Сармерден
Кубаныч Сатаевден жаңы ыр
Атанын жолун жолдогон ырчы Кубаныч Сатаев жакында Рамис аттуу жигит менен дуэт ырдап чыгат. "Жазгы күтүү" деген ыр Чубак Сатаевге таандык. Азыр Кубаныч Сатаев жаңы дуэттин аранжировкасын жаздыруу менен алек. Бир жуманын ичинде аталаган ырды радиолордон уга аласыз.

Дайыр темир тулпарлуу болду
Дайыр Исмадияров "Тoyota Camru" маркасындагы машина алды. Андан тышкары дача да сатып алганга үлгүргөн. Оштогу туугандарын дачага чакырам деп кыялданып жүргөн Дайырдын тилеги чекесинен ишке аша баштады. Азыркы тапта ал сөзү Алтынбек Алымовго, обону Ильяз Абдразаковго таандык "Жүрөк дарты" деген ырга клип тарттырганы жатат.

Элден бөтөнчө эргежэлдердин клипи
"Коштошуу" деген ыры менен элдин оозуна алынган Гүлжигит Сатыбеков Чаткалдан гастролдон келгенден кийин "Достор" деген ырына клип тарттырган жатат. Бул клипте төрт-беш эргежээл балдардын достугу жөнүндө баяндалат. Башкалардан айырмаланып, өзгөчөлөнгүсү келген Гулжигит эргежээлдер жөнүндө клипти көптөн бери ойлонуп жүргөн.

Сема Москвага эс алганы барат
Сема жакында Москвага эс алганы барат. Ал жерден чеберчилик сабагын өздөштүрмөкчү. Туулган жеринен бир-эки айга узакка кетип жатканына бир чети ичи ачышып жатса, бир жагынан бөлөк элдин жашоосуна аралашып, алардын жашоосу менен таанышып келээрине сүйүнгөнүн билдирди. Чыгармачылыктан эс алганды да билиш керек дейт ырчы.

Максат менен Омар Ош шаарында
Америкада окуусун улантмак болгон Омарга кризис залакасын тийгизген окшойт. Азыр сахналаш агасы Максат Бегалиев менен Ош, Жалал- Абад шаарына гостролго аттанышты. 22-24 майга чейин түштүккө концерт коюп, андан кийин Нарынга бет алышы мүмкүн.

Бегимай беш клип тарттырат
Ырчы Бегимай Бекбоева жакында эле Казарманда өткөн бир айлык гастролдон келди. Азыр Ош, Баткен, Өзгөнгө аттанганы турат. Ал жерден гасторлдоп эле тим болбостон бир эмес, беш ырына клип тарттырып келмей болуптур. Андан тышкары "Сүйүүдөн аккан көз жаш" киносуна да тартылып бүттү. Бешиктен бели чыга элек Бегимай айрым сахналаш эжелеринен ашып, аларды чаңга калтырат өңдөнөт.




Назира АХМЕДОВА, тележурналист:
"Мени өзбекче сүйлөтөм дегендер өздөрү кыргызча сайрашат"
- Жолдошуңуз менен кантип тааныштып, баш кошконсуз?
- Мени телевизордон көрүп, өзү таанышам деп келген. Бат эле тил табыштык, сегиз ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук.
- Тоюңар өзбектин салты менен өттүбү?
- Менин улутум өзбек да. Бирок атам менин тоюм кандай өтөт деп көп ойлонду. Ошентсе да биз кыз алып жатабыз деп кайын журтум өзбектин салты менен тоюбузду өткөрүшкөн. Кадимкидей эле бир жума эч жакка чыкпай, кызмат кылып, жоолук салынып жүрдүм. Бизде келинди көшөгөгө отургузуп, тоюн өткөрүшүп тим болушат эмеспи. Өзбектер келинди аябай баркташат. Ырым-жырымдарын, салттарын айтып отурсаң түгөнбөйт.
- Үйдөн кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
- Кыргызча, орусча. Башында жолдошум кыргызчаны акцент менен сүйлөчү. Экөөбүз баш кошкондон кийин "эми Назира сага өзбекчени үйрөтөбүз" дешчү. Кайра өзү кыргызчаны суудай таза сүйлөп калды. Менин улутум өзбек болгону менен Кочкордо төрөлүп, чоңойгом. Өзбекчени жакшы билбейм.
- Казан -аяк кагышканда кимиңер айкөлдүк кыласыңар?
- Менин ачуум бат келгени менен бат эле жазылат. Кабылжан экөөбүз урушпайбыз, майда-барат нерселерди талашып-тартышабыз. Ошентсе да жолдошум көп теңелбейт.
- Үйдө кандай кожейкесиз?
- Мм... үйдө биз менен кошо кайынсиңдим жашайт. Ошого тиричиликтин баарын өткөрүп бергем. Үйдү да жыйнайт, тамак да жасайт. Баарын менин оюмдагыдай, мен айткандай кылып турат. Өзүм эртең мененки сегизде кетип, кечинде саат сагиздерге чарчап, төрт аяктап араң келем. Кайын сиңдиме ишенгендиктен, ал жагынан көңүлүм тынч.
- Кайсы тамакты майын чыгара жасайсыз?
- Оңойуна караппы билбейм палоону жакшы даярдайм. Чынын айтканда тамак жасаганды жактыра бербейм. Жегенде да тандап жейм. Азыр эми жолдошум да жок, тамак жасаганды такыр таштадым. Ашкана жагынан болбосо да үйдүн тазалыгын жакшы эле карайм. Мурда кайын сиңдим жокто кеч келгениме карабай бирдеме жасаш керек болчу да. Жолдошума "аялдын, эркектин жумушу деп бөлбөш керек. Мен жок болсом деле курсагыңды тойгуза бербейсиңби" дечү элем.
- Бош убактыңызда кантип эс аласыз?
- Биздин жумушту билесиңер да. Бош убакыт деле болбойт. Кээде алтынчы-дем алыш күндөрү иштегенге туура келип калат. Кичине бошой калсам эле уулум менен болом. Жакында эле бирөө Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдук китебин берген ошону четинен окуп жатам. Бош убактым болсо эле жаратылышка чыгып эс алгым келет.
- Сауналарга барасызбы?
- Кесиптешим, жакын досум Каныкей Жунусова менен эки жумада бир жолу мончого барганга аракет кылабыз. Бирок көпчүлүк менен кошулуп алып, саунага бара элекмин. Көп учурда ошол досум менен чогуу жүрөм.
- Кайсы фирманын косметикасын колдоносуз?
- Азыр Франциянын "Локитан" деген фирмасынын косметикасын колдонуп жатам. Бирок, аны Бишкекте сатпайт, атайын Алматадан алдырып келем.
Бетти даярдаган Анара Дүйшөналиева