Кыргыз гезиттер

 
Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!
Жаздын келиши менен түрк тилдүү өлкөлөрдө Нооруз майрамы белгиленет. Бул күнү алар сүмөлөк бышырышат, ал эми сүмөлөк болжол менен мындан эки миң жыл илгери пайда болгон. Түрк тилдүү элдер сүмөлөктү ыйык тамак катары эсептешкен.
Сүмөлөктүн пайда болуу тарыхы жөнүндө ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Алардын бири төмөндөгүдөй: Бир жесир аял ачарчылык мезгилинде балдарынын курсагын тойгузуунун эч айласын таппай, очокко от жагып, казанга суу куюп, акыркы бир ууч буудайын салып, бетин жаап алып аралаштыра берет. Балдары "апа курсагыбыз ачты" - десе азыр тамак бышат деп алдайт. Ошентип отуруп, балдары уктап калат. Эртең менен турушса, казанда бир белгисиз коюу тамак пайда болуп калыптыр. Баягы эне ошол тамакты балдарына жегизип өлүмдөн алып калат. Баягы тамакты "көпкө жетсин" - деген эне балдарына "чыпалагыңар менен жегиле" - деген экен. "Ошондон улам сүмөлөк пайда болгон, аны чыпалак менен жейт" - деп айтылат. Ал эми убакыттын өтүшү менен сүмөлөктүн курамы өзгөрүп, ар түрдүү таттуулар кошулуп жатат.
Ата бабаларыбыз сүмөлөктү жасап, ошол күнү тилек тиленип, Нооруз өткөн соң жерге дан сээп келишкен. Мурун сүмөлөк эч жерде сатылчу эмес, азыр болсо базарда сатылып жатат. Бул бир чети улуттук тамагыбызга басым жасап, аны сатып жегенибиз жакшы болсо, бир жагынан өкүнүчтүү.
Учурда базар араласаң сүмөлөк саткан кишиден баш адашат. Алардын сүмөлөгүнүн ден-соолукка канчалык деңгээлде пайда-зыяны бар экенин эч ким көзөмөлдөбөйт. Ал эми "Сүмөлөк улуттук тамак-аш" деп аталган, жакында эле түптөлгөн жеке ишкананын жасаган сүмөлөгү "ар тараптан талапка жооп берет" - деп угуп, бул мекеменин кызматкери менен маектештик:


  п»ї





??.??