Сармерден

"Тартюф" менен тааныш
Француз жазуучусу Жан Батист Малердин "Тартюф" (Плут) деген чыгармасын кыргыз элинин жазуучусу Эрнис Турсунов которгон. Мындан үч жүз кырк беш жыл мурда жаралган чыгарма кечээ сахналштырылып УТРКда кечээ тартууланды. Чыгарманы КМШ боюнча мыкты режиссер Барзу Абдразаков койгон. Бул трагикомедияда Тартюфтун ролун актер Илимбек Кулмурзаев аткарса, Аргонду "Учур" театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу аткарды. Аталган спектакль Кыргызстанда эки айдан кийин кайра коюлат. Ал эми Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" спектакли менен актерлор 30 майда Татарстанга аттанганы турушат. Белгилей кетсек, бул спектаклди Алматада коюшуп Гран Прини жеңип келишкен.

Бегимай имиджин өзгөрттү
Ырчы кыз Бегимай Эсенгулова имиджин түп-тамырынан бери өзгөрттү. Узун кара чачтуу Бегимай чачын күрөң түскө боеп, европалык стилге өттү. Сырткы келбетин эле өзгөртүп тим болбостон, чыгармачылыгына да жаңылык киргизип эки ыр жаздырган. Европалык стилдеги ырлары радиолордон кете баштады.

Айгерим үч киного тартылат
Айгерим Расул кызына азыр бир эмес үч кинодо башкы каармандын ролун сунуштап жатышыптыр. "Айлуу түн" аттуу ырына клип тарттыргандан соң, үч киного бирдей тартылганы турат.

Гуланда мыкты кызматкер
Гуланданын чек ара аскер кызматында иштегенине бир жыл болуптур. Анын урматына жакында медаль менен сыйланды. Азыр кылган эмгегинин акыбети кайтып, кубанычы койнуна сыйбай турат. Ырчылык менен эле чектелип калгысы келбеген Гуланда мындан ары да чек арадагы жумушун таштабайт.

Таалай Турдубаев университетте...
Ырчы жигит Таалай Турдубаев сөзү акын Гулмира Суранбаевага таандык "Биздин тагдыр" деген ырга клип тарттырып жатат. Андан сырткары Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенүүдө.

Жылдызга жанашкан күн

Кумирлер менен ырчылардын ортосунда көпүрө болуп келген "Жылдызга жанашкан күн" рубрикасынын алгачкы коногу ырчы Анжелика болгон. Анжеликага арналган смстердин арасынан шарт боюнча ырчы бирөөсүн гана тандап алды. Жээнбаева Гулайым Анжеликаны эки жашында балдар бакчасында тарбиялаптыр. Тарбиялануучусун жашоосуна, жетишкен ийгиликтерине буга чейин сырттан күбө болуп келсе, бүгүн ырчы менен жолугуп, жакындан таанышып чер жазышты.

Гулайым Жээнбаева:
- Мен Анжеликаны Таластагы балдар бакчасында тарбиялагам. Бизге Анжелика эки жашында келди. Башка балдардай болуп кутурбаган жоош кыз эле, дайыма менин жанымда отура берчү. Кийин мен декретке чыгып, кайра келсем эле кыздар алдыман чуркап чыгып "Анжеланы алып кетишти" деп калды. Ошол бойдон көргөн жокмун. Телевизордон ырдап чыкканда көрүп аябай сүйүндүм. Азыр балдарым телевизордон көрүп калса, "мама окуучуңуз" деп калышат. Силердин гезитиңерди окуп көрүп, эмнеси болсо смс жазып көрөйүнчү деп ойлодум. Мага байланышып Анжелика менин смсимди тандаганын айтсаңар ишенген жокмун. Анткени, мени жакындарым көп алдап, тамашалашат.
Азыр силердин жардамыңар менен эки жаштагы Анжеликаны жыйырмага чыкканда көрүп жатам. Толкунданганымды, сүйүнгөнүмдү сурабаңыз. Ушундай конкурстарды дагы көп уюштуруп, көпчүлүктүн кубанычына ортоктош болуп жүрө бериңиздер. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Анжелика, ушул калыбыңан, адамкерчилигиңен жазбай жүрө бер. Мени сени менен дайыма сыймыктанам.

Анжелика :
- Башында менин тарбиячым экенине ишенген жокмун. Анан жолуккандан кийин башыман өткөргөн окуяларды айтып бергенде чын эле менин тарбиячым экенине көзүм жетти. Негизи көп учурда ошол адамды тандаш үчүн мугалими же таанышы болуп чыга беришмейлери да бар, ошол жагын да ойлодум. Чынын айтсам Гуля эженин келбети, сыртык көрүнүшү эсимде калбаптыр. Менин балачагымды эсиме салып, жашартканына ыракмат. Балалык күндөрүмө бир сыйра саякат кылдык окшойт. Экөөбүздүн күнүбүз кызыктуу мен каалагандай өттү.

Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА