келет. Ошолорду туурап Усубалиевди уюткан, Акаевди ыйыкташтырган, эми Бакиевдин таштандысынан шоколад жасап атат. Эгер аттан жыгылып, бийликтен кетсе, аны ашатпаган кыргыз калбайт. Эсиңиздеби, совет учурундагы атеист болбогон кыргыз жок болчу. Эшен, калпа, молдолорду боктоп-сактагандарды санасаң,эсеп жетпейт. Азыр бүт эле молдо. В. Белинский жазгандай, "көчүгүн тырмап жатып да кудайдын атын атайт".
Бул-бир. Экинчиден, постсоветтик кыргыз айрыкча апатиялуу. Өз алдынча көз карандысыз субьект бололек. Анткени жарды. Мамлекеттен тыш жанын багып, чарба жүргүзө албайт. Бюджеттен жем жегендерди, мисалы, мугалим, врач ж.б. кызматтан алып кой: бала-бакырасы түгүл, өз жанын багалбайт. Бүт интеллегенция ушундай. Ошон үчүн кошоматчы.
Адаттагыдай сөзгө алакачтырып жибердик. Эскерте кетерибиз, Бакиев жана анын батальону шайлоо мөөнөтүн өлө билгичтик менен тандады. Жай чилдеси чызылдап кайнап, турган мезгилде колунда барлар дээрлик эс алууда болот. Колунда жоктор жогоруда айттык, кошомат үчүн да азыркы бийликке, демек Бакиевге добуш берет. Анткени пенсия маянасын 50%га "жогорулатты" . Анын үстүнө биздин жарды калкты сатып алуу эң арзан. Сатыла берет, акчага да, аракка да.... Алтургай жолду оңдоп берем деген "жоон" убадага сатылат. Ал мамлекеттин иши экендиги, анүчүн кабат-кабат салык төлөп атканы менен иши жок. Сатып алууга мамлекеттин финансы институту пайдаланылып атат, дагы пайдаланылат. Эсеби, маселең, социалдык демагогия деп коет, пенсия, пособиелерди болор-болбос көбөйтүү аркылуу. Кечээ жакында пенсия 50% көбөйдү деп барабан кагылып, зурнай тартылды. Таасирдүүбү? Карапайым калкка, албетте. Бирок пенсиянын база бөлүгү,б.а, 630 сом 800 сомго көбөйгөнү түшүндүрүлгөн жок. Ал арзыбаган акчаны улам арааны ачылып бараткан инфляция, баа кунун кутургандай кымбаттап баратышы(3-4 эсеге чейин) эртең эле "ап!" эттирип сугунуп коерун, ал ашканасына жук да болбосун карапайым калк аңдай элек. Пенсия ошончо көтөрүлдү деп ооз көптүргөнүбүз менен ал эптеп күн көрүү куржунун(потребкорзина) жарымына жетпесин, албетте, мурунга суу жеткенде гана түшүнөбүз.
Ошентип оппозицияга караганда, азыркы бийлик табы шайлоо кампаниясына өтө шайдоот киришти. Тарыхта макивиализм деп коет го, ага максатка жетүүнүн бардык жолдору ылганбай пайдаланылып жатат. Мамлекеттин административдик , финансы ресурстары небак ишке чегерилген. Калк ичинде аздыр-көптүр кадыр бар адамдар жок шылтоо менен камалган(Жекшенкулов, Булекбаев ж. б.) же жүрөгүнүн сары суусу алынган (И. Кадырбеков) же куйругуна юридикалык "калбыр" байланган (И. Исаков). Ал эми Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, Эдил Байсалов сыяктуу алдуу-күчтүү оппозициячылар күрөш логикасынан эптеп аман калып, таламандын тал түшүндө тапкан-ташыганын тарттырып жибербөө логикасына алмаштырып, Атамекенден алыс качып жүрөт.
Москва менен Германиядан башкага барбаган президент Бакиев эми алты облусту аралап, республиканын экономикалык жетишкендиктерин даңазалап жүрөт. Ремонттон өткөн балабакчадан баштап, жаңы курулган бирин-экин мектепке чейинкилердин ленталарын кесүүдө. "Арбир радикалдын ичинде кичинекей напалеончик отурат" деген кеп бар. Анын сыңары жекебийликчил жетекчинин дээринде кичинекей сталинчиктин сүлдөрү турат сыяктанат. Анын бир белгиси- президент Бакиев балдар менен кучакташып сүрөткө түшүп, аны кыргыз кыйырына таратып атканынан аңдаса болот. Эсиңизде бардыр, Сталинди кучактап сүрөткө түшкөн бурят кызын "Бактылуу балалык" деп барабан каккылаганбыз! Ачарчылык жылдарында...
Ушундай өсүштү көрбөгөндөр көзүңөрдү Исманкуловго дарылаткыла маанисинде учкул сөз айтты Курманбек Салиевич кайсы бир жыйында. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биздин өнөржай гана өсүш үстүндө болду деди жана бир жолугушууда. Болсун! Арийне айрым аракеттер бардыгына Исманкуловго акча төлөбөй эле ынанууга болот. Бирок андай аракет мамлекет масштабында түккө турбасын башына түк чыккан бала деле билет деп ойлойм. Эң негизгиси, мамлекет статкомунун саны сайраганы менен эл турмушунда эч бир оңолуу байкалбайт. Шаардагы кары-картаңдар менен айылдагы карапайым калк ичинде жетишпеген турмуштан улам нааразылык күч. Оппозициянын олуттуу кемчилиги-ошол саясый нааразычылык менен ички протести мамлекет кызыкчылыгы менен айкалыштыра албай келет. Эмне десе эле система менен бийликти алмаштырыш керек дейт. Ал албетте, керек эмес, зарыл. Бирок карапайым калкка анын кызыкчылыгы канчалык?
Экинчиден, "өсүш үстүндөгү өнөржай" жөнүндө. Курманбек Салиевич ал маалыматты кайдан алганын билбейм. Бирок КМШ статком маалыматын окуганым бар. Ал боюнча өнөржайы "өлүүнүн" үстүндө үч мамлекет бар: Украина, Кыргызстан, Молдава. Анын үстүнө өнөржайың болбосо эмнең өнүгөт? Ал небак эле таланган, тонолгон, кыйраган. Андай "пейзаждын" фонунда кылт эткен кыймыл деле өсүш катары сезилиши ыктымал.
Дегинкиси өлкөдө экономикалык өсүш элеси эмненин эсебинен түзүлүп атат? Адаттагыдай эле сырттан алган карыздын, гранттын эсебинен. Кечээ "Ачык саясат" гезитине жарыяланды: акыркы эки айда эле сырткы карызыбыз 292,6 млн. долларга өсүптүр. Россия дагы 2 млрд доллар карыз берсе, жалпы карыз 4,5 млрд долларды чапчыйт. Эсиңиздеби, Акаев учурунда 2 млрд карызга көз жашты көлдөткөнбүз. Бардан да акыл-эси орундагылар айраң кала турган нерсе: Россиядан $ 2 млрд карыз алып атабыз, аны сүтакысы менен кайрыйбыз. Ошолеле учурда Камбарата-1 ГЭСинин 50% акциясын Россияга бекер берүүдөбүз. Башкаруу укугу менен кошо. Бусаам Кумтөр кылым сферасы менен анын алдында кыл эшпей калды. Андан да таңкалыштуусу: оппозиция ооз ачкан жок, буларга бийлик эле керек экен.
Кыскасы, шайлоо алдындагы "шаң" ушундай. Кимиси жеңсе дагы тойду эгемендик урандысынын үстүндө өткөрөт сыяктанабыз.




  Пикрофон

Кыргызстандын чекара маселеси курчуп кетти. Аны кандай жол менен чечүүгө болот?
Исмаил Исаков экс коргоо министри:
- Чынында бүгүн чек ара маселеси өтө оор. Өзгөчө Өзбекстан, казак туугандар чек арасын жаап жатат. Мунун баары жетекчилердин тышкы саясатты туура эмес жүргүзгөнүнүн кесепетинен келип чыгууда. Өзбекстандыктар бетондон дубал куруп жатышат бул мамиленин бузулушунун жеткен чеги. Мисалы Полестина менен Израилдеги абал бизде өкүм сүрүп жатат. Буга чейин деле анча-мынча кемчилдиктер болгон, бирок кырдаал мынчалык оорлогон эмес. Мамлекет башчылар тышкы саясатка, региондордогу абалга көбүрөөк көңүл бурушса жакшы болот эле.

Топчубек Тургуналиев БЭКтин мүчөсү:
- Биз улуу тоолордун койнунда, мейкиндикте уламдан-улам кысылып баратабыз. Мына бүгүн дагы бир кыргыздын жараны өзбектин колунан өлдү. Мамлекет башчысы былтыйып отурат. Азыр аны чек ара маселеси тынчсыздандырбай эле, шайлоодо экинчи турга кантип өтүштү ойлоп башы катып жатат. Тышкы саясатты башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен тең тайлашып жүргүзгөнгө президенттин кудурети жетпей жатат. Кыргыздын намысын, улуттун коопсуздугун ойлогон жетекчилер жок.

Айнура Кенжебаева ЖКнын депутаты:
- Мыйзам түрүндө гана чечиш керек. Негизи чек ара маселесин эгемендүүлүктү алгандан кийин эле тактап алыш керек болчу. Биздин Казакстан, Кытай менен чек ара тууралуу маселебиз чечилген. Эми Өзбекстан менен Тажикстан калды. Чек ара маселесин чечүүгө атайын комиссия түзүлгөн. Алар ушул иштин үстүндө иштеп жатат. Болгону бир аз убакыт, мүмкүнчүлүк бериш керек. Юридикалык жактан такташкандан кийин, мыйзамдын негизинде чек ара маселеси жакын арада чечилет деп ойлойм.

Мурат Жураев ЖКдепутаты:
- Муну кандай жол менен чечсе болот... Президент өзү киришиши керек. Мамлекет катары өз талаптарыбызды коюп, укуктарыбызды коргой билүүбүз зарыл. Экономиканы оңдошубуз керек. Менин оюмча чек ара маселеси жетекчилердин сырткы саясатты жакшы алып барбаганын кесепетинен келип чыгып жатат.

Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА