Хохма , эй…

Суракта отуруп "сотка" согуп алган эргул
Татар улутундагы Садритдинов Руслан 1984-жылы туулган. Апасынын кара чечекей жалгыз баласы болгондуктан эрке-талтаң өсүп, ичкиликтин айынан бир канча кылмыштарды жасаган. Бул жолу да үйрөнгөн адатынын айынан уурулук жасап кайрадан темир тордун артына түшүүгө камданып жатат.

Руслан Осмонкул көчөсүнүн 25 үйүндө жашайт. Анын бул жолку кылмышы акылга сыйбас көрүнүш. Жөн эле хохма, эй! 24 апрелде жинди сууга тоюп алган эргул өзү жашап жаткан жерде кошуналары менен урушуп №22 шаардык милиция бөлүкчөсүнө алып келинет. Административдик эреже бузуу боюнча аймактык тескөөчү Асанов М.С. керектүү материалдарды толтуруп жатканда, дал ошол жерде мамлекеттик практикасын өтөп жаткан ИИМ академиясынын курсанты Чолпонбаев Керездин телефонун уурдаганга жетишкен. Уюлдук телефонун зарядкага коюп койгон курсант ал кылмышкер келгенден кийин көз ачып жумганча чөнтөк телефонун таппай калат. Таппасаң сыйпалап кал деп мына ушуну айтса болот. Керез дароо эле арыз жазат. Милиция кызматкерлери анын номуруна телефон чалса, кылмышкер Русландын байпагынан үнү чыгып калса болобу. Уурдаганын го уурдаптыр, бирок өчүргөндү унутуп калган экен. Тескөөчүнүн маңдайында отуруп уурулук кылган Русланга дароо эле кылмыш иши козголуп, Свердлов РИИБге жиберилип андан аркы ишти РИИБдин лейтенанты Урмамбетов Азамат колго алган. 164-берененин 2-бөлүгүнүн, 3-пункту боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан Бишкек шаарындагы №1-сизодо отурат. Бул кылмыштын соту июндун орто ченинде болот. Кошумчалап кетсек, Руслан мурда эки жолу уурдоо жана талап-тоноо менен соттолгон.




  Шыпаажан

Ириң - Кош көңүлдүктөн жарым жандыкка
"Шыпаажан" рубрикасы сиздин аксап турган ден-соолугуңузга бир аз болсо да жардамын тийгизсе абдан кубанычта болобуз. Анткени, биздин максат сизге керектүү жана пайдалуу маалымат берүү. Бул макалада чымындай нерседен пилдей болгон дартты ашырып алып, анын негизинде денеңизге бычак тийип так калтыруусу толук мүмкүн болгон ириң тууралуу сөз козгомокчубуз. Бизге бул тууралуу Улуттук Хирургия борборундагы Ириң хирургия (гнойное отделение) бөлүмүндө кызмат кылган жогорку категориядагы хирург, Сыдыков Адыл мырза кең-кесир айтып бермекчи.

- Адыл мырза, ириң кандай жол менен пайда болот?
- Оору эки жол менен пайда болот. Биринчиси Кудайдан болсо, экинчиси адамдын өзүнөн көз каранды. Оорунун пайда болуу себептерин үч топко бөлүү мүмкүн. Биринчиси ысык-суукка маани бербей, суук тийгизип алгандан. Көбүнчө буттан суук өтүп, бронхит, нефрит ооруларына алып келсе, бөйрөк ооруларынын натыйжасы артрит, неврит оорулары менен аяктайт. Ага анчейин көңүл бурбай кош көңүл болгондуктан сөзсүз түрдө бизге кайрылууга мажбур кылат. Экинчи стадиясы нервдин стресстери бул ооруга жол ачат. Үчүнчүсү болсо, диета сактабай туура эмес тамактангандан бул оорунун күч алышы толук мүмкүн. Ал эле эмес зыяндуу өнөкөттөр , тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин көп колдонуу, гигиенаны сактабоо - ден соолуктун биринчи душманы экенин анча капарга илбейбиз. Биздин бөлүмдө теринин жана тери астындагы май бездердин ириң оорулары сыздоок, көкүрөк эмчек бездин сезгениши, сокур ичегинин жарылып кеткени операция менен аяктап тигилген жерлерин жакшы карабагандыктан ириңдеп кетип айла жоктон бизге келип отурат. Жалпы жонунан алсак, ушундай акыбалга түшүшүнө оорулуулардын өздөрү күнөөлү. Илгери Кытайда бир адам 160 жашка чыккан экен. Ушунча жашка кантип жеттиңиз десе, "биринчи-бутту жылуу кармоо керек, экинчиси-башты сууктан сактоо (таза, сергек ой жүгүртүү, токтоолук) болсо, үчүнчүсү ашказанды орто токтукта кармоо" деген экен. А бизде болсо, өлбөсөк көрө жатарбыз деп, ооруп калса да, ана барам, мына барам деп жүрүп такыр болбой калганда кайрылышканы жан кейитет. Кээ бир ооруларды алдын алып, өз учурунда дарыгерлерге кайрылып тууруунун пайдадан башка зыяны деле жок.
- Бул оорудан кантип сактанса болот?
- Ал оорудан сактануу эң жөнөкөй. Бул дартты өзүбүз ашырып жаткандан кийин, андан өзүбүздөн башка эч ким сактай албайт. Кадимки эле гигиенаны сактап, туура тамактанып, дарыгерлерге жок дегенде жылына бир жолу барып турсак эле жетиштүү болот. "Тазалык ден соолуктун булагы" демекчи таза болсок көп оорулардын алдын ала алабыз деп кепилдик бере алам.
"Миң уккандан бир көргөн артык" демекчи дал ушул бөлүмдө жаткан оорулулардын абалын өз көзүм менен көрүү максатта дарыгерлер менен чогуу байлап-таңууга (перевязка) катыштым.

Уколдун айынан жамбашы кесилип…
Элүүгө чамалап калган эженин жарасы жамбашынан орун алыптыр. Бала-бакырасын багыш үчүн ысык-суукка карабай иштеп жүрүп өпкөсүнө суук тийгизип алган. Андан алган уколдору толук таркабай, ириңдеп кетсе да дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип, эми минтип ал жерин кестирүүдөн башка арга жок экенин түшүнүп отурат. "Көрбөгөн азабыз ушул калды эле" деп көзүнөн жаш кылгыртып, үнүн өктөм көтөрө кыйкырып алганын көрүп ооруну алдын алса балким мындай кыйынчылыкка тушукпас беле деген ойго кептелет экенсиң.

Жаранын айынан көкүрөктөн айрылып
21 жаштагы сулуу айым бул жерге жөн жерден келип түшкөн эмес. Баягы эле, ооруга маани бербегендендин айынан өтүшүп кетиптир. Ал жердеги ириңдин пайда болушу да жөп-жөнөкөй экен. "Көкүрөгүмдүн төмөн жагы кичине эле кызарып калган болчу, өзүбүз жашаган жактагы ооруканага (поликлиника) барсам УЗИге түш деди. Ал жакка барсам онкологияга бар деп ары-бери чуркатып жүрүп ушул күнгө туш болдум. Операция болгондон кийин аябай ооруган, азыр кыйла оңолуп калды" дейт. Сураштырсак турмушка чыкканына болгону бир ай болуптур. Менин коркконум эми бала эмизе албай калабы деген суроо болсо, кудай жалгап көкүрөк акырындап өз калыбына келип, баласын эч кандай коркунучу жок эмизгенге болот экен.

Бир да тырмагы жок бомж
Оорукананын дагы бир бурчун ээлеп бир селсаяк жатты. Бутунун бир да тырмагы калбай калган экен. Бул жерге медициналык тез жардамдын колдоосу менен келип түшкөн. Буга чейин бутун суук алып кеткендиктен Майлуу-Суудагы ооруканада бутунун учтарын кесип салышкан. Эми кайрадан ооруканага түшкөнүнүн себеби "грибок" оорусунун айынан буту курттап, бармактарынын ортосундагы салалары бири-бирине жабышып калыптыр. 46 жаштагы мырзанын эки кызы "Махмуд Кашкарлык" интернатында тарбияланса, аялынын каза тапканына бир топ убакыт болуптур. Ал жоготууга чыдабай көчө кезип тентип кеткени айдан ачык көрүнүп туру. Дарыгерлерге ыраазы экенин кайра-кайра кайталап "булар болбосо мен качан эле өлүп калат элем" деп ыраазычылыгын гезит аркылуу билдирип коюшубузду өтүндү. Оорулууну бекер карап жаткан дарыгерлерди көрүп ичиң жылый түшөт экен.
Кадырлуу окурман, ар бир нерсенин алдын алып өз учурунда дарыгерлерге көрүнүп турса балким мындай кыйынчылыкка тушугушпайт эле. Ден соолугубуз чың болгондо гана өзүбүз көздөгөн багытка эч кандай тоскоолдуксуз бара алабыз. Колубузда акча болсо, базарга барып бүт нерсени тапсак болот. Бирок, ден соолуктан башкасын. Ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүп, дени сак энеден дени сак бала төрөлсө, дени сак мамлекет куралаарын унутпасак.
Даярдаган Нурзат Жусупова




  Кылмыш сап

25 май күнү бардык кылмыштардын саны 140ка жетти. Алардын ичинен 22си изи сууй электе кармалып сурак берүүдө. Калгандары дале болсо изделүүдө.

Ленин РИИБинин из кубарлары тараптан мурда да талап-тоноо менен кармалган Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочусу 1991-жылы туулган Э.Т. 25-май күнү кайрадан милиция кызматкерлеринин колуна түштү. Ал Бишкек шаарынын тургуну 1987-жылкы Кашкаеванын көкүрөгүн кескилеп таштаган. Жабырланычуу өлүм-соонун ортосунда алпурушуп жатканда, улуттук хирургияга жеткирилген. Учурда дарыланууда


Бишкек ШИИБнын кызматкерлери тараптан кармалган Келечек жаңы коншунун жашоочусу 1975-жылы туулган А. Б. 25-мартта саат он экилер ченде Келечек жаңы конушунан Көчөрбаев У. мырзага тиешелүү БМВ-528 үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кеткен эле. Ууру колго түшкөн соң унаа жакшы абалда өз ээсине жеткирилди.


Сокулук районунун 1931-жылы туулган тургуну Оголь М. сарайынан оокаттары жоготуп арыз менен милицияга кайрылган. Чыгым жалпы жонунан 24 миң сомду түзөт. Муну кылган колу туткак Сокулук районунун 1970- жылы туулган жашоочусу ИИМдин (РИИБ) жана Сокулук РИИбнин кызматкерлери тараптан изи муздабай турганда кармалган. Эмне себептен мындай кадамга баргандыгы тууралуу суракка жооп берүүдө.
Нурзат Жусупова