Күлкү-атакта...

беш азил
Түгөлбайдын тамашасы
Белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыздын нукура сөздөрүн бүт билчү эле дейт. Бир жолу суроо-жооп иретинде жолугушуу өткөрүп калат. Суроолордун багыттары жалаң жаныбарлардын балдарынын аталышы жөнүндө жүрөт. Аңгыча бирөө сурайт:
- Маймылдын баласын эмне дейт?
Анда Түгөлбай аксакал:
- Маймылдын баласын "Сулайман" дейт, - дептир жазуучу Сулайман Маймыловду сөөмөйү менен көрсөтүп.

Жамбыл жана
"Ош таймс"
Жамбыл Камчыевдин "Ош таймс" гезитине төмөндөгү мазмунда макала жарыяланат:
"Жаандан кийинки козу карындай жайнаган эркин гезиттердин ичинен "Ош таймс" гезити аябай кызыктуу чыгууда. Айрыкча белгилүү куудул Жамбыл Камчиев жазган макалаларды кызыгуу менен окуйм".
Ким жазды экен деп этегине көз жүгүртсөк, автор Жамбыл Камчиев өзү болуп чыкпаспы.

Рыспай ким
болуп иштейт?
Рыспай Оштон такси жалдап алып, Алайдагы досунун үйүнө бараткан. Аңгыча посттон таксистти көпкөлөң автоинспектор "тырыштыра" баштайт. Ал жүргүнчүгө да кайрылып, минтип сурайт:
- Сен ким болуп иштейсиң?
Өмүрүндө эч кимден тайманбаган таланттуу обончу:
- Мен Рыспай Абдыкадыров болуп иштейм,-дептир.

Сойку кой
Филармониянын бир бөлмөсүндө беш-алты адам аңгемелешип отурушкан. Бирөөсү өрдөгүн учургусу келдиби, же чын эле болгон окуяны эстедиби, айтор:
- Биздин бир кой бир жылда эки жолу төлдөдү,- дейт жакасын карманып.
Ошондо Асанкул:
- Ой, ал кой анда сойку кой окшойт,- дептир.

Тургунбайдын каты
Акын Тургунбай Эргешов студент кезинде атасына төмөндөгү мазмунда кат жазыптыр:
"К" тамгасы каткалаң,
кыйналып жүрөм ачкадан.
Карызым чачтан көбөйдү,
кайрылсаңыз акчадан.

Топтогон
Орозбек БӨРҮГУЛОВ




  Салт ыргак

"Камбаркан"
Кыргыздын чыныгы боекторун берип, нак элдик нуктагы аваздарды дүйнөгө даңазалап, улутубузга дем кошкон айтылуу "Камбаркан" фольклордук этнографиялык ансамблинин жетекчиси, дирижер Рысбек Жумакунов мырза менен азын-оолак маек курдук.

- Дирижер болуш үчүн сөзсүз Европадан билим алыш керекпи?
- Балыкчы шаарында төрөлүп-өстүм. Комуз ийриминен тапкан музыкага болгон кызыгуум М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жетелеп келип, европа аспабы флейтаны үйрөнүп, окуп калдым. Ийгиликтин алгачкы даамын ушул өнөрпоздор окуу жайынан татып, кайсыл бир кароодо диплом алган жайым бар. Устатым Костенко флейта үйрөтүп да, өзү дирижерлук кылган цирктин оркестрине алып барып да жүрчү. Күчтүү токмок кийиз казыкты да жерге киргизгендей мыкты устаттын шарапаты келечекке ачылган даңгыр жол экен. Дирижерлуктун башатын ошол кишиден үйрөнгөм. 1977-жылы К. Орозов атындагы симфониялык оркестрге музыкант болуп кирдим. Мына отуз эки жыл болду, филармония экинчи үйүмдөй.
- Айтылуу "Камбаркан" тобуна кантип аралашып калдыңыз?
- "Камбаркан" Союз тарагандан кийин улуттук фольклор жоголбосун деген максатта түзүлгөн топ. Белгилүү аткаруучулардын ырларын бет алдымча шөкөттөп, кооздоп оркестрге салып жүргөнүмдү көргөн улуу муундагы музыканттардын сунушу менен келгем. Алгач ыраматылык Чалагыз Исабаев менен иштешсем, кийин Эсенгул Жумабаев агай менен кызматташып жүрдүм.
- Айрымдар окуп, билим алгандар да профессионал дирижер боло албайт дешет. Чындап эле оор кесиппи?
- Музыкага болгон сүйүү менен берилүү болгон жерде "оор" деген сөз айтылбайт деле. Бирок кыйыны кыйын. Адатта дирижерлукка сынак күчтүү болуп, мен- мен дегендер таймашып жатып кабыл алынат. Оркестрдин бүтүндөй аспабында ойнобосо да музыканын баардык тармагын жон териси менен сезген адам гана бул кесиптин түйшүгүн талыбай аркалайт. Өмүр бою казып окууну, күнүгө эмгектенүүнү, изденүүнү сүйгөн машакаттуу да, жыргалынын чен өлчөмү жок да сонун кесип.
- Дирижердун колу эле эмес, бүт дүйнөсү, ал гана турсун бет түзүлүшү да иштеп турушу керек дегенди уктум эле...
- Чындыгы бар? Көрөрман, кол учунан гана кыймылдатып оркестрди башкарып жаткандай кабылданганы менен бүтүндөй күч, энергия короп, акыл сезим иштеп турат. Дирижер ар музыканттын кабак кашын сезген психолог да, "камырдан кыл суургандай" кылдат педагог да болушу кажет. Кээде көз караш, мимика же жест менен түшүнүшөбүз.
- Музыканттар ачууңузга тийсе кантесиз?
- Унчукпай калам. Үйдө да ушул. Сүйлөбөгөнүм, таарынганым. Сырымды баары билет. Иштин ыргагы кайрадан калыпка салат. Мен "бүгүн бар, эртең жок" принцибин карманам. Капа болсом чөгүп кетпейм, кубансам, ашыкча толкунданбайм.
- Ар бир музыкант өзүнчө ой жүгүртөт дегендей эки кочкордун башы бир казанга кайнабаган заманда аз эмес коллективди кантип жетектеп жүрөсүз?
- "Камбаркандын" курамында он беш музыкант, төрт солист, төрт бийчи бар. Мамлекеттин карамагындабыз. "Кара мышык" аралагандай ички мыйзамыбыз же жашыруун сырыбыз жок. Болгону болгондой ачык айкын. Койгон концерттер көрөрмансыз калбайт. Анан адис музыканттар болгон жерде талашып тартышуу, чатак деле болбойт.
- Оркестрдин баркы өз элге караганда чет элде өйдө бааланабы?
- "Камбарканды" көкөлөтүп көтөргөн музыканттары экени талашсыз. Барган жерлерди санагандан көрө, барбай калган өлкөлөрдү айтсак жеңил болчудай. Европа менен Азиянын бүт өлкөлөрүндө болдук, өнөрлөрүбүздү көргөздүк. Кээсине мамлекеттин атынан барсак, башкасы коммерциялык негизде, атайын чакырык алчу. Андайда жол кире, тамак аш, төлөнүп берилчү каражатты ошол чакырылган өлкө өзү моюндап алат. Менимче, салттык музыкабыз, сапаттуулук, аларды көп кызыктырса керек.
- Сапат демекчи, учурда сапаттууга караганда сапаттан түшүнүгү жок концерттерге эл агылып келет. Неге?
- Бул процесс да өтүшү керек. Кыргыз каны денебизде жүгүрүп турганда улуттук музыкабызга кайрылбай койбойбуз. Жалаң жаштардын курамынан түзүлгөн "Акак" деген фольклордук топ бар. Ушунчалык таза, заманбап ойногон музыканттарына да, дирижеруна да суктанбай койбойсуң. Закир аттуу комузчу жигит Ыбрайдын же Карамолдонун бизге тааныш эле күүсүн черткенде эл арбалып тунуп калганын сезем. Уучубуз кур эмес...
- Дасыккан музыкант шакирт күтчү эле...
- Өзүбүздүн арабыздан эле карап сындап жүрөм. Бизде дирижерлук менен чектелбөө талап. Оркестрге чыгарманы салуу үчүн оранжировщик да композитор да болуу зарыл. Татыктуулар бар.
- Өзүңүз жазасызбы?
- Эски күүлөрдү, солистер таап келген ырларды шөкөттөп оркестрге салам. Өздүк чыгармалар бар.
- Сырттан келген ышкыбоздор оркеcтрдин кызматынан пайдалана алышабы?
- Ышкыбоздорго жообум даяр-"убактым жок"! Ырчылык "хоббим" дегендер акча сунуп, агылып келе бергени чын. Болгон күчүмдү өзүбүздүн "Камбарканга" арнагым келет.
- Бул фанаттыкпы же байсызбы?
- Ойлогонум эле "Камбаркан". Ушул оркестрдин бедели. Ансыз да аз убактымды ким бирөө үчүн бөлүштүрүп, чампалай салуудан, уят болуудан сырт жүргүм келет. Байлыгым-үй бүлөм. Жөн билги жубайым, балдарымдын апасы Атыр кесиптешим. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" болуп эки кызым да өнөр жолун тандап өсүп келе жатышат.
- "Камбаркан" азыр эмне менен алек?
- Ушул айдын алтысында Францияга сапар тартканы турабыз. Ошого даярдык көрүүдөбүз.
Жаңыл Алиева




Ырсынак

"Мен
кыргыздын
№1 акыны"
... деген аталышта "Калемгер" адабий клубу менен биргеликте акындарга атайын сынак жарыя эттик. Андыктан акын дүйнөсүндөгүлөр, келгиле, ырыңарды бергиле!!
Шарты жөпжөнөкөй: сынакта атак-даңк, жаш-ченем, тематикалык чектөө деген жок. Болгону 7 куплеттен же 30 саптан ашпаган көлөмдөгү бир гана ырыңызды жөнөтөсүз. Сөзсүз кыскача тааныштыруу анан сүрөтүңүз менен.

Эрлан Жумагазиев

И. Арабаев атындагы КМПУнун филология факультетин бүтүргөн. Учурда Нарын областынын Кочкор районунда айылдык мугалим.

ӨЗГӨРДҮМ

Кыялда колду сермеп айга жеттим
Ылайлуу көлчүгүмдү дайра депмин
Өзүмдү ала тоодон бийик көрүп
Өзүмдөн башкаларды майда депмин

Өзүмдү жамгыр сезип себелеген
Өзгөлөр бар экенин кенебегем
Мен деген сезимдерим албуутанып
Менсинүү көкүрөктү чегелеген

Кыйкырып үн бүткөнчө мактанаарда
Башкадан баш тартууга аз калаарда
Соолуктум жин ургандай кыялдардан
Сезгенде бар экенин башкалар да

Оюмда өзүмдү-өзүм элеп көргөм
Жаңыртып кайра баштан төрөп көргөм
Ээ кокуй, эмне мынча дардаңдадым
Айырмам жок экен го бөлөктөрдөн

Калбырлап акылымды элеп көрдүм
Ээй достор, мен жаңырдым мен өзгөрдүм!
Кур кыял дардаңдабай өзүмдү эми
Силердин араңардан келет көргүм