Жаңырык

Боевиктер Баткенди көздөй багыт алдыбы?
Сонку убакта айрым эл аралык маалымат каражаттары Ооганстандан 40 чакты согушкер Кыргызстан менен Өзбекстандын жана Тажикстандын чек аралары тогошкон Фергана өрөөнүн көздөй багыт алышканын кабарлашууда. Эгер чын эле ошондой болсо алар түз эле мурдатан келип үйрөнгөн Кыргызстандын Баткен аймагына түшөөрү шексиз.
1999-2000-жылдары Баткенге кол салган Өзбекстан Ислам кыймылы да бул багытта өз аракеттерин күчөтүп жатыптыр. Серепчилер болсо Ооганстан менен Пакистандагы соңку окуялардын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да таасири тийбей койбосун, тышкы күчтөргө ички коркунучтар да кошулуп кетиши ыктымалдыгын, минтип божомолдоого Кыргызстандын ичинде да радикалдык-экстремисттик күчтөр пайда болгону негиз берип жатканын айтышып, өлкө бийлиги коопсуздукка терең мамиле жасашы зарылдыгын белгилешүүдө.




  Өзөктү өрт аралайт, ов!..

Кыргыз чек арачылары Өзбекстанда барымтага алынды
Баткенде 3 кыргыз чек арачысы Өзбекстанда 6 сааттай барымтада кармалды. Бул окуяга улай эле өзбек тарап Баткен облусунун калкын өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох анклавындагы жолду эч кандай эскертүүсүз жаап салды. Өзбек тараптын мындай өзүм билемдик мамилесине жергиликтүү калк нааразы.

Бул окуя эки күн мурда, (2-июнь) эртең мененки саат он бирлер чамасында болгон. Баткен чек ара бөлүгүнө тамак-аш тартып келе жаткан жүк ташуучу автоунааны өзбек чек арачылары Кадамжай районунун аймагында токтотушуп, Өзбекстандын ичине алып кирип кетишкен. Маалыматтарга караганда, ага чейин кыргыз тарап 2 өзбек чек арачысын чек арадан мыйзамсыз өттү деген жүйөө менен кармап алган экен. Өзбек тарап кыргыз чек арачыларын кармап, өз аймагына алып кирип кетишкен соң, кармалган өзбек чек арачыларын бошотуу талабын койгон. Маселе бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң, ошол күнү кечки саат бештерде гана чечилип, барымтадагы кыргыз аскерлери бошотулган. Анда да кыргыз тарап "чек ара тартибин бузду" деп кармаган өзбек чек арачыларын бошотууга макул болгондон кийин чечилген. Сох анклавындагы чек ара бекеттери болсо эртеси таңда гана ачылган.
Бул арада Баткен облусунун тургундары ары-бери каттай албай бир топ убара тартышты. Облустун Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарынын эли Баткен шаарына баруу үчүн дал ушул Сох анклавын аралап өтүүгө аргасыз болсо, тескерисинче облустун батыш тарабынын калкы өлкөнүн негизги аймагына ушул өзбек анклавы аркылуу каттайт. Ошол эле учурда Баткендин тоо таянган Дара аймагынын эли түз эле Сохко түшүп, ушул жерден гана башка жактарга каттай алышат. А бул өзбек анклавы аркылуу каттоодо кыргыз жарандары кандай гана азап-тозокторго, кордоп-кемсинтүүлөргө кабылышпайт. Аз күн мурда эле Баткендин Таян айылына бараткан кыргыз автоунаасынын артынан өзбек чек арачылары эскертүүсүз ок атканы тууралуу окуя коомчулукка маалым.
Ушундан улам баткендиктер кыргыз бийликтери ушул кичинекей өзбек анклавынын эсебин таба албаганына, өзбек чек арачылары кыргыз жарандарын көздөй ок атса да, а түгүл чек арачыларын барымтага алып, каалаган учурда жолду жаап койсо да унчуга албаган облус бийлигине кыжаалат. Баткендин эли азыр Мамат Айбалаев жетектеген учурду арман кыла эстешип, Баткенге ошол кишидей гана губернатор керек экен деп жүрүшөт. Ылаажысы болсо ошол кишини кайра Баткенге губернатор кылып коюуну өлкө бийлигинен суранмакчы болгондору да бир топ. Чынында Мамат Айбалаев губернатор болуп турганда чек арага байланыштуу бир топ маселелер оң жагына чечилип, кошуна туугандар азыркыдай өзүм билемдикке барбай, кыргыз тарап менен эсептешип иш кылып калганын бүгүн Баткендин ар бир тургуну сыймыктануу менен айтып бере алат.
Чынында эле, соңку кездерде кыргыз-өзбек чегинде жогорудагыдай опуртал окуялар тез-тез кайталана баштады. Бирок мындай окуяларга байланыштуу кыргыз бийликтеринин позициясы, асыресе ошол окуяга түздөн-түз тиешелүү кызматтардын жетекчилери "лам" деп ооз ачпай отурушу түшүнүксүз. Анан да соңку убакта биздин бийик даражалуу жетекчилер чек ара маселеси чыкса эле "бул жергиликтүү денгээлде чечилчү жергиликтүү бийликтин иши" дегенди адат кылып алышты. Анысына да макул дейли, бирок ошондой болгон учурда бизде ошол кошуна тараптар менен теңата сүйлөшө ала турган, маселени жеринде чече ала турган, кошуналарга талап кое ала турган, күчтүү жергиликтүү бийлик болуш керек да. Ошондой губернатор-акимдер барбы бизде?
Манас Осмон
Эркин журналист




  Ачкачылык айдыңынан

"Петровка боюнча талаптар аткарыла элек"
Баялы Саркулов: Чүй облусунун АК-Суу айылында Петровка окуясына байланыштуу жети киши дале ачкачылык кармап жатат. Бул нааразычылык тууралуу Ак-Суудагы жергиликтүү лидерлердин бири Баялы Саркуловду сөзгө тарттык.

- Баялы мырза, ачкачылык кармагандардын абалы азыр кандай?
- Ачкачылык кармагандардын арасынан кечээ үч кишинин кан басымы төмөндөп, бир кишинин кан басымы көтөрүлүп, азыр оор абалда. Ошол эле учурда кечинде камакта жаткан райондук кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевдин энеси Уулболсун апанын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилди. Ооруканадан алгачкы жардамдар берилип, кан басымы түшүрүлгөндөн кийин туугандары аны ооруканага жаткыргандан баш тартышып алып кетишти.
- Негизи медициналык көзөмөл болуп жатабы бул адамдарга?
- Ал жерде дарыгерлер тобу жана тез жардам кызматы күндө келип кан басымдарын текшеришип, тиешелүү дарыларды беришиүүдө.
- Алардын талаптары тууралуу айта кетсеңиз?
- Алар Петровкадагы окуя боюнча камалган райондук кеңештин депутаты Сапар Аргынбаевди, андан кийинки күнү барып ошол жердеги элге "жол тоспогула" деп кеңеш берген Эркин Бөлөкбаевди жана Уран Рыскуловду камактан бошотуу талабы менен турушат. Азырынча башка эч кандай саясый талап кошула элек.
- Адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан акцияга көңүл бурулуп жатабы?
- Тескерисинче, азыр шаар тараптан эч кандай уюмдар келип окуяга аралашкан жок. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтен райондун акими Кубанычбек Сыйданов келип жолугушуптур, "силердин талабыңарды толук жеткирем "деп. Бирок азырынча кандай жыйынтык болуп атат, ал боюнча такыр маалымат жок экен.
- Петровка айылындагы окуяны иликтөө кандай жүрүп жатат?
- Бул боюнча айтыш өтө кыйын. Себеби бизге эч кандай маалымат берилбей жатат. Ошол эле учурда камакта жаткан Аргынбаев, Бөлөкбаев, Рыскуловдордун абалы тууралуу дагы толук маалымат алалбай жатабыз.
- Ачкачылык акциясы качан токтотулат?
- Айтыш кыйын. Себеби, Бөлөкбаевдин, Аргынбаевдин, Рыскуловдун туугандары бул жерде атайын комитет ачышкан. Ошол комитет кандай чечим кабыл алса, өздөрүнүн иши. Биз бул ишке азыр такыр кийлигишей атабыз. Алар кандай чечим кабыл алса ошондой болот деп ойлойм.
Айданбек Акматов