Бөлөк-бөлөк ТОП ЖЫЛДЫЗ
Кыргыз шоу бизнесинде топ түзүшүп эл көзүнө көрүнгөн жылдыздар көп. Cаресеп салып көрсөк саналуусу эле калыптыр. Топтордун тарашына эмне себеп, түрткү болот? Бир убакта дүңгүрөп чыгып, азыр аты-жыты жок болгон айрым топтор төмөнкүлөр.

Элеси эле калган "Элес"
Адиль Чекилов, Актан Исабаев баштаган "Элес" тобу эсиңиздеби? Тараганына бир топ жыл болсо да топтун айрым өкүлдөрү азыркыга чейин элибиздин арасында өз популярдуулугун жоготпой келет. Азыр көпчүлүк Актан Исабаев, Адиль Чекилов деген ысымдарды укканда дароо "Элес" тобун эстешери талашсыз. Актан го анда санда жылт этип чыга калып жатат, калгандары кайда?


"Инсандын" иши бүттүбү?
Кыргызча ырлардан орус тилиндеги ырга өткөн Тынай Алыбаевдин тобу тараганына аз эле убакыт болуптур. "Инсандын" жетекчиси Тынайдын кээде гезиттерге берген
маектерин окуп калганыбыз болбосо, акыркы мезгилдерде жаңы ырларын кулагыбыз чалган жок. Же чыгармачылыктан чарчаган Тынай Алыбаев жөн эле эл катары оокат кылайын деген чечимге келгенби?


Кылымдын кылын кыйшайтпаган "Кылым"
Патриоттук маанайдагы ырларды жараткан "Кылым" тобу жаңы гана популярдуу боло баштаганда ортолорун кайсы кара мышык аралады ким билсин, чилдей эле тарап кетишти. Топтун солистеринен Чолпонай Кенжегулова эле ырдап чыкпаса башкаларынан дайын жок. Топтун продюссери Эрнист Үметалиев азыр да продюссерлик менен алектенип жатат.


"Шантелдин" шаңы менен
"Шантел" тобунан чыккан Гулзинат Суранчиеваны ким тааныбайт? Бир кездердеги "Шантелде" ырдаган Гулзинат азыр чыгармачылыктын чыйыр жолунда өз түйшүгүн талыкпай тартып келет. Ал тургай Сочидеги конкурстан орунга илингенге үлгүрдү. Ошентсе да, ушул топтун аркасы менен таанылганын өзү деле танбаса керек. Айрым ырчылар мурда "таалим алган мектебин" унутуп, асмандан түшкөндөй сүйлөп калышат эмеспи.


"Сема" сергиш
Учурда Кундуз Канатбек кызы менен "90-60-90" деген ыры популярдуу болуп жаткан Самарбек бир убакта "Сема" аттуу топ түзүп, иниси Жанарбек, дагы эки бийкеч менен иштешип баштаган. Тобу менен чыккандан көрө өз арабасын өзү тартканды Сема ылайык көргөнбү ким билсин, туруп- туруп эле тобун таратып жиберди. Азыр иниси Жанарбек кайда жүргөнүн билбейбиз, "Сема" тобунун мурдагы жетекчиси Самарбек азыр Москвада эс алып жүрөт.


"Беканын" теңи Маскөөдө
"Сагындым сени" деген ыр хит параддан биринчиликти бербей убагында "Бека" тобуна жакшы эле атак алып келди эле. Ошол бир ыры менен бул топ чыгармачылыгына чекит коюшту. Азыр бири Кыргызстанда, бири Москвада күйөрмандарын сагындырып жүргөн чагы. Топтун жетекчиси Бекназар гезиттерге интервью бергенден караманча баш тартат экен. "Жел болмоюн чөптүн башы кыймылдабайт" го, аталган топту ээрчиген ушак айыңдын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар өңдөнөт.


Чилдей тараган "Таалай элеси"
Комуздун коштоосунда "Жүрөк сырын" жаңырткан "Таалай элеси" тобу да тарап, элдердин эсинде чын эле бул топтун элеси гана калды. Айрымдары ырчы жигит Таалай Бектургановдун урматына пайда болгон бул топту азыркыга чейин деле жактырышары анык. Бул күндөрү аталган топтун солисттери эмне менен алек болуп, кайда жүрүшкөнү табышмак.


Бириндеген "Делбирим"
Бир убактарда Бек Борбиев менен
дуэт ырдап чыккан Мая "Делбирим" тобун түздү эле анысы да көп убакытка узабай жок болду. Азыр "Делбиримдин" солисткалары ар кимиси өз алдынча чыкканга аракет көрүп келишет. Ал эми ырчы кыз Мая турмушка чыгып, үй бүлө курган кези. Учурда кыздардын аткаруусундагы "Ай жезде" деген эле ыры көпчүлүктүн эсинде калды.


"Айкөл" азыр сай-чөлдө
Майра Керим кызына таандык "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" деген ыр менен эл оозуна алынган "Айкөл" тобунун азыр дайыны жок. Же тарап кеткени, же иштеп жатканы билинбейт. Бир убакта улуу
муундун да, жаштардын да сүйүктүү тобуна айланган "Айкөлдүн" азыр кумга сиңген суудай жок болушунун себебин билген жан жок. Аталган топтун жигиттери өз алдынча деле ырдап чыккандарын байкаган жокпуз.