Кыргыз гезиттер

 
Акылбек УСУПБАЕВ, медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын башкы урологу:
"Урологиялык борборго улуттук статус берүү зарыл"
- Алгач урологиялык оорууларга мүнөздөмө берсеңиз?
- Бөйрөк, заара түтүкчөлөрү, табарсык, жыныс органдарынын оорууларын урология илими изилдейт. Бул ооруулар ар кандай формада балдарда да, чоңдордо да, аялдарда да, кыздарда да болот. Өлкөбүздө жүрөк кан тамыр жана өпкө ооруларынан кийин эле бөйрөк, табарсык, жыныс органдарынын ооруулары 3-орунга чыгып барган сайын көбөйүп да баратат. 10 жылдан бери "Мырзалардын жумалыгы" акциясын бекер өткөрүп келе жатабыз. Текшерген 17 миңден ашык кишинин көпчүлүгүнүн простата бези сезгенген. Аны убагында дарылабаса күчөп шишип, ракка айланып кетет. Эркектерде бөйрөктүн жана простата бездеринин таштары да көп кездешет.
- Бизде урологиялык оорууларды дарылоо жагдайы кандай?
- Урологиялык оорууларды дарылоодо өлкөбүздө сезилээрлик жылыштар болууда. Бул жаңы имаратыбыздын Кытай грантына курулганына апрелде эки жыл толот. Бул жерде жакшы шарттар түзүлгөн. Кытайлар заманбап медициналык жабдууларды - наркоз, лапароскопия, эндоскопия, лазер аппараттарын берди. Лапароскопия менен ооруган жерди кеспей тешип операция жасоого, эндоскопия менен табарсыктын рак ооруларын, простата бездерин кеспей туруп эле алып коюуга, лазер менен таштардын 70 пайызын операциясыз эле талкалоого мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Оорулууларды пландуу түрдө да, тез жардам түрүндө да күнү- түнү кабыл алабыз. Тез жардам боюнча күнүнө 30- 40, пландуу түрдө 100дөй киши кайрылат.
- Урологиялык оорулардын кайсы түрлөрү менен көп кайрылышат?
- Бөйрөк, табарсык, жыныс органдарынан сезгенүү көп кездешип жатат. Себеби, инфекциялар көбөйүп, антибиотиктер жардам бербей турган инфекциялар да пайда болду. Простата безинин аденомасы деп коёт, заара чыкпай, туттугуп калып кыйналып келгендер көп.Урук безинен чыккан венанын кеңейип кетишинен келгендер да бир топ. Аларды операция кылганга туура келет. Бөйрөк, табарсык, жыныс органдарынан ракка чалдыккандар да аз эмес.
- Эмне себептен көбөйүп жатат деп ойлойсуз?
- Союз убагындагыдай диспансердик учётко алуу жок. Кыргыздар ооруусу күчөп кеткенде кайрылышат, алдын алып дарыланып турууну, профилактиканы ойлошпойт.
- "Мырзалардын жумалыгын" быйыл да өткөрөсүздөрбү?
- Быйыл шартыбызга жараша карап көрөбүз. Кабыл алчу жерибиз тар болуп турат. 10 жылдын ичинде 17миң "адамды "элге жардам болсун" - деп, бекер анализин алып, УЗИден өткөрүп текшердик. Ал үчүн биз Өкмөттөн бир тыйын да алганыбыз жок. Өзүбүздүн демилгебиз менен гана иштедик.
- Медиктердин айлыгы канча?
- Медиктер 8 миң сом айлык менен иштешет. Муну менен Өкмөт өзү аларды коррупцияга түртүп жатат. Алыскы аймактарга барышпайт. Себеби айлыгы аз, материалдык колдоо жок. Айыл өкмөттөрү деле медиктердин иштөөсүнө жакшы шарт түзүп берип койсо болорун Чүйдүн четиндеги "Мраморное" айылынан байкадым. Медиктерге баардык шарты менен коттедж сыяктуу үй салып бериптир. Ал жакка жаштар барып иштеп жатат.
- Өкмөттүн колунан келбесе, бюджетте акча жок болсо, айыл өкмөттөрүн милдеттендирип койсо болот да?
- Болот. Бирок жасабай жатышпайбы.
- Урологиялык борборго Улуттук статус берүүнү бир топ жылдан бери демилгелеп, аракет кылып келе жатасыз. Натыйжа чыкчудайбы?
- Өзүнчө илимий урологиялык борбор болуп калса элибизге жакшы болмок. Азыр Улуттук госпиталдан курамындабыз. Улуттук госпиталдын баарына көңүл бурганга чамасы жетпейт. Башка профилдер толтура. Башкаруу системасы да башкача да. Эми кыргыздар качан оңолобуз, билбейм. Бирдеме десең эле, "материалдык камсыздоо жок" дешет. Биз "өзүбүздү өзүбүз эле камсыздамакпыз" деп деле айттык. Улуттук илимий борбор өзүнчө болсо, инвестиция тартууга да жеңил болмок. Кадр маселесинде туура чечим кабыл алуу шартталмак. Акы төлөп дарылануу бөлүмдөрү ачылмак.
- Заара таштарынан жапа чеккендер да көп экен?
- Кыргызстандын элинин 6 пайызында заара таштарынын болушу - түйшөлтө турган көрүнүш. Түштүк аймакта бул ооруу өтө көп кездешет. Себеби, таза суунун тартыштыгы, климаттын ысыктыгы, элдин турмуш- тиричилигинин төмөндүгү бөйрөк, заара таштарынын топтолушуна алып келет. Простата безинин сезгениши көбүнчө урогениталдык инфекциялардан болот. Өз алдыбызча мамлекет болгондон бери бизде сексуалдык революция болуп кетпедиби. Натыйжада, жыныстык жактан тараган ооруулар (урогениталдык инфекциялар) көбөйүп, сасык тумоодон да ашып кетти. СПИД, сифилис, гонорея жана башка ооруулардын көбөйүп кетиши кооптонто турган көрүнүш. Мындай ооруулар эркектен аялга, аялдан эркекке жыныстык катнаш аркылуу, ал эми энеден балага кан жана сүт аркылуу жуккандыгы менен өтө опурталдуу. Мына ушундан улам энелердин, балдардын өлүмү көбөйүп кетти. Анын алдын алуу үчүн саламаттыкты сактоо тармагына миллиондогон акчалар бөлүнүп жатат. Бирок жыйынтык жок. Мунун баары экономикалык, социалдык, нравалык меселелерге келип такалат. Жыныстык ооруулардан сактана билүү керек. Кокус жуктуруп алса, өз алдынча дарыланууга болбойт. Кечиктирбей атайын адис врачка гана кайрылуу зарыл. Элебей жүрө бергендиктин айынан ооруу өтүшүп кетип, бир топ адамдарды тукумсуздукка алып келүүдө. Мурда "тукумсуздукка аялдар себепчи" - делип айтылып келген болсо, азыр 40 пайыз эркектер күнөөлүү экендиги аныкталып отурат. Мунун баары кыргыз элинин генефонуна таасир этет. Ошондуктан бул медиктердин гана жумушу эмес, бүтүндөй мамлекет көңүл бурушу керек. Кыргызстанда инсульт, инфарк ооруулары көбөйүп жатканынын бирден - бир себеби да - эркектердин арасында простата безинин сезгениши. Ал жыныстык алсыздыкка алып келет. Заарасы жакшы чыкпай кыйналып, түнкүсүн кайра- кайра ойгонуп, уктабай, төшөк менен даараткананын ортосунда жүрүп, кан басымы көтөрүлүп, башы ооруп, нерви чыңалып отуруп инсультка, инфаркка кабылат. Ал эми жыныстык алсыздыкка кабылган жаштар көңүлү чөгүп отуруп психологиясы бузулуп, өзүн- өзү майып кылып, асынып алып жатпайбы.
- Бөйрөгү жарабай калгандарга кандай жардам бересиздер?
- Бөйрөгү иштебей калып, жасалма бөйрөк - гемодиализдик аппарат койдуруп, кан тазалатып жан сактагандар көбөйүп жатат. Биздин Урология борборунун неврология бөлүмүндө жасалма бөйрөк катары коюлган аппараттарыбыз бар. Бир жумада эки- үч мертебе келишип канын тазалатышып, ушуну менен гана жашап жаткандар бир топ. Ал эми бөйрөктү алмаштырууга бизде мүмкүнчүлүк жок. Дегеле бөйрөгү иштен чыккан оорулуулардын баарын мамлекет өзүнүн камкордугуна алыш керек. Болбосо канын тазалатууга үлгүрө алышпай өлүп калгандар канча. Жарандарыбыз башка мамлекеттерге барып бөйрөк алмаштырып келип жатышат. Бирок алмаштыргандан кийин дагы ошол жасалма бөйрөк токтоп калбаш үчүн дарыларды, гормондорду ичиш керек. Аларга айына 500-600 доллар кетет. Аны сатып алганга биздин жарандардын чамасы жок да. Айласы кеткендер Россияга, Казакстанга жана башка мамлекеттерге көчүп кетишип, ошол жактын жарандыгын алып, ошол мамлекеттин эсебинен жашоого аргасыз болуп жатат. Бул абдан чоң көйгөй. Муну Өкмөт алигиче чече элек.
- Гемодиализге түшүнүк берсеңиз?
- Гемодиализ - бул кан тазалоо. Эки бөйрөгү тең иштебей калганда кан тазаланбай, адам өлүп калат. Ошон үчүн бөйрөктүн ордуна жасалма бөйрөк - гемодиализдик аппарат коюлат. Гемодиализге жаткан оорулууга бир жылда мамлекет 400 миң сом сарптайт. Ал эми канчалаган адамдын өмүрүн сакташ керек болуп жатпайбы. Ошон үчүн эки бөйрөгүн алмаштырып койсок, арзан түшөт - 500 доллар. Кандай гана болбосун адамдардын өмүрү сакталыш керек.
Дайырбек Мейманов, "Алиби",
m_daiyr@mail.ru






  п»ї





??.??