Жан дүйнөнү эргитип

Берчи мага жарым кашык музыка!
Таарынбай ушул сырды уккун
Так өзүн айтам чындыктын
Уйкашы менен арсылдайт
Ити да ырчы кыргыздын...
деп Байдылда акын жазган эмеспи. Анын сыңары "мен кыргыз" дегендин ар-бири талант көлүнө чөмүлгөндөр экени ырас. Бири манасчы, бири төкмө, бири комузда кол ойнотсо, бири баян, аккордеон дегенди какшатат. Ырдайм дегендерин айтпай эле коелу.Андыктан биздин саясат айдыңындагыларыбыз да мындан куру эмес.

Турсунбек Акун
Тукебиз заманбап тил менен айтканда "универсал" киши. Саясаттагы күлүктүгүн айтпасак да билесиңер. Адепки кадамында мал-жандын ахвалын, дени-кардын коргоочу, жанын сактоочу болмокко мал доктурлукту тандаганы менен кийин заман аңтар-теңтер болгондо адамдын ахвалын, укук-эрежесин коргоочу болуп чыга келген. Ар жерде чырылдап жүргөнүнүн акыбети кайтып, азыр өлкөнүн Акыйкатчысы болуп туру. Саясатта салышып жүрсө да өнөр жаатын унутта калтырган эмес. Студент кезинде манасчылык өнөрү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына дейре барганын "илибой" жерде айтат. Өзгөчө төкмөлүк өнөрдү сыйлайт. Төкмөлөрдүн айтышына ар убак барып, көрүп турат. Өзү да колуна комуз алып, төкмөлүк менен "шугулданып" жиберет. "Жыгылсаң нардан жыгыл" демекчи, "Айтыш" фонддун негиздөөчүсү Садык Шерниязды беттеп бир олтурушта Тукем айтышка түшкөнү бар. Сакем да бекеринен төкмөлөрдү чогултпаган да. Капталдан качырган Тукеге катыра жооп бериптир. Садык мырзадан жеңилгенин намыстанбай, арданбай эле Тукебиз моюнга алып калат.

Курманбек Осмонов
Береги сүрөткө Курманбек Эргешович бекеринен түшкөн эмес. Укук жаатын гана чакпастан аккордеонду да эзип коет. Рыспай, Асанкалый өңдүү залкарлардын табериктерин өтө аздектеп, келиштире аткарат. Курманбек Эргешович барып калган кечеде сөз жок аккордеон тартылып, жүрөктүн түпкүрүнө жеткен аваз жаңырат. Саясат айдыңында алигүнчө талант, ыр жаатынан Курманбек аксакалга жетчүлөр жок. Бир ирээт Курманбек ага менен маектешкенимде айрым отуруш-кечелерде көңүл оргуштап турганда, үйбүлөлүк майрам-кечелер арасында аккордеонсуз отура албасын айтканы бар. Кээ кездери Курманбек Эргешович жапжалгыз калып алып да ырдайт экен. Баса, жакындан берки сөздөрдө айтылгандай эгер Курманбек аксакал Орусия жергесине элчи болуп барып калса орустун далай чиновниктерин Рыспай, Асанкалыйдын кайрыктары менен эс-мас кылаары турган иш.

Ибрагим Жунусов
Өзгөлөр саясатта жүрүп, ыр-бий өнөрү менен таңгалдырса Ибрагим Жунусов тескерисинче ыр дүйнөдө жүрүп эле саясаттын "жаңгагын чагып" чыга келгени менен таңгалдырат. Албетте, Ибрагим мырзанын 20 жылдан ашуун тарыхы бар ыр жолунда не бир сонун ырларды жаратканын белгилүү. Өзгөчө, "Алтын апа", "Чынара" "Эламан" деген ырлары бүгүн да өз угарман, сүйөрмандарын жоготмок тургай арбытып келет. Башка мамлекеттерде шоу, муза дүйнөсүнүн өкүлдөрү саясатка батыл аралашып келишсе, бизде бул дыңды Ибрагим мырза алгачкылардан болуп бузду. Бирок, али депутаттыкка келгенден тарта жеке концерт бере элек. Азырынча элге эң кызыгы "Ибрагим Жунусовдун качан концерт берээри" болуп туру. Качан эми, Ибрагим аке?

Курманбек Бакиев
Ажобуз Курманбек Бакиев спорт дүйнөсүнө гана жакын болбостон жандүйнө, муза ааламынын да күйөрманы. Маркум Рысбай Абдыкадыровдун ырларын жантыгынан жата калып угат. Тар чөйрөдө кеңири эс алып калчу күндөрү Рысбайдын ырларын кудум өзүндөй манера, жеткиликтүү үн менен аткарган филармониянын ырчысы Таалай Иманкулов деген жигитти атайын алдырып алып, ой-даа угат. Анан ыргак жүрөгүн кытыгылап жибергендеби, аккордеонду тарттырып коюп өзү да Рысбайдын ырларын келиштире созот экен. Эмне, ажо болсо эле ырдаган болбойт дейсизби? Жок, бу да болсо талант дүйнөсүн баалагандык, ага карата мамиле күтүп, таазим эткендик. Андыктан Салиевичтин ырдаганын өөн көрбөй эле койсоңор болот. Ал эми өзгөчө чыгыш музыкалары жаңырганда бийге түшө калмайына атпай журт өзү күбө болгон. "Андижан полкуна" чарк айланганда...

Дамира Ниязалиева
Жогорку Кеңештин чырайлуу айымдарынын бири КСДПчы Дамира Ниязалиева айым музыка дүйнөсүнө өзгөчө жакын. Кесиптештери менен бирге олтуруп, эс алып калышканда кеченин көркүн ачат. Ыр десе ырдап, бий десе бийлеп. Өзгөчө "Өрүкзарга кетели" деген ырды өкүртө ырдайт. Микрофонду апакай манжалары менен назик, "скальпел" кармаган хирургчасынан өтө этият кармап алып каалгый ыргакка түшүп, сыздай обон созгондо көрүп турган кесиптеш жентельмендердин айрымдары ордунда катса, айрымдары тура кала кол чаап, алып учуп ийгенин көрүп эле калабыз. Ал эми бий жагынан кеп жок. Айым өзү бир ирээт айткандай бий курсуна да барат экен. Ошондон уламбы бий аянттын да көркү. Куп жарашкан ачык түстүү көйнөккө оролгон Дамира айым эч чарчабай, ыргактан чыкпай кай баскычтын, кай муундун музыкасы болбосун чимирилет десең.

Чолпон Баекова
Легендарлуу Чолпон айымда да чоң талант жатат. Кези келген жерден келиштире обон созгондо уккандардын дагы да уккусу келип, кол чаап сурануулар күч болот деп угабыз. Саясатчы айымдардын арасынан али Чолпон айымга теңтайлашаар "алтын аваздар" дээрлик жокко эсе. Балким Чолпон айым укук жаатын тандабай, бүт өмүрүн ага арнабай, талант дүйнөсүнө баш ийгенде алигиче "Эл артисти" атыгып, ырчылык атагы Ала-Тоо тургай, аалам деңгээлине дейре көтөрүлмөктүгү тууралуу айтылган кептер да бар. Кыскасы, "бир келген талант" болмок экен.

Кубаныч Зайнидинов