Кыйкырылник

Тамашаар
Ачык добуш берем!

Сөз сүйлөйм!

Бир күнү майгөт көпкө ойлонуп отуруп, Бириккен Улуттар Уюмуна ачуу арызын жазат:
"Мен, адам баласынын ызага батып, абдан кор болгон жери, төмөндө көрсөтүлгөн маселелер боюнча өз көзкарашымды кескин билдирем:
1. Эмне үчүн мен эл сыяктуу жарык дүйнөнү кыдырып көралбайм?
2. Эмне үчүн мен коомдук жайларда, референдум-шайлоолордо өз үнүмдү кошуп, добушумду ачык чыгаралбайм?
3. Эмне үчүн мен басма сөз жаңылыктарын элдин эң артында, эскиргенде, айрылганда алам?
4. Эмне үчүн мени бүтүндү бүлдүрүп, түндүк-түштүккө бөлүнөсүң деп жектеп, жаман көрүшөт?
5. Эмне үчүн мен "Басыледний геморрой" деген даректүү фильм тартайын десем, өкмөт акча бербей, кайра өзүмдү шылдыңдап күлөт?
6. Акырында айтарым, акыркы ыштанымды сатсам да Африкага кетем! Ал жакта мендейлер көчөдө ачык эле басып жүрүшөт! Баарын ачкыла! Чегараны ачкыла! Виза ачкыла! Жашасын Африка!!!


* Жең ичине "Жерүй" кенен батат
* "Кой оозунан чөп албаган коррупционер" наамың кут болсун!
* Бөлөк элде Акаев болгуча, өз элиңде Бакиев бол
* Банан республикада бир маймылды бир маймыл алмаштырат.
* Көп суур көчүк жактан көр казат
* Алты катынды күлдүрө албаган тамада эл артиси болуптур
* Бет калың болсо, Улуу шамалга каршы ушата бер
* Тишиңдин түбү бош болсо, боткону болушунча чал!
* Артыңда очурет пайда болсо, карыганың ошо, карышкыр!
* Коркпо, коррупционер - оокат элдики болгон менен ооз сеники!
* Таш-жолду чанган тас-жолго туш болот
* Кашмыйзам менен башмыйзамдын үзүрүн Үй-бүлө көрүп жатат.


Данек-доттор

Экөөнүн сөзүнөн:
- "Мерседесиңе" жаңы айнек салдырдыңбы?
- Ооба. Көзүм жакшы көрбөйт эмеспи, айла жок, машинеме көзайнектин минус экинчисин койдурдум.
***
Жигит:
- Акбозат минген ханзаада качан келет деп күтүп аттың беле?
Кыз:
- Ооба, күткөнүм күткөн.
- Мына, мен келдим анда!
- Апеей бетим, канзаадасы кайда анан?
***
Жаңы кыргыз Тундрада жашаган досуна конокко барат. Эшик суук. Үфүлөп үйүнө кирип барса, үстөлдүн астында чычкан жайнап жүрөт дейт.
- Үйүңө чычкан толуп кеткен го?-дейт кыргыз.
- Булар чычкан эмес, тон кийген таракандар,-дептир үй ээси былк этпей.
***
Мугалим:
- Эң акыркы болуп кайсы тиштер чыгат?
Окуучу:
- Кийме тиштер чыгат.
***
Сот жүрүп атат:
- Айыпкер, туруңуз,-дейт сот, - бул бечара кемпир силерге таттуу нан берсе, кайра таш менен башын жара урганыңар эмне?!
- Ал таш эмес эле, ушул кемпир берген "таттуу" нандын өзү болчу...
***
Эки курт жаңы түшкөн жампага отурукташып атышат. Бири атасы, экинчиси баласы.
Баласы сурайт дейт:
- Ата, алмада жашаган жакшыбы?
Атасы:
- Жакшы!
- Алмурутта жашаганчы?
- Сонун да!
- Шабдаалыда жашаганчы?
- Шабдаалы деген бейиштин эле өзү!!!
- Анда эмне биз пок жеп жүрөбүз мында?
- Ээ, балам, бизде Атажурт деген түшүнүк бар, садагасы...















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!