Жылдыз төлгө

15-июндан
21-июнга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү кызматыңыздан бир аз оолактап, жеке жашоодогу маселелерди чечүү менен алек болосуз. Өзүңүздүн алыңызга ченеп иш кылып, ден соолугуңузду аяганыңыз туура. Аптанын аягында үй буюмун сатып аласыз.
Букачар (21.04 - 20.05)
Дүйшөмбү күнү жетекчиңиздин жаңы тапшырмасын аткарууга көп убакыт сарптайсыз. Жуманын экинчи жарымы кызыктуу окуяларга бай. Баардыгын өз орду менен кынаптай билсеңиз, ийгилик сиз тарапта экенин жылдыздар эскертишет. Жекшемби күнү коомчулук менен жаратылышка чыгып эс аласыз.
Эгиздер (21.05 - 21.06)
Ишемби күнү эки анжы ойдо болуп, бир жыйынтык чыгара албай бушайман болосуз. Жаңы иш баштабай эле койгонуңуз дурус, оңой ишти татаалдаштырып алууңуз мүмкүн. Сиздин ар бир мүнөтүңүз кымбат. Убакытты текке кетирбей акыл калчап иш кылыңыз.
Бөйөн (22.06 - 22.07)
Жумушуңуздагылар менен кайым айтышып чырды ырбатпаңыз. Ак жериңизден жалаа жаап айлаңызды кетирүүлөрү мүмкүн. Кырдаал канчалык оор болсо да суудан кургак чыкканга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эң негизгиси ачууга алдырбаңыз.
Арстан (23.07 - 23.08)
Бир орунда тура бербей чымырканып иштесеңиз кызматыңызда беделиңиз жогорулайт. Бейшемби күндү үй бүлөңүзгө арнайсыз. Эгер буга чейин жакын адамыңыз менен көрүшүүгө чоло тийбей жүрсө алдыдагы аптада жолугушууга жакшы шарттар түзүлөт.
Бийкеч (24.08 - 23.09)
Убактылуу майда-барат маселелерге башыңызды оорутуп отурбай кийинкиңизди ойлоңуз. Кубанычтан жаркыган маанайыңызды туугандарыңыздын көйгөйү чөгөртөт. Бул күнгө чейин жөн гана кыял катары карап келген максатыңыз ишке ашат. Жүрөгүнүн жарымын издегендердин жолу болот.
Тараза (24.09 - 23.10)
Бул жумада тыныгуу алып, эс алганыңыз оң. Өзүңүзгө ыңгайлуу шарт жаратып, убактыңызды
каалагандай өткөрө билиңиз. Кетирген кемчилдиктериңиз менен жетишкен ийгиликтериңизди таразалап оюңузду иретке келтирип алсаңыз болот.
Чаян (24.10 - 21.11)
Ийгиликке жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, сизге дем болот. Бейшемби, жума күндөрү баш көтөрбөй иштегенге туура келет. Кесиптешиңиздин жардамы менен бүтпөй жаткан жумушту аягына чыгарасыз. Мындан кийинки иш аракетиңиз жетекчиңиздин жасаган мамилесине жараша болот.
Жаачы (22.11 - 21.12)
Ар бир маселени чечүүгө өзүнүн убакыт сааты бар экенин эске алыңыз. Алдын ала сарсанаа болуп, кайгы тартуудан көйгөй өзүнөн-өзү чечилип калбайт. Бейшемби күнү жаңы таанышуулар күтүлөт. Бул жолу акылыңыздын эмес, жүрөгүңүздүн үндөөсүнө баш ийүүгө аргасыз болосуз.
Текечер (22.12 - 20.01)
Жакынкы убакыттын ичинде сизге дос болгулары келгендердин саны арбыйт. Жакшылап ой жүгүртүңүз. Сырга бекем болуп, бир калыпта жүрсөңүз тоодой түйшүктөн оңой кутуласыз. Аптанын экинчи жарымында кызматыңыздан жоопкерчиликтүү, оор тапшырма аласыз.
Суу куйду (21.01 - 19.02)
Убактыңызды үнөмдөп, иштериңизди пландап алганыңыз туура болот. Кол алдыңызда иштегендердин каалоосу сиз үчүн мыйзам болушу мүмкүн. Сүйүктүүңүздүн көңүлү менен эсептешип иш кылбасаңыз ортодо нааразычылыктар, таарынычтар келип чыгышы күтүлүүдө.
Балык (20.02 - 20.03)
Каалаган ой-максатыңызды ишке ашыра аласыз. Сиздин каалооңузду айттырбай түшүнгөн адамдар маанайыңызды көтөрөт. Досторуңуздун арасында эс алууну жума же ишемби күнкүгө жылдырганыңыз дурус. Аптанын аягында романтикалуу кечеге күбө болосуз.

Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА