Дүйнө кызык бул күндө

Неандерталдыктардын этин жеп жан баккандар
Окумуштуулар адамдар мурда неандерталдыктардын этин жеп жан багышканын далилдешти. Франциянын чыгышында неандерталдыктардын сөөгү табылган. Ошондон улам табылган сөөктөрдөгү курал-жарактын изин байкаган адистер адамдар аларды жаныбарды сойгондой эле союп жешкен деген жыйынтыкка келишти. Неандерталдыктардын азыр жер жүзүндө жок болушуна адам баласынын салымы чоң. Неандерталдыктар 30 миң жыл мурун жоголушуптур, илимге таянсак алардын өнүгүүсү аң сезими азыркы адамдардыкынан да күчтүү болгон. Азыр окумуштуулар изилдеген эмгегин көпчүлүктү ишендирүүгө олуттуу далилдерди топтоо менен алек.

Медицинаны ким ачкан?
Эң биринчи адамдарды дарылоодо магияны колдонушкан. Вавилондуктардан ар бир оорунун дарылары кеңири жазылган китептер ошол кезде медицинага чоң жардамын тийгизген. Египетте ооруган адамга наркотик аралашкан дарыларды берип жарасын жеңилдетишкен. Эскулап магиялык медицинаныны колдонгон жалгыз адам. Биздин заманга чейин 400 жыл мурда магия менен ырым-жырымга каршы чыгып Гиппократ "медицинанын атасы" аталган.
Анын оорулууну айыктырганга эң биринчи жакшы мамилеси зарыл деген сөз азыр да айтылып келет.

Кенгурунун баласы эмнеге чөнтөктө чоңойот?
Кенгурунун баласы жаңы төрөлгөндө 25 сантимертди эле түзөт. Энесинин чөнтөгүндө эмчек эмип төрт-беш жумадан кийин араң көзүн ачат. Кокус кенгурунун баласы энесинин эмчегин оозунан чыгарып жиберсе дароо өлөт экен. Беш алты айынан баштап кичинекей кенгуру башкаларды туурап чөп жегенге жарайт. Австралияда кенгурунун териси өтө баалуу. Бирок, аны көбүнчөсү батынып өлтүрө алышпайт.

14-майдагы №4 сканворддун жообу
Туурасынан: Саламат. Лезгинка. Холдинг. Оромпой. Ыкчам. Анаша. Алмаз. Карачай. Бутак. Уркуя. Ефрейтор. Кунаажын. Европа. Фергана. Барча. Улак. Кулак. Атлантика. Комуз. Ирге. Бешбармак.
Тигинен: Абад. Толгонай. Жорго. Өнөрпоз. Жолой. Глинка. Таажы. Чанач. Буюм. Химик. Лидер. Илгич. Кымыз. Аскар. Аруу. Азия. Аптека. Ыксырап. Берене. Тандыр. Аралаш. Вагон. Ормон. Аймак. Арыз. Борук. Рига. Азат. Акча. Акак. Арзуу. Ландыш. Нукура. Ишеним. Арабөк. Келин.





  ЖЫЛДЫЗ ТөЛГө

25-майдан
1-июнга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Аптанын башталышында кой жылдызындагылар көп жумуштарын бүтүрө албай насыя эле чарчашат. Бирок демиңизди түшүрбөй жаңы күч менен алдыга умтулуңуз. Карьераңыздагы жылыштар сиз ойлогондой болбогону менен, үй-бүлөдө бейкутчулук өкүм сүрүп, маанайыңыз көтөрүлөт.
Букачар (21.04 - 20.05)
Акчанын айынан дос-туугандарыңыз менен жаман жакшы айтышасыз. Олуттуу иш кагаздарына кол коердо өтө кылдат болуңуз. Жекшемби күнү досторуңуздун арасында ойдогудай эс алып, жашооңуз керемет болот.
Эгиздер (21.05 - 21.06)
Бул жумада жаңы тааныш күтүп, бейтааныш адамдар менен баарлашууга жакшы жагдайлар түзүлөт. Сүйүктүүңүз менен тил табыша албай ортодо кайчы пикирлер жаралат. Бирок, мунун баары убактылуу экенин эсиңизден чыгарбай кескин чара колдонууга шашылбаңыз.
Бөйөн (22.06 - 22.07)
Айланадагы болуп жаткан жагымсыз көрүнүштөрдүн сизге тиешеси жок болсо деле маанайыңызга терс таасир тийгизет. Башыңыздан өткөргөн жаман окуяларды унутууга аракет жасабасаңыз, ден-соолугуңузга залакасы тиет.
Арстан (23.07 - 23.08)
Жетишкен ийгиликтериңизди карап көрүп өзүңүзгө-өзүңүз баа бересиз. Жуманын ортосунда сыркоолоп жаткан адамыңыздын абалын сурайсыз. Ал эми жекшемби күнү жашооңузда чукул бурулуш күтүп турат. Балким жумуш оордуңузду өзгөртүүңүз мүмкүн.
Бийкеч (24.08 - 23.09)
Дүйшөмбү күнү жетекчилик менен тил табышып, оригиналдуу идеяларыңыз менен аны таң калтыра аласыз. Мурда сизди этибарына албай жүргөн адамдардын сый-урматына арзыйсыз.Аптанын аягында алыскы жолго чыккан сапарыңыз байсалдуу болот.
Тараза (24.09 - 23.10)
Өзүңүздүн эле укугуңузду коргой бербей, милдеттериңизди да так аткарбасаңыз кесиптештериңиз менен таарынышып, абалыңыз оорлойт. Жакын адамдарыңызга нааразы болуп, жалгыздыктын кучагын самайсыз.
Чаян (24.10 - 21.11)
Лидерликке болгон умтулууңуз талыкпаган эмгекти талап кылат. Өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды коргош үчүн бир топ талаш-тартыштарга барасыз, жыйынтыгында утуш сиз тарапта болот. Үй-бүлөдөгү чыр-чатакты сыртка чыгарбай эле койгонуңуз туура.
Жаачы (22.11 - 21.12)
Жаачылар бул жумада күтүлбөгөн сюрприздерге көп туш болушат. Карьерадагы өсүштөр байкалганы менен үй бүлөдөгү мамилелер бир нукка түшпөй кыйла убара тартышат. Жылдыздар алдыдагы аптада чыдамкай, сарамжалдуу болууңузду эскертишет.
Текечер (22.12 - 20.01)
Иш боюнча козголгон олутту маселелерге жоопкерчиликтүү мамиле жасабасаңыз, жыйынтыгы өкүнүчтүү аякташы мүмкүн. Финансылык жактан эч кимдин эшигин каккылабай эле коюңуз. Каражат жагынан кыйналып, көп жумуштарды кийинкиге жылдырууңуз күтүлөт.
Суу куйду (21.01 - 19.02)
Кырсыкка кабылбоо үчүн шашмалыка алдырбаңыз. Алыскы сапарга аттанып жатсаңыз буюмдарыңызды унуткан жоксузбу бир нече ирет текшерип алганыңыз туура. Расмий документтер, финансы маселелер оңой чечилет.
Балык (20.02 - 20.03)
Кол алдыңызда иштегендер чектен чыгып кетпөөсү үчүн тиешелүү чараларды колдонгонго аргасыз болосуз. Жакындарыңызды таарынтып алуудан этият болуңуз. Анткени, "өз кылган ишиң, өз башыңа муш" деген сөз бул жумада сизге тиешелүү.

Даярдаган
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА