Көпчүлүк жылдыздар ырчылыкты кесип катары карашса, айрымдары жөн гана хобби катары карашат."Балаңыздын сизди тартып ырчы болушун каалайсызбы" деген суроого ырчылардын так секирип, чыгармачылыктын жолу оор, ырчы болуш оңой эмес экенин узун жомок кылып айтып бергендерине сиз деле күбө болуп жүрсөңүз керек. Ошенткени менен өзү менен кошо сахнага балдарын жетелеп чыккан жылдыздарыбыз да жок эмес.

 Сармерден

Жылдыздардын "жылдызчалары"
Аргендин арген үнү кайда?
Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу Арген. Бир убактарда Алина Жетигенова Айчүрөктүн тун уулуна арнап: "Жүрөгүмдү ээлеп алдың сен, Арген, Арген" деп ырдап чыккан ыры да хит болгон. Бүгүнкү күндө Арген апасынын кесиби чын эле оор экенине ынанганбы же дагы бир олутту себеби чыкканбы, айтор сахнага кандай тез чыкса, ошондой тез кетти.
Ата нурлуу Айпери
Сакадай бою сары алтын куудул Кубик Калыковдун кызын ким тааныбайт. "Акуу болуп учкусу" келген Айперинин шоу дүйнөсүнө аралашканына аз эле убакыт болсо да жеке концертин бергенге үлгүрдү. Кыргызда "Соодагер даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт" деген жакшы сөз бар эмеспи. Айперинин азыркыдай атак-даңкка жетишине, популярдуу болушуна атасы чоң эмгек жумшаганы көрүнүп турат.
Айың ээрчиткен Айгерим
Сахнада Расул Маматкуловдун жанында чимирилип бийлеген кичинекей кыз эсиңиздеби? Азыр эми Айгерим мурункудай атасынын жанында бийлей албаса да өз арабасын өзү тартып чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшкөн кези. Азыр Айгерим Расул кызынын репертуарындагы ырлары ар бир экинчи уюлдук телефондо жаңырып келет. Ошол эле учурда Айгеримди президентке келин болот экен, белгисиз бай жигит колун сураптыр... деген ушак-айың сөздөр ырчы кыздын артынан калбай ээрчип жүрөт.
Акулованын "акуласы"
Башында Динара айым Гүлмира Рыспаеваны Нарындан алып келип таптап, чоң сахнага алып чыгып жакшы эле эмгеги сиңди эле. Эмнегедир акыркы жылдары Гүлмира Рыспаева таптакыр эле дайын-оту жок болуп кетти. "Бөрү баласы ит болбойт" дечү беле? Динара Акулованын ушул айтылган сөзгө көзү жеткениби, азыр өз кызы Малика Динаны сахнага чыгарды. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок да, көз ачып жумганча эле Малика да апасындай атактуу болуп, кыргыз шоу бизнесинин "акуласы" аталып калаар.
Алинадан Азеля ашып...
Ал эми көптан бери сахнаны багындырып келе жаткан Алина Жетигенова үй-бүлөсү менен шоу-бизнеске баш оту менен аралашты. Бири ырчы, бири бийчи...көлөкөдө өскөн уулу Азиз Жетигенов ырдап чыкканына бир топ жыл болсо да аты жакшы таанылбай "эт менен челдин" ортосунда жүргөнүн өзү деле таналбаса керек. Кызы Азеля болсо "Старденс" тобунда бийлеп, бийдин акесин таанытат. Эмнегедир акыркы күндөрү Алина Жетигенова өзү да сахнадан бир аз оолактай түштү.
Таланттан калган туяк
Кыргыздын белгилүү ырчысы Чубак Сатаевдин өзү жок болсо да ырлары жүрөгүбүздө сакталып келет. Буга ата жолун жолдоп, анын ырларын кайрадан жаңыртып ырдаган Кубаныч Сатаевдин салымы чоң. Башка ырчылардан Кубаныч ырларынын сөздөрүнүн мазмундуулугу менен айырмалана алат.
Азыркы кезде атасынын атын өчүрбөй келе жаткан ырчылардын катарын "60К" тобунун жигиттери Самат жана Талант Кадыровдор толуктайт. Топтун атын да атасы Алтымыш Кадыровдун урматына коюшканы белгилүү.
Бегайымдын мааниси "мамасында"
Мырзалар кыздарын сахнага алып чыгып жатса Манастан Чубак кем бекен дедиби айтор акыркы күндөрү куурчактай болгон ырчы айым Асел Турдалиеванын кызы Бегайым да ырдап чыкты. Ал тургай башкалар кыргызча ырдаса, Бегайым көпчүлүктөн айырмаланып орус тилиндеги ырларды созууда. "Аккан арыктан суу агат" демекчи, кичинекей кыздын ырдаганынан улам апасындагы таланттын уюткусу кызында да бар экени байкалат.
Аваз азамат
Ал эми Токтогулдун торгою Сыймык Бейшекеев тескерисинче бир убактарда өз баласы Азамат менен ырдап чыкса, азыр Аваз Акимовду колго алган кези. Азаматты азыр сахнага чыгарганга эрте дегенби же көпчүлүк айтып жүргөн кир-булганыч шоу-бизнеске баласын аралаштырганды туура көрбөдүбү айтор элдер жакшы эле Сыймыктын уулуна тамшанып баштаганда эле ошол бойдон ырдап чыккан жок. Азыр Аваздын таянган тоосу да бийик, ыргыткан ташы да жогору кулап турган кези.
Туурамчы Мажит
Дагы бир "мафия" Бөрүбаевдердин үй-бүлөсүндөгү куудулдар. Кабыл, Эрнис, Мажит Бөрүбаевдердин пародия, тамашаларына көппчүлүгүбүз күбө болуп жүрөбүз. "Мурунку чыккан кулактан кийинки чыккан мүйүз өтүптүр" болуп, атасы менен агасына караганда Мажит тың чыкчудай түрү бар. Болоор бала жашынан дегендей Мажит эки ыры менен өзүн кыйын сезип, жылдыз оорусуна чалдыккан ырчыларды катыра туурап, элдин боорун эзип келатыр...
А. ДҮШӨНАЛИЕВА




ШОУ ЫРГАК
Шакирова +Камбарата
Ырчы айым жумушчулар күнүнө карата экинчи майда Камбарата ГЭСине бекер концерт коюп келди. Өзүнүн ырчы, куудул инилери менен бирге Камбаратада иштеген жумушчулардын черин жазыптыр келиптир. Мурда Камбаратада ГЭС курулуп жатканын кулагы менен угуп жүрсө, эми көзү менен көрүп келген Роза Шакирова ушунчалык чоң ГЭС курулуп жатканына аябай таңданып турган кези.
Ошту ырдан көрөбүз
Сөзү, обону Ибрагим Жунусовга таандык "Кызыл алма" деген ырды Байыш Момунов ырдап жүрөт. Азыр ушул ырга Оштон клип тарттырууну пландаган Байыш өз туулган жерине сапар алды. Бир ок менен эки коёнду аткысы келген эргул клип тарттырып, анан эс алып да келет экен. Ал эми ырды болсо радиолорго клип тартылгандан кийин чогуу берем дейт.
Аиданын үнү оңолот
Атайын музыкалык билими жок болсо да талантына таянган Аида Кулуева эми вокалдан сабак ала баштады. Башка сахналаш ини-сиңдилерине үлгү болгусу келген го. Эми Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Рафаиль Сарлыковдун окуучусу. Колдон келсе талантыңды өстүрүп, жандуу үн менен ырдаганга эмне жетсин.
Күмөндөр
кайната болду
Калкка кеңири таанылган куудул Күмөндөр Абылов кайната болду. Уулу Авазга Нарындын Ат-Башысынан келинчек алып берди. Азыр Күмөндөр келининин колунан ысык чай ичип, телегейи тегиз болуп турган чагы.















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!