Жолбүгүн

Көнүмүш
Алым Токтомушев
Все, что в душе и судьбе наболело,
- Прывычное дело, прывычное дело
Анатолий Передреев "Баня Белова"


Өлкөдөгү саясый кырдаалдар ушу тапта эч кимди кызыктырбай, таңкалдырбай калды. Кубантпайт. Кайгыртпайт. Калктын калың катмары кайдыгерликке батты. Эсеби маселең, эмики бийлик атышып атат, сатышып атат, тытышып атат... эч кимдин иши жок. Көнүмүш. Бийликке ишеним нөлгө тете. Коомдук пикир "бийлик эмне кааласа, ошону жасайт, баары бир майнап чыкпайт" маанисинде мамилеге бекиди. Жеке бийлик режиминин жетеси ошондой: коомдук пикирди уруп койбойт, эл менен эсептешип убара болбойт. Коомдук пикир алар үчүн ошол режимди мактап, жактап, кол чаап, "бир добуштан" колдоп тургандар. Мисалы, Кыргызстан калктар ассамблея сыяктуу. Эл деген бийликке албан түркүн адамдар эмес, шайлоого барып, режимди колдоп добуш бере турган электорат гана...
Ошого жараша өлкөбүздө демократиянын шайлоо, референдум сыяктуу плебисцисттик институту ирип-чирип жок болуу алдында турат. Тагыраак айтканда, жок болгон, тек дүйнө коомчулугуна демократия жолунда бараткан өлкө өңдөнүп көрүнүү үчүн затын эмес, атын сактап турубуз. Анын ишпалдасын, албетте Акаев режими он жыл ичинде чыгарган. Бакиев бийлиги төрт жылда эле ичтен иритип жок кылды. Башкача айтканда, институт кыргыз сот системасы сыяктуу эле буйланган төөгө айланды.
Табигый сыпайыкерчилигиненби же үлкөн маданиятка аралашып калганына байланыштуубу, айтор ал "төөнү" Акаев бийлиги көмүскө-көмө "жетелечү". Бакиев бийлиги таламандын тал түшүндө такымга чаап айдаганы өлкө Конституциясын "ханституцияга" айланткан референдумда байкалган. Кийин президент "Акжол" партиясын арыдан-бери түзө салып, аларды бапыратып парламент шайлоосуна айдап түшкөндө ашынып кетти.
Жөнөкөй мисал. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алгачкы маалыматы жалган деп табылды. Эмне үчүн? Жер-жерлерден БШКга түз маалымат берчү автоматташтырылган шайлоо системасы (ГАС) бузук болгонуна байланыштуу. Бузук экендигин эмнеден билдик? Болгондо да шайлоо бүтүп, толук жыйынтыгы жарыяланар алдында. Анткени картаны ача коюшса, "Атамекен" социалисттик партиясы президенттин "Акжол" партиясынан алдаканча көп добушка ээ болуп кетиптир.
Эсиңизге түйө жүрүңүз: эгемен мамлекеттин демократиялуу шайлоосу аталымыш этип, өткөрүлүп келаткандан бери биринчи жолу шайлоо жыйынтыгы эсеп-кысабы, дайын-дареги менен элге ачык жарыяланган жок. Өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келаткан шайлоонун ГАС системасы "бузук телефон" деп табылды. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу айрым БШК мүчөлөрү комиссиянын көзкөрүнө бурмалаган жыйынтыгына каш кайтарып куугун-сүргүн көрдү.
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов ошондо эле "Агым" гезитине берген интервьюсунда орто эсеп менен минтип айтты: 2003-жылдагы референдумга, 2005-жылдагы ЖК, президент шайлоолоруна (Акаев бийлигинин "арааны" ачылып бараткан мезгил - А.Т.), 2006-жылдагы жергиликтүү кеңеш шайлоосуна (Бакиев такка жаңы конгон - А.Т.) БШК мүчөсү катышкам, бирок мындай басым-кысымды, куугун-сүргүндү көргөн эмесмин.
Шайлоонун жүрүшүндөгү жүздөгөн мыйзам бузуулар, бийлик ресурстарынын өкүмзордугун санабаганда Курманбек Салиевич бийликке келгени биринчи өткөргөн парламент шайлоосунун пейзажы ушундай.
Кыскасы, президент Бакиев эмнени эңсеп, эмнени эксе, ошону алды: интеллектуалдык деңгээли, кесиптик камылгадан кем-карч өз партиясынан парламент түздү. Анын басымдуу бөлүгүн Конституция жол бербегенине карабай, бай ишкерлер менен бизнесмендер ээледи. Курманбек Салиевич мамлекетти башкарган 4 жылда 4 депутаттын таламандын тал түшүндө атылып өлтүрүлүшү аркандай айың кептерди жаратты. Анын бири- "акжолчу" депутаттар арасында кримдүйнөгө кыйыр же түз катышы бар адамдардын арбындыгы.
"Көптүн көзү-көрөгөч" дейт, көрүп-билип турса да аны эч ким этектен кармап, далилдеп бералбайт. Карапайым калк, мага окшогон бирин-экин жазмакерлер тургай, алардын алдында тишине чейин куралданган мамлекеттин атайын кызматы да алсыз экендигин турмуш күн сайын, саат сайын айкындап атат. Анда эмненин негизинде божомол түзүп, бодурап атасың дээрсиз. Божомолду мен эмес, мамлекеттин күч органдары түзүүдө. Жаңылсам, кур моюнда, мен билгени маркум депутат Тыныч Акматбаевдин өлүмүнөн башкасынын башкы себебин күч органдары "криминалдык талаш-тартыш", "бизнес ишмердигине байланыштуу" маанисинде Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев "акжолчу" депутат Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу парламентте ошондой божомол айтты.
Экинчиден, парламент эле эмес, жалпы эле бийликтин криминалдашына объективдүү себеп көп. Азыркы бийликтин келишине, тагыраак айтканда, 2005-жылдын 24-мартында Акаев "тактан жылмышышына" кримдүйнөнүн салымы зор экендиги айтылып жүргөн, кийинки күндөрдө ападан ачык жазылып да атат. Баса, алыска качып артын караар замат Аскар Акавич да ошентип канкакшаган. Анын айтканын бир ооздон кайталаган аткаминерлер арбын.
Төңкөрүшкө ичинен катышпаган биз сыяктуулар адегенде Акаевдин аргасы кеткендеги актануусу катары караган. Бирок окуянын андан наркы оңуту анда акыйкат үлүшү арбындыгын айтып туруп алды. Кримдүйнөгө катышы бар же анын айланасында жүргөндөр мамлекеттин кызматтын жогорку баскычына жете баштады. Маркум кримавторитет Рыспек Акматбаев менен президент Курманбек Бакиевдин көптөгөн көздөрдүн алдында ачык соодалашышы, анын депутат болуп шайланып, табышмактуу өлүм күтүшү тыкыр изилдегендерге эбегейсиз көп жем таштайт. Ошолор сыяктуу эле бийликтен 24-марттагы "эмгек акысын" сурагандар "акжолчулар" арасында жолугушу ыктымалбы? Көйнөктүн акыркы бүчүгүн жулуп ыргытып кепил болалбасаң да ыктымалдыгына ынана турган себеп-жөн бар. Эсеби маселең, эсил кайран депутат Баяман Эркинбаев менен канкордун колунан кечээ каза тапкан Санжарбек Кадыралиевдин куралчан отряды 24-марттан кийин Оштогу "Алай" мейманканасы менен "Карасуу" базарын талашып, бири-бирине бир топ күн ок атышты деп эл оозунда айтылчу, жакында кайсы бир гезитке жарыяланды. Жаңы бийлик эки тараптын бирине да чара көрбөй жайына койгону эмнени айтат? Ошентип экөө тең өлдү. Эми, алар талашкан бизнестин чыныгы ээси ким деген дөдөмөл божомол жаралып атыр. Албетте ал качандыр бир ачыкка чыгаар...
(Уландысы бар)

Редакциядан:
"Агым" гезитинин башка агымынан жабрай жаздаган "Жол бүгүн" рубрикасын "Жаңырык Аптадан" "тирилтүүнү" туура таптык. Ага көптөгөн окурмандарыбыздын телефон аркылуу, көзмө-көз айткан сунуштары түрткү боду. "Агымдагы" калемдештерибиз чычалабас. Анткени "Жолбүгүн" Алыкенин автордук долбоору (рубрикасы) экендигин алар да жакшы билет, биз да жакшы билебиз. Ошентип ар апта сайын "Жолбүгүн".




Пикирофон
Болот Жанузаков, "КУТ" партиясынын лидери:
- Шайлоо адилет, таза, ачык-айкын өтсө деген элдин тилеги. Ошону менен да ушул тилектемин. Бирок тилекке каршы, бизде адилет өтпөйт го деп ойлойм. Эң эле кур дегенде таза өтөөрүнө ишенүү кыйын.
Марат Токоев, "Журналист" коомдук бирикмесинин жетекчиси:
- Кайсы гана өлкө болбосун таза шайлоо өткөзбөйт. Бардык нерсе шайлоодон чыгат да. Менин жеке пикиримде, алдыда боло турган шайлоо ачык-айкын болбойт. Ал үчүн эл өзү андайга даяр болушу керек экен.
Алманбет Шыкмаматов,
"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү:
- Азыр мыйзам бузулаарга жол берилип жатат. Петровкадагы окуяларды көрдүңөр. Эгер ушундай жол менен жүрүп отурсак, президенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй Кир, ыплас жолдор менен өтөт. Ошондуктан, таза жол менен өтөт деп кепилдик берүү азыр өтө эле эрте. Мен мисалы, таза өтөөрүнө дегеле ишенбейм.
Арфидин Аланов, Ош шаарынын вице-мэри:
- Таза өткөзбөшкө негиз жок. Акаев кезиндегидей шайлоолорго боёк сүртпөйбүз. Жетишкендиктер толтура. Экономика өнүгүп жатат. канчалаган курулуштар бүтүп, жашоочуларга берилди. Шайлоо ак-адилет өтөөрүнөн дегеле шек санабайм. Бул сапар ыпыластыктарга таптакыр жол бербейбиз.
Нурпазыл Атамбаев, "Акжол" фракциясынан ЖК депутаты:
- Албетте таза өтөт. Курманбек Салиевичтин көптөгөн жетишкендиги шайлоонун ачык-айкын, адилет өтүшүн шарттайт деп ойлойм. Карап көргүлө, Камбар Ата1-2 ГЭСтери Союз мезгилинен бери курулбай жаткан. Президентибиз жеке көзөмөлүнө алып, бүтүрүп жатат. Мындай ийгиликтер толтура да. Негизинен мен таза өтөөрүнө ишенем.
Алмаз Осмонов,
Алай районунун
акими:
- Эң эле жөнөкөй мисал, 2004-2005- жылдар менен 2009-жылдын ат менен төөдөй айырмасы бар да. Мектептерге берилген тамак-аштар, пенсия-пособие Жана айлык-акылардын көбөйүшү, өндүрүштүн өнүгүшү сыяктуу ийгиликтер элдин эсинде. Мурунку бийликке Караганда азыркы бийликте ат көтөргүс деңгээл бар. ошондуктан шайлоо ачык-айкын, адилет өтөт.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!